"Жазасыз калчу жалаадан сакта"

Кыргыз гезиттери жогорку кызмат чөйрөсүндөгү адамдардын ортосундагы “чыр-чатактар” тууралуу ар кандай өңүттөгү макалаларды басып чыкты.
“Бүгүн жарык көргөн “Айат” гезити Нуржамал Байболованын маегин жарыялады. Анда ал "“Мегакомдун” 400 миң долларын мен алган жокмун, бар болгону өзүмдүн фирмама тиешелүү болгон мүлкүмдү “Сарамжал транс” деген фирмага саттым" деп айтты.

Журналист Бөкөнбай Боркеев макаласын “Шайлоонун шайтан оюндары башталдыбы?” деп атап, саясатчы Феликс Куловдун өткөн-кеткендерин элдин эсине салды.

Саясатчы Мелис Эшимкановдун маеги “Көрсезимдиктен бийик болушту Кубат акеден үйрөнгөм” деген ат менен окурмандарга тартууланды. Мелис мырза ошондой эле ал бир кезде өзү жетектеген “Асаба” гезитинде 7 жыл бою чогуу иштеген Коомдук 1-каналдын жетекчиси Кубат Оторбаев экөөнүн оросунда эч кандай кусамат жоктугун, массалык маалымат каражаттарынын акыркы жазган ушактары экөөнүн ортосуна от койгусу келгендердин ойлоп тапкандары экенин билдирди.

“Асман инфо”
аттуу гезит Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Жолдошеванын маегине окурмандардын көңүлүн бурду. Жылдыз айым ал жетектеген “Курманжан датка” фондун жөн жерден каралаган макалалар ким бирөөлөрдүн буйуртмасы менен чыгып жатканын, маселен “Алиби” гезитинин өткөн санындагы журналист Папан Дүйшөнбаевдин фонд тууралуу жазгандары калп экендигин айтып чыкты.

Аталган гезит журналист Элнура Кулуеванын аны жөн жерден жаманатты кылгандарга жазган жообу да жарыяланды. “Журналисттер этияттасак” деген рубрика алдында жарык көргөн белгилүү журналист Кален Сыдыкованын макаласы “Томуктай нерсени тоого айлантпасак” деп аталган.

Азимбек Бекназаровдун жубайы Гүлүмкан Мамакеева “Түшүнбөгөндөр Азимбекти күнөөлөп жүрүшөт” аттуу маегинде Кыргызстанда Азимбектей иштеген киши жоктугун, болгону анын топурагы жеңил экендигин кеп кылган.

“Асман press” гезити жаңы санын Башкы прокурор Байболовдун “Бабанов жана анын жубарымбектери жүзү кара экендиктерин мойнуна алышсын” деген ат менен сунушталды. Баш прокурор анысында 5-канал, НТС телеканалдары улутташтырылгандыгына карабастан Бабановдун карамагында экендигин, учурунда Бабанов, Мурзалиев, фракция башчысы Исаев... баары Максимдин кол алдында иштешкенин, эми дал ушул "Максимдин куйруктары" биригип келип аны төө бастыга алып жатканын белгиледи.

Алай районунун акиминин милдетин аткаруучу Айтпай Жээналиевдин маеги жарык көрдү. Аким Алайдагы Курманжан датканын музейинин үстү урап, сырты көчүп, ичиндеги буюмдарды сактай турган жай табылбай жатканын, ал эми Жылдыз Жолдошева жетектеген “Курманжан датка” фонду менен эч кандай байланыштары жоктугун, ал фонд тарыхый инсандын наамына эч кандай ылайыгы жок, жөн гана бизнес булагы сыяктуу экендигин баяндады.

Мээрим Айталиева маегин “Садыктын атагы эми чыгат” деп атап, өмүрлүк жары, белгилүү маданият ишмери Садык Шер-Нияз тууралуу кабарчы менен баарлашты.

Аталган гезиттин жаңы санына айтылуу журналист Жаныбек Жанызактын “Анча деле ыймандуу киши эмесмин” деген аталыштагы маеги жарыяланып, анысында айрым шылуундар бир эле окуу китебине үч класстын китебин кошуп чыгарып пайда таап жатканын, маселен өз баласы 7-8-класстын окуучулары үчүн чыгарылган “Геометрия” деген китепти көргөнүн, ошентип 7-класста окуган баласы окуй элек 8- класстын да окуу китебин көтөрүп жүргөнүн, шылуундар болсо тигинтип 2 китепти бир мукабанын алдында чыгарып пайда өндүрүп жатканын айтып кейиген.

Жаныбек Жанызак ошондой эле өз басылмасынан чыккан китептер Кыргызстандагы эң көп окула турган китептерден болорун, мындай китептердин автору жазуучулар Баратбай Аракеев менен Айгүл Шаршен кызы экенин да кеп кылды.

“Параграф” аттуу гезит “Акүйдөгү “крим-аалы ким?” деген макаласында “Ата Мекен” партиясын, анын башчысы Ө. Текебаевди сынга алды.

Ушул эле гезитке берген маегинде Азимбек Бекназаров парламент менен өкмөт асмандан түшкөн ырыскысын көтөр албай жатканын белгилеп, Ө. Текебаев менен Ө. Бабановдун талашын “дүйнө талаш” деп атады.

“Учур”
гезитиндеги маегин депутат К. Ташиев “Келемиштерге теңелбейм” деген ат менен жарыяласа, саясатчы Т. Сариев “Коалициянын тарашы трагедия эмес” деген ат менен жарыялады.

Ушул эле санга “И. Пирматовдун былыктары” деген макала, ишкер Валерий Хондун “Бабановдун көз бойомочулугун далилдейм” деген арыз каты басылды.

“Айгай пресс” гезити юрист Ахунбай Кошойдун “Ельцин Путинди таап чыккандай, Отунбаева улут лидерин табалабы?” деген суроолуу макаласын окурмандарга сунуш кылды.

Ушул эле гезиттин суроолоруна Улуттук илимдер Академиясынын сейсмология Институнунун деректири Канатбек Абдырахматов “Кыргызстанда күчү 9 баллга жеткен жер титирөө болбойт” деп жооп берди.