Бүгүн кыргыз тилдүү “Лозунг” жанан орус тилдүү “Дело №...” гезити жарык көрдү.
“Лозунг” гезити соңку күндөрү кыргыз бийлиги кылмышкерлерге каршы күрөш ачканын, “вор в законе” аталган Камчы Көлбаевдин Токмок шаары боюнча “жасоолу”, Рысбек Акматбаевдин мураскери аталган Максат Абакировдун же “Водолаздын” жансакчысы камакка алынганын кабарлап: “Бирок акча дегенде 3-4 ирет адам өлтүргөн киллерлердин канга чыланган акчасына сатылган күч орган кызматкерлерин жакшы билген кылмышкерлер адам өмүрүн тыйынчалык да көрбөй калды. Мына ошондойлорду соттон бошотуп же мөөнөтүн кыскартып салган “шакал соттордун” абийирсиздигин, ыймансыздыгын кайда катабыз?” деп суроо койду.
Гезит макаласынын аягына: “Ошондуктан эң биринчи буйрутма өлүм, айбандык менен жасалган мыкаачыларды мыйзамсыз бошоткон, же мөөнөтүн кыскарткан “погончон шакалдарды” жумуштан айдап, экинчи кызматка жологус кылып, аты-жөнүн укумдан тукумга кете турган кара тамгалар менен жазып, ашкерелеш керек. “Черныйлар” 7-апрель, июнь окуяларында ар кайсы байларды тоноп байыды. Криминалга каршы аттанган бийлик жогорудагыдай кескин кадамдарга бармайын буга дейре далай ирет унутта калган убактылуу убадаларынын бир катары кала берет” деп чекит койду.
Өлкөдөгү бизнес дүйнөсүндө экинин бири болгон “Мегаком” компаниясы жана анын “Альфа Телеком” жабык акционердик коомунун тегерегиндеги чуу кайрадан күч алганын, анткени мамлекет "Мегакомдун" 49 процентине кожоюн болуп турганына карабастан 445 миллион 857 миң сом накта акча кымырылып кеткенин, чуунун ичинен тээ Акаев учурунда ири финансылык махинациясы үчүн түрмөгө отуруп чыккан Роза Качиева деген журналисттин, Максим Бакиевдин, Алексей Елисеевдин, баарынан кызыгы Азимбек Бекназаровдун кулагы кылтыйып турганын, текшерүүдөн кийин айрым саясатчылардын да аты-жөнү дайын болушу мүмкүндүгүн шардана кылды.
“Лозунг” булардан тышкары “Кыргызалтындан” “ташылып” бараткан 27 килограмм сликат алтынды көзөмөлгө алышкан ошо кездеги УКК жетекчиси Таштемир Айтбаев менен баш прокурор Камбаралы Конгантиев болгонун, бирок көзөмөл да, алтын да дайынсыз жоголгонун, “Кумтөр”, күмүш жана Жети-Өгүз районуна кылган жардамы тууралуу маек курду.
“Дело №...” гезити “Балкыбеков кыргыз калпагын небак эле британдыктардын юбкасына алмаштырып алган” деген макалага окурман көңүлүн бурду.
Адегенде Балкыбеков Британ аралына кандайча барып жайгашып калганын басылма минтип жазды: “Апрель окуясынан кийин аны Казакстандын акимдеринин бири кыргыз-казак чек арасынан алып өткөн. Ал Казакстанга жетип алгандан кийин Астана аркылуу өз кожоюну Максим Бакиевди карай учкан”.
“Дело №...” жакында Балкыбеков Интерпол аркылуу камакка алынды деген кабар тараганын, ал баш-аягы 1 миллионго жакын долларды жок кылган деп күнөөлөнүп жатканын, бирок өлкөнүн бир кездеги башкы энергетигин мойнунан жетелеп келе коюу оңойго турбастыгын, анткени Балкыбеков качаардан мурда баарын алдын ала ойлонуштуруп, керт башын Британиянын мыйзам ченемдерине ылайыктап, бул өлкөнүн экономикасына миллион фунт стерлинг же евро көлөмүндө инвестиция салганын же ошондой баадагы кыймылсыз мүлктү сатып алып койгонун, Британ аралынын мыйзамдары боюнча өз өлкөсүнө мына ушундай киреше кийирген адамдарга “коммерциялык паспорт” берилерин, мындай документи барлар Бириккен Королдуктун аймагында 180 күндөн ашык ээн-эркин жашай берерин, алтургай ошол өлкөдө иштегенге, армиясында кызмат кылганга укуктуу болорун, демек биздин Балкыбеков кыргыз калпагын небак эле юбкага айырбаштап алып, “бээ көрдүңбү, жок, төө көрдүңбү, жок” болуп, жыргап-куунап жашап жатышы мүмкүндүгүн жазды.
2011-жылдын бюджети тууралуу кеп кылган белгилүү экономист Жумакадыр Акенеев айрым суроолорго жооп берип, өлкөдө казынаны толтуруунун өтө чоң резерви барын, ал деген биринчиден, тунгуч президент түптөп кеткен көмүскө экономиканы, экинчиден, саналуу адамдардын гана саламы тийип турган жабык тармактарды ачыкка чыгаруу керектигин белгиледи.
Экономист Акенеев кыргыз-кытай чек арасындагы бажы төлөмүнө токтолуп, бул жерден жыл сайын миллиарддаган долларлык товар өтүп турарын, биздин бажы органынын эсеби боюнча алганда бул сан 750 млн. долларды түзөрүн, демек башкасын жөн коюп эле, жалаң бажы төлөмдөрүнөн түшкөн акча менен да казынаны толтурса болорун, бул бюджетке агып кирчү каражаттын бир гана бөлүгү экендигин эске салды.
Жумакадыр Акенеев ошону менен бирге эле бизде түгөнөт деген сайын түтөгөн чиновниктердин качан болсо укумдап-тукумдап кетерин, дүйнөдөгү экономикасы эң эле кубаттуу делген АКШда болгону 12 министрлик эмгектенсе, биздин Жогорку Кеңеш бүгүн 7 кабат имаратка батпай жатканын, ошондуктан “үйүндө ууртам айраны жок, кызынын аты Жууратгүл” боло бергенди токтотуп, алыбызга жараша иш кылып, чакан өлкөнүн чама-чаркына жараша административдик реформага баруу сунушун айтты.
“Дело №...” жумалыгы бүгүнкү санына илам иликтөөчү доктор Кадыр Маликовдун “гүлдүү революциялардын” жолою же кош жүздүү мораль Американын кайра өзүнө бумеранг болуп кантип тийип жатканын талдоого алган маеги да жарык көрдү.