Кызыл кыргыз талашы

Бүгүнкү баяндамабыз кыргыз тилдүү “Кыргыз туусу”, “Фабула” жана “Алиби” гезиттериндеги жарык көргөн макалалар аркылуу болду.
“Кыргыз туусу” гезитинин бүгүнкү санына белгилүү журналист Эсенбай Нурушевдин “Саясий шаманизм” деген макаласы жарык көрүп, автор Саякбай Каралаевдин “Манасындагы” айкөлдүн туусу “айчыгы алтын кызыл туу” болгондугун манасчынын айткандары аркылуу ырастап, андан барып көк туунун чатагына токтолуп, эгер тарыхый документтерге кайрылсак, кыргыздын туусу ар кайсы доордо ар башка түстө болгондугун баяндады.

Маселен Сунь династиясы маалындагы кыргыз ордосунун туусунун төмөнкү бөлүгү чымкый кызыл болсо, мусулман булактарында кыргыздын туусу жашыл, ал эми дагы бир документте ак экендиги жазылып калган.

Эсенбай Нурушев түстөрдүн атрибутикасы боюнча да адистер арасында бир беткей пикирлер жоктугуна, айрым божомолдорго ылайык, байыркы түрктөр Чыгышты – көк, Батышты – сары, Түштүктү – кызыл, Түндүктү – кара түс менен белгилеп келгенине, кыргыз өзү да тарыхта “кызыл кыргыз” деп аталганына, айтылуу тарыхчы Белек Солтоноев да өз эмгегин “Кызыл кыргыз тарыхы” деп атаганына токтолгон.

Журналист андан ары кыргыз бул жарыкчылык дүйнөдөгү болумуштун турпаты кандай болсо дал ошондой кабыл алып келген реалист эл болгонун, атүгүл кара түстөн да жакшы жышаан көргөнгө умтулганын, көк да, кызыл да, ак да кыргызга бирдей жарашарын, андыктан көк түстүү болгондо эле кыргыз көктөп, көкөлөп, кызыл туулуу болгондо эле сайы кургап, сапары карып, ооматы тартыла баштаганы тууралуу же документ, же уламыш түрүндө да тарых менен эл оозунда эч нерсе жоктугун, кала берсе Күн чыгыш тарыхында көк түстү жалаң жакшылыктын, кызыл түстү жалаң жамандыктын жышааны катары караган шамандар да болбогонун, тек азыркы айрым депутаттарга, акын-жазуучуларга жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрүнө гана бул эки түс аян болуп көрүнүп жатканын жазды.

Гезит кабарчысы Нарынкүл Назаралиеванын “Каргашалуу июнь, артта калган бир жыл” аттуу макаласы Жалал-Абад боюнча жасалган иш-аракеттер жагдайын кепке алды.

“Алиби” гезити Бек Мамашовдун мектеп рэкетчилигинин аягы кылмыштуулукка барып байланарын баяндаган макаласына окурман көңүлүн бурду. Мектеп жетекчилиги мектеп рэкети менен күрөшүүдө алсыз болуп жатканы анын артында такай коргоп ала турган, жөлөп-таяп, шыктантып турган уюшкан кылмыш дүйнөсү турганын, ар бир мектепте бүгүн өзүнүн “смотрящийи” дегени барын, ал окуучуларга салык салынган-салынбаганын көзөмөлдөп турарын, салык төлөбөгөндөр “талкууга” чакыртылып, катуу “сындырылган” окуучу 5 миңден 15 миң сомго чейин төлөрүн, ошентип мектептин ичиндеги бул балакеттин баарын мектептин сыртында турган кылмыш дүйнөсү башкарарын, мектеп рэкети бүгүн Кыргызстандын коопсуздугуна коркунуч келтирип жаткандардын бир канатын чоюп келатканын шардана кылды.

Баяндамачы Папан Дүйшөнбаев макаласын “Диний экстремисттик коркунучтар артып баратат” деп атап, республиканын түштүгүндө 2005-жылдын 12-13-майындагы Анжиян окуяларынын келип чыгуусуна себепкер болгон “акромийлердин” өзгөчө жандана баштагандыгын, алардын катары студенттер, мектеп окуучулары, кыз-келиндер менен толукталып, даваттык иш-аракеттердин, Борбор Азияда ислам мамлекетин куруу идеяларынын кеңири жайылтылып жаткандыгын, бул аз келгенсип, жарандык коомдун бейөкмөттүк уюм дегендердин сезилерлик бөлүгү дал ушул экстремисттердин укугун коргоочуларга айланып, алар менен биротоло жуурулушуп кеткенин, бул акыры жакшылыкка алып келбестигин, Орусияда адегенде крокодилди ваннасында багып, чоңойтуп алып, эми эмне кылар айласын таппай аткан жаңы орустун абалында турганыбызды жазды.

“Алиби” гезити Жаш саясатчылар союзунун төрагасы Мавлян Аскарбековдун маегин жарыя кылды.

Анын оюнча, кыргыз мамлекетин өкмөттүк эмес уюмдар ичтен бөлүп-жарып атат. Аскарбеков аны менен бирге эле ызы-чуулуу биолабораториянын курулушуна каршы, анткени бул багытта илимий-изилдөө салаасында Кыргыз мамлекети эч качан алдыга озуп кете албайт, ушул шылтоону бетке кармагандар элди жөн эле адаштырып жатат. Анткени өнүккөн өлкөлөрдө бир эле биолабораториянын бюджети биздин мамлекеттин бюджетинен бир канча эсеге чоң. Ал өлкөлөрдө илимий изилдөөлөргө миллиарддаган акча сарпталат. Кыргызстанда андай акча да, аны финансылай турган мүмкүнчүлүк да жок.

“Фабула”
гезитине жазган журналист Баратбай Аракеев шайлоо күнү жарыя боло электе эле президент болчумун дегендердин аракети күч алганын кеп кылып келип, соттордун ишине ичи чыкпай жатканын, маселен милийсалар жанын оозуна тиштеп жүрүп кармап келген кылмышкерди сот айоосуз жазалоонун ордуна жазаламыш этип коюп келатканын, бийликтин мажүрөөлүгүн, бийлик чындап эле бар экени чын болсо, мына ушул өңдүү соттордон эки-үчөөнү жалпы журтка салып туруп, сазайын колуна бергенде гана соттор кекиртектерин тыймагын эстетти.

Аталган гезит ошондой эле бүгүнкү санына “губернаторлук креслосу кыйшая баштаган Бектур Асановду атамекенчилер “Кыргызнефтегазга” отургузууга катуу кам көрүп атканын уктук” деп,

“Кыргызстандагы эң кирешелүү тармакты башкарып аткан Бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматов да Бабановду туурап, кызматын убактылуу өткөрүп берди, балким Кулматов ошону менен биротоло отпускеге кетиши мүмкүн, анткени депутаттык комиссия анын 2008-жылдын 30-апрелинде Орусия жарандыгын алгандыгын тактап чыкты” деп,

“Ушу тапта Текебаев Боршайкомдун жаңы курамын бекитүүгө жан үрөп, анын төрагалыгына өзүнүн ишенимдүү кишиси Ишенбай Кадырбековду алып баруу үчүн катуу иштеп жатат” деп,

“Келерки жумада “Добулбас” аттуу жаңы гезит жарыкка чыга баштайт, башкы редактору белгилүү журналист Семетей Талас уулу” деп,

“Былтыркы июнь коогалаңын уюштурганга көмөк көрсөткөн деп, анда-санда аты атала калып жүргөн орусиялык атактуу көпөс, миллиардер Алишер Усманов маалымат булактарынын бирине: “Мен кыргыз бир туугандарымды аябай жакшы көрөм. Кыргыздар менен өзбектер бир тууганча жашаганга эрки жетет деп ойлойм. Мени каралап аткандар чагымчылар, акмактар. Ушундай ушакты жазган бир интернет булагы менден кечирим сурады” деп кабар таратты.

“Фабуланын” жаңы санына Жанкороз Эсенгелдиевдин “Бабанов акыры акталды” деген макаласы тартууланды.

Маселен “Манас” атын алып жүргөн май ташуучу борборду Өмүрбек Бабанов үй-бүлөлүк бизнес борборуна айланткан деген “жоромолду” барандуу саясатчылардын башында турган Өмүрбек Текебаев таратканын, кадимки тирүү пенделердей эле Текебаев дагы кези-кези келгенде “беш өрдөгүн” учуруп койорун комиссия тактап чыкканын, айтор эми коюлган күнөөлөрдөн таза чыккан Бабанов белди бекем бууп, Кыргызстандын келечеги үчүн эмгектенүүгө милдеттүүлүгүн, андан башка аргасы да жоктугун жазды.

Ушул эле гезит белгилүү адабиятчы, айтылуу сынчы Камбаралы Бобулов көзү тирүү болгондо 75 жашка чыкмагын белгилеп, жазуучу тууралуу замандаштарынын айткан ойлорун ортого салды.