Эмне үчүн Грузиядагыдай болбой жатат?

Кыргыз тилдүү гезиттердин бул саны адаттагыдай эле саясат, экономика жана эл көйгөйү тууралуу макалалардан турду.
“Кыргыз туусу” гезити жаңыдан түзүлгөн Коргоо кеңешинин биринчи жыйыны, анда каралган маселе, президент Роза Отунбаеванын чек аралар тууралуу сүйлөгөн сөзүн “Мамлекеттин коопсуздугунан ашкан маселе жок” деген макаласында чагылдырды.

“Кокус мен депутат болуп калсам: “Мен иштеген жеримде намаз окушум керек. Мага Жогорку Кеңештин имаратынан намазкана ачып бергиле?”, - деп шарт койбостон, намаздан да, намазканадан да татаал маселелерге кабылып турган бир тууган элиме, парламентке мындай талап койбойт болчумун. Парламенттеги жыйындардан кийин керек болсо үйүмө барып алып таң атканча намаз окумакмын. Менин түшүнүгүмдө чыныгы исламчыл адам ушундай учурда намазкана маселесин эмес, Орусияда кор болуп жүргөн жердештерин, элеттеги жумушсуз карыптардын маселесин айтып чыгып сооп табат болчу” деп жазды жазуучу Мирзохалим Каримов.

“Кыргыз туусу” гезити андан ары президент аймактардын абалын укканын, парламентке техникалык жардам келгенин, жарандык коом жаңы бюджеттин долбооруна кабатырланып жатканын, мурда чөнтөккө түшүп келген акчалар эми казынага түшөрүн премьер-министр Алмазбек Атамбаев айтканын кабарлады.

Кадимки улуу Токтогулдун тушундагы Арзымат ойдон чыгарылган каарман эмес, ырчы болгону, Таластын Кырк-Казыгында туулганы, уруусу саруунун ичиндеги колпоч экени, Арзымат өлөр өлгөнчө аны Эшмамбет тууган кылып, агасы катары өмүр бою катташып жүргөнү Кетмен-Төбөлүк Замидин Мадалбековдун макаласында баяндалды.

Жазуучу Көчкөн Сактановдун Алымбек датка тураалуу романынан үзүндү жарыяланды.

Филология илимдеринин кандидаты Бекташ Шамшиевдин макаласы “Шабданбай акенин көркөм ааламы” деп аталат.

“Форум” гезитиндеги макаласында журналист Баратбай Аракеев “Эгер Келдибеков менен Ташиев комиссия түзгүсү келсе, анда “Түндүкэлектро”, “Кыргызтелеком”, Канттагы цемент заводу, пансионаттар, Каркыра жайлоосу жана башка ит бекер кеткен ишканаларды иликтөө боюнча түзбөйбү?” деген суроо коюп, ишке киришкенине эки айдын жүзү болбой жатып парламент Ысык-Көлдөгү “Аврораны” өз балансына каттатып алганын, деги эле ишин жакшылык менен баштабай, кычаштык менен баштаганын сынга алып, парламентке караганда өкмөт өз ишин жакшы баштаганын далилге тартты.

Кыргыз президентине караштуу мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Азимжан Ибраимовдун маеги да “Форум” гезитинин бүгүнкү санында.

Кабарчы ага: - “Ар-Намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов президенттикке ат салышып калса, кыргыз тилин билбей туруп талапкер болууга укугу барбы?- суроо берди эле, Азимжан Ибраимов:

- Феликс Кулов өз тилин үйрөнө албады. Эми президенттикке аттанып калса мыйзамды сыйлап, шайлоого чейин тилди үйрөнөт го деп ойлойм. Эгер ал киши кааласа тил комиссиясы бүгүндөн тартып окутууга даярбыз, - деп жооп берди.

Эртабылды Аттокуровдун Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков жөнүндөгү макаласы “Репрессияга жасалган алгачкы аракетпи?” деген ат менен жарык көрдү.

“Алиби” гезити аркылуу Арзымат Бостон аттуу автор “Кыргызстанда оппозиция барбы?” деген суроого жооп издөөгө аракет кылып, бизде оппозиция десе эле митинг, пикет уюштургандардын башында турган саясый лидерлерди түшүнөрүн белгилеп, азыр бийлик ачуусу да, таттуусу да аралаш салатка окшоп турганын, саясый күчтөрдүн эртеңи кандай болору, кимиси эл ишенимин жандырары азырынча белгисиз бойдон калып жатканын айтты.

Түштүктөгү калабаны иликтөө боюнча Улуттук комиссиянын төрагасы Абдыганы Эркебаев комиссиянын кандай иштегендиги жөнүндө сөз кылса, Коопсуздук кызматынын генералы Назаркул Бопоев өз маегинде бийликте саясый эрк болсо, коррупцияны түп-тамырынан бери кыйратпаса да, бир кыйла тазалап салууга болорун, маселен саясый да, экономикалык да абалы биздикине оп-окшош болгон Грузияда президент өзү баш болуп коррупция менен чечкиндүү күрөш жүргүзгөнүн, ошондуктан Грзия болуп көрбөгөндөй тез өзгөргөнүн мисалга тартты. Чекист генерал ошондой эле коррупцияга каршы күрөштү эң алгач соттор менен тергөө жана күч органдарынын өзүлөрүнөн баштоо керектигин кошумчалады.

Саламаттыкты сактоо министри Сабыр Жумабеков республикадагы медицинанын жагдайы кандай экенин баяндап, иниси Дастандын “Ата-Журт” партиясы аркылуу депутат болуп калганына байланыштуу суроолорго жооп берди.

Милициянын генералы Өмүрбек Суваналиевдин “Дело №....” гезитинин суроолоруна берген жообун “Алиби” гезити кыргызчага которуп басты.

“Уюшкан кылмыштуулуктан өлкөнү тазалоого кыргыздын күч органдарынын күчү жетеби?”- деген суроого Суваналиев:

- Муну 24 сааттын ичинде жасаса болот. Буга айкын мисал катары Грузияны айтсак жетиштүү. Грузияда уурулар менен криминалдык авторитеттерди 1 жуманын ичинде тазалап жоготушту,-деп,

- Сиздин оюңузча, Кыргызстандын жетекчилиги кылмыш дүйнөсүндөгүлөр менен күрөшүүгө даярбы? - деген суроого:

- Жок. Себеп дегенде Кыргызстандын бардык саясый элитасы криминалдардан коркот. 7-апрелден кийин өлкөгө революционерлер эмес, криминалдар кожоюндук кылган. Азыр да биздеги чиновниктер менен бизнесмендер криминалитетке орусча “дань” же кыргызча айтканда “алым” төлөп турушат. Эгер эсиңерде болсо, Рыспек Акматбаев борбордук аянтка митингге чыкканда ага керектүү тамак-аштан тартып биотуалетке чейин ошол кездеги бизнесмендер алып келип турган,- деп айтты генерал Өмүрбек Суваналиев.

Ал андан ары уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү үчүн биринчиден бийликтин саясый эрки керектигин, бийлик убакыттан уттурганын, анткени криминалитетке каршы күрөштү 7-апрелден кийин эле баштаганда болмогун белгиледи. Субаналиев ошону менен бирге эле эми келаткан шайлоонун алдында криминалитеттин колдоосуна ээ болуу зарылдыгын бардык саясатчылар билишерин, ошондуктан бир да бири кылмыш дүйнөсү менен мамилени бузгулары келбестигин, ошентип кандай гана өлкө болбосун, мыйзам иштебей, бир жерге кептелип калганда өлкөнү “мыйзамдагы ууру” атыккандар башкарып каларын баяндады.

Өмүрбек Суваналиев маегинин дагы бир жеринде:

- Медет Садыркуловду бийликтин колдоосуна ээ болгон жөнөкөй эле бандиттер өлтүргөнүн баары билишет. Бирок жазаланган бир да бандитти көргөн жокпуз. Мен министрдин орунбасары болуп турганымда УККнын кызматкери Алдаяр Исманкуловду парламентте ызы-чуу чыгаруу менен кармоого аракет кылдык эле. Эмне үчүн кылмышкерлерге жол ачып берген саясатчыларды, прокурорлрду, сотторду жоопко тартышпайт? Анткени анын эч кимисине пайдасы жок, баары бири-бири менен чырмалышып алган. Биздеги мамлекеттик саясат коммерциялык мамилелердин негизинде курулуп жатат. Криминалитет муну эң жакшы түшүнөт, анан ал ошого жараша өз оюндарын жүргүзөт ана ар дайым утуп чыгат,- деп айтты.