Кайран өлкө

Гезиттер парламенттин калк алдындагы кадыры, мыйзамды карманган соттордун өздөрүнүн мыйзамсыздыгы, Бажы биримдиги жана башкалар тууралуу жазып чыкты.
“Бакиев бийлигинин кетишине жана кийинки бийликтин орноп, турукташуусуна президент Роза Отунбаеванын салымы кыйла чоң. Кокус Отунбаевадан башкасы өлкө башында болгондо абалыбыз аябагандай оордойт болучу. Текебаев же башка бирөөлөр келгенде адаттагыдай эле “кочкорлордун башы бир казанда кайнамагы” кыйын болмок. Анын үстүнө Отунбаеваны чет өлкөдө да жакшы билет жана анын кадыр-баркы менен деңгээли калган саясатчылардыкынан алда канча жогору. Бул эч ким таналгыс чындык” деп жазган “Фабула” гезитинин баяндамачысы Баратбай Аракеев саясаттын саткын жактарын иренжүү менен сөз кылып: “Ушуга чейин баскан жолун булгап алган Туйгуналы Абдраимов менен Ишенбай Кадырбековдун Борбордук шайлоо комиссиясына шайланышы эле мамлекетибиздеги “ыплас турмушту” айкындап турат. Кайсыл жакты карабагын мыйзамдын шору кайнап, тебеленип-тепселүүдө. Жыргалын бийлиги менен байлыгы барлар көрүп, азабын баягы эле карапайым эл тартып жатат” деп жазды.

“Кыргызконцепт” компаниясынын жетекчиси Эмил Үмөталиев “Баалар көтөрүлүп, Казакстан менен Россиядагыдай абал түзүлүшү мүмкүн” деген ат менен маек куруп, Бажы биримдигиндеги Россия менен Казакстан баары бир дүркүрөп өнүгө албай келатканын, ал эми дүркүрөп өнүгүп жаткан Кытай өлкөсү бажы союзунун эмес, Дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү экенин, кокус бажы союзуна кирип кетсек, бизге сырттан келип жаткан буюмдардын баары кымбат баа менен келип, дагы кымбаттоо маселеси пайда болорун айтты.

“Алиби” гезити Акмат Асановдун “Чуулгандуу сессия” деген макаласын окурмандарга тартуулады.

Ушул эле санга Жаза аткаруу башкы башкармалыгынын башчысы Шейшенбек Байзаковдун “Мага 50 миң доллар берсең, генералдык наам беребиз” дешкенде сөгүп басып кеткенин, кызмат жолундагы ишмердүүлүгүн сөз кылып, азыркы Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүчү бөлүмдү убагында өзү түзгөнүн, А. Батукаев, Р. Акматбаев, Лимонти жана Баха деген кримавторитеттерге эч ким даа албай жүргөн кезде аларды биринчилерден болуп өзү кармап, темир торго тыккан кезин эскерди.

“Алиби” гезити “Сотторду “соодалаганы” жатышат” деген макала басып, сотторду реформалоого байланыштуу парламенттик жыйында “Ата Мекен” фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаев миллиондогон акчалардын тагдырын чечкен соттордун айлыгын дагы көтөрүү керек деген маселе койгонун, бирок Текебаевдин бул айтканы жүйөсү жок кепке окшоп турганын, анткени соттордун маянасы буга дейре канча жогорулаган менен маңызы баягы ошол эле бойдон, өзгөрүүсүз калып келатканын, маселен кышка карата согумунан бери камдап, майрам сайын, квартал сайын акчалай сыйлык менен сыйлап, отпуске сайын бир эмес, эки айлык койдуртуп келген Чолпон Баекованын Конституциялык Соту мамлекеттен, демек элден жалыйна жеген менен, Акаев менен Бакиевге, алардын катын-калачтары менен бала-бакыра, неберелери үчүн гана кызмат кылганын далилге тартып, соттордун айлыгын оң миң АКШ доллары кылсаң да мурдагыдай эле жей берерин, кептин баары соттордун оозу-мурдунан чыкканча берип жаткан өзүбүздө экенин белгиледи.

Журналист Болотбек Таштаналиев Жогорку Кеңештин калк алдындагы кадыры тууралуу сөз козгогон макаласында парламенттик башкаруунун Кыргызстандагы ишмердигин сынга алып, “эгер ушул жол менен кете берсек, анда парламенттик эмес, бандиттик, криминалдык жана ашкере коррупциялашкан, анархияга белчесинен баткан, мыйзам менен эмес муштум менен башкарган өлкөгө айланарыбызды билдирүү менен парламентте Башмыйзамдын автору болгон Текебаев өзү мойнуна алгандай өлкөдөгү эң башкы криминалдын “кошолегу” парламентте олтурганын, ошону менен бирге эле парламентте кечээги “акжолчулар”, “алга кыргызстанчылар”- Акаев менен бакиевчилер, Хизб-ут Тахрир уюмуна тиешеси бар делген адамдар, Манас атабызды бандит деп атагандар, Башмыйзамда дин мамлекеттен ажыратылган деп жазылып турганына карабастан парламентке намазкана ачып алгандар жана башка ушул сыяктуулар олтурганына жаны кейиди.

“Кыргыз туусу” гезити “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров менен Бажы союзуна кирүү маселесинин дурус жана буруш жактарын баяндаган маегине орун берди.

Бажы союзуна кирсек, соода-сатык маселелердин өзөгү бая илгеркидей Маскөөдөн гана чечилип каларын, демек бажы биримдигине кирүү менен Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн бир бөлүгүнөн ажырарын, анткени өлкөнүн дүң продукциясынын салымы берки өлкөлөрдүкүнө салыштырмалуу 3 пайызга да жетпестигин, демек маселе чечүүдө чиркейдин үнүнчөлүк да үнү угулбай каларын, Кыргызстандын үлүшү аз болгондуктан добушу да аз болорун, ошого байланыштуу экономикалык өз алдынча саясат жүргүзө албай каларын, бажы биримдиги баарын теңдик менен чече турган калыстыктын үлгүсү эместигин, ар бир мамлекет өз кызыкчылыгын гана ойлоорун, эгер Эркеч-Там менен Торугарт бажы бекеттери жабылып калчу болсо, Кытайдын товарлары бизге келүүсүн токтотуп, Россиянын чек ара шаарлары аркылуу ташыларын, мындан Россия гана утаарын, арзанчылык орус тарапка ооп кетерин, ошондуктан президенттик шайлоо келе жатканда Россиянын эле оозун карап чечим кабыл алуудан сак болуу керектигин кыргыз өкмөтүнө дагы бир жолу эскертерин билдирди депутат Акылбек Жапаров.

Аталган гезиттен ошону менен бирге “Баш акыл үчүн, байкоочу кеңеш коом үчүн” деген, академик Жамин Акималиевдин “Айыл чарбасы өнүкпөсө, өлкө өйдөлөбөйт” деген, Аравандык ардагер экономист Абдраим Мырзаевдин “Коррупция менен кимдир-бирөө күрөшүш керек” деген, Рахат Ашырматованын “Милициялар менен уурулар биргеби?” деген макалаларын окууга болот.

“Фабула” гезити акыркы кездери кыргыз кыздары тирүүлөй товарга айланып баратканын, ар бир ай сайын бирден кыз Түштүк Кореяга турмуш куруу үчүн жөнөп турарын маалымдап, Бишкекте ушундай агенттик иштээрин, кокус Кореядагы жигитке кыргыздын бир кызы жагып кала турган болсо, бул жакта ЗАГС аркылуу никеге катталарын, 30 адамга ылайыкталган үйлөнүү үлпөтү өткөзүлөрүн, анан корей жигит мекенине кетип, акча салып турарын, арадан 4 ай өткөнчө кыргыз кызы корей тилин үйрөнүшү керектигин, анан тил үйрөнүп, биротоло корей күйөөсүнүн Ата Мекенине кетерин, кокус кыйынчылыкка чыдабай кыз Кыргызстанга качып кетүүгө аргасыз болсо 10 миң доллар айып төлөрүн жазган макаланы сунуш кылды.