Кыргызстандын мыйзамы кандай?

Бүгүн жарык көргөн гезиттер өлкө турмушундагы окуялардын баарынан маалымат берүүгө аракет кылды.
Күтүүсүз келген ажалдан каза тапкан кыргыздын дагы бир мыкты уулу Мухтар Өмүракунов менен коштошуу ушул учурда Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында өтүүдө, аза күтүү зыйнаты аяктары менен маркумдун сөөгү өзү туулуп өскөн Ат-Башыга жеткирилет.

Мухтар бирөөгө дос, бирөөгө ага, бирөөгө ини болуп, аз жашаса да саз жашаган, баарына өзүнүн таман акы, маңдай тери, карандай эмгеги менен жеткен, Кудай таала ыйманды да, ырыскыны да мол берген, маңдайы жарык жан эле.

Кыргыздын чыгаан уулу Мухтар Өмүракуновдун ата-энесине, үй-бүлөсүнө, тууган-туушкандарына жана бардык жакындарына “Азаттыктын” бүтүндөй жамаатынын атынан терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун, Мухтар! Кош боорум!

Бүгүн жарык көргөн гезиттердин баары Мухтардын күтүүсүз ажалы тууралуу жазып, көңүл айтуу менен чыкты.

“Учур” гезити Айдын Темиров аттуу автордун “Көөлөгөн сайын агарган Бабанов” деген макаласын басты. Анда Өмүрбек Бабановдун өз күчү менен ишкерлик аркылуу бүгүнкү даражага чейин өсүп жеткени жөнүндө сөз болот.

Жогорку Кеңештин депутаты Марат Султанов “Учур” гезитине берген маегин “Мен “Ата Журтка” эң көп добуш алып бергем” деп атап, жакында эле короосуна ыргытылган граната тууралуу кеп кылып, аны граната деген эмне экенин түшүнгөн, билген профессионалдар ыргытканын, ошондуктан муну психологиялык басым кылыш үчүн жасалганын белгиледи.

Атасы алайлык, апасы чүйлүк, жубайы таластык Марат Султанов өзү Ошто өсүп-чоңойгонун, өлкө жарандары кайсы жерден бөлүнсө ошол жерде трагедия, азап-тозок болоруна, андыктан өлкөнүн түндүк-түштүк болуп бөлүнүшү туура эместигине, эгер материалдык-техникалык жакшы база түзүлүп, ишенимдүү команда болсо президенттик шайлоого барарына, азыр ошол ой-максаттын үстүндө иштеп жатканына токтолду.

Марат Султанов парламенттик системанын жакшы жактарынын бири катары, кичине эле бир нерсе болсо элдин алдына чыгып, жоопкерчилик сураларын, талап коюларын, элден эч нерсени жашыруу мүмкүн эместигин, бирок ошол эле учурда кайсыл бир чечимге келиш кыйын болорун, андыктан күчтүү президенти, күчтүү парламенти бар, бири-бирин көзөмөлдөп турган аралаш системаны жактаарын айтты.

Гезит кабарчысы Сурат Жылкычиев “Бишкек Биолаборатория курмандыгында...” аттуу макаласын окурмандарга тартуу кылды. Автор анысында “Лаборатория керек эмес” дегендердин жана “ ... керек” дегендердин келтирген жүйөлөрүн таразага тарткан.

Аягында мына ушундай лабораториялардан келген кырсыктар тууралуу маалыматтарды жарыялаган. Маселен, Жамбыл облусунун Отрар станциясына жакын жердеги биолабораториядан качып чыккан келемишти кармаш үчүн бүтүндөй аскер дивизиясы артынан түшүп, 7 күн дегенде араң кармаган. Кокус келемиш кармалбаганда жарым миллион калкты коркунучтуу вирус жайлап салмак экен.

“Кан майдандын бүткөнүнө 66 жыл” деген баш теманын алдында жарык көргөн эскерүүлөрдүн биринде Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асановдун байбичеси Жамалбүбү Асанованын айтып бергендери жарык көрдү.

“Айат” гезити “Өкмөттүн жеңиши – Бабановдун ийгилиги”, “Күндүн бетин эч ким тосо албайт” деген макалаларды тартуулады. Баарында тең Бабановдун жасаган иштери эл үчүн жасалып келаткандыгы белгиленип, анын Таластын Кара-Буура районуна жасап жаткан жакшылыгы саналган.

Гезиттин бул санында “Ата Журт” фракциясынын депутаты Нурлан Сулаймановдун маеги да басылды.

“Айат” гезити бүгүн Конституция күнү экенин эске салып, Баш мыйзамды канча жылдан бери ой келгендей кескилеп, жамаачылап келгенибизди белгилеп, “Эми мындан ары Баш мыйзам кандай болор экен?” деген суроо салды.

Жазуучу Казат Акматов: Акаев бийлиги 5-6 жолу референдум өткөрүп, сот бийлигин, аткаруу бийлигин жана Жогорку Кеңештин бир топ функцияларын өзүнө алып, Конституцияны 90 процент бузган. Бийликтин үч бутагы жоюлуп, бир гана президенттик бийлик калып, Акаев Жогорку Кеңешти да, сотторду да укпай, аялын гана угуп калганда бийлиги кулады. Ошо кезде Чолпон Баекова Конституциялык соттун башында туруп Баш мыйзамды өзгөртүүгө жол берген. Бир аялдын кесепетинен мамлекеттин демократиялык фундаменти талкаланган. Акаевден соң бийликке Бакиев келди. Баекова Бакиевге биринчилерден болуп чөгөлөп барды. Чөгөлөп жүрүп анын бийлигин андан бешбетер кылды.

Ал эми Жаңы Конституциябыздын кемчиликтери аябай көп. Сабатсыз жазылган. Элдин кызыкчылыгы сакталбай, партиянын гана кызыкчылыктары сакталган. Кыскасы 93-жылкы Баш мыйзамдагы үч бийликтин теңдемесин кайрадан калыбына келтирмейин мамлекеттин келечеги күмөн
,-деп,

Экономист саясатчы Муратбек Мукашев: 2006-жылы биринчи жолу реформа кыймылы түзүлүп, эл аянтка чыгып, Конституция кабыл алынган. Анда президенттик башкаруу формасы калган, бирок президенттин укуктары алынып салынган. Кийин 31-декабрда ал Конституцияны кайрадан мурдагы ордуна алып келип койду. Менимче 2006-жылкы ноябрда кабыл алынган Баш мыйзам жогорку деңгээлде болчу,-деп,

Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Данияр Ильич: Азыркы Баш мыйзамдын эң негизги жетишкендиги мурдагыдай бир адам же чакан топ бийликтин баарын бир колго топтой албагандыгында. Бийликке эл ишенимине ээ болуп, эл шайлаган соң гана парламент аркылуу келе аласың, башка жол жок. Мурда оппозиция көчөдө калып, кыйкырган үнү угулбай келсе, азыр оппозиция маселе чечип парламентте отурат.

Эми негизи эле Конституция деген өзгөрбөй, түбөлүккө тура турган Куран эмес. Ошондуктан кокус схема тескери жолго алып баратса, балким өзгөрткөнгө мажбур болорбуз. Канткен күндө да Кыргызстандын мыйзам алдында өнүгүүсүн байкап, жолду тактап алганга убакыт, мезгил керек. Жаңы Башмыйзамга элди чөгөлөтүп баш ийдирбестен, элдин ой-тилегин угуп, аны пайдалуу жакка буруу зарыл. Анткени элдин мүдөөсү бийликтен да, Баш мыйзамдан да жогору турат,
-деп жооп берди.