Бүгүн жарык көргөн гезиттердин башкы темасы дагы эле жаңы түзүлгөн өкмөттүн айланасында болду.
“Лозунг” гезити жыл мыктыларын атап: “Жылдын адамы – Роза Отунбаева, лидери- Өмүрбек Бабанов, оппозиционери – Аликбек Жекшенкулов” деди.
Гезиттин баш макаласы “Кыргызстанда 3-революциянын желаргысы согууда” деген ат менен жарык көрүп, кечээ оппозициянын лидери Аликбек Жекшенкуловго Нарын, Ысык-Көл аймактарынын мыктылары чогулуп, учурдагы абалды талкуулашканын, жыйын катышуучулары бийликке кайра эле “бакиевчилер” келгенин белгилеп, өкмөт курамын түзүүдө аймактык теңдик сакталбагандыгын, Ысык-Көл, Нарын дубандарынан министрликти мындай кой, агенттиктин башчылыгына дайындалган бир адам болбогондугун айтып нааразы болушканын, мындай кландык саясаттын арты жакшылык менен бүтө койбостугун эскертти. Нарын менен Ысык-Көлдүн бычакка сап уул-кыздарынын мамлекеттик кызматка тартылбагандыгына көңүлдөрдү бурган басылма, Атамбаевдин катуу жаңылганын, анткени шайлоо убагында дал ушул Нарын менен Көл аймагы өз добуштарын КСДПга бергенин дагы бир жолу эсине салды.
"Жаңы өкмөттүн курамы купулуңузга толдубу?" деген суроо менен “Лозунг” гезити айрым атуулдарга кайрылды.
Саясатчы генерал Мирослав Ниязов: - Жоктон көрө жогору. Булар милдеттенме алышты. Эми аракеттениши керек,-деп;
Саясатчы Азимбек Бекназаров: - Кайрадан артка кайрылуу керек. Кайра эле Акаев менен Бакиевдин куйруктары келишти. Атамбаев катуу турса болмок “андай куйруктар өкмөткө келсе, иштешпейм” деп. Үй-бүлөлүк бийликке аралашпаган жаштар келиши керек эле,-деп;
Саясый серепчи Токтогул Какчекеев:- Жалпысынан купулума толгон жок. Ишти алып кете алчудай он чакты адам бар. Калгандары регионалдык кызыкчылык менен кызматка келгендер. Атамбаев премьер-министр катары министрлерди тандай алган жок,-деп;
Саясый серепчи Марс Сариев: - Жаңы өкмөттүн курамына альянска кирген партиялардын өкүлдөрү кирди. 2-3 айдын ичинде кимдин ким экендиги билинет. Себеби Атамбаев сунуштаган программаны күчтүү менеджерлер гана ишке ашыра алат. Жаңы өкмөттү түзүп атканда анын ага чейинки ишиндеги тазалыгын, кесипкөйлүгүн эске алып тандаш керек эле, керек болсо мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн чет элдик күчтүү менеджерлерди ишке тартуу керек болчу,-деп;
Саясый серепчи Марат Казакбаев: - Бакиевдин убагында көч баштап жүргөндөр кайрадан өкмөт курамын түзүп отурат. Келдибеков мурунку бийлик убагында салык инспекциясын башкарып, канчалаган ишкерлерге кысым көрсөтүп келди. КСДП, “Ата Мекен” фракциялары коркуп отуруп ушул жолго алып келишти. Убактылуу өкмөт элдин ишенимин актай алган жок,-деп жооп берди.
Гезит ошондой эле “Эл агартуучулардын эмгеги бааланабы же?..” деген ат менен билим берүү тармагында эмгектенип келген айрым жарандардын ой-пикирлерине орун берди.
Гезит ошондой эле “Жыл мыктыларын” атады. Маселен: саясатчысы - Эмил Каптагаев, патриоту – Курсан Асанов, каарманы – Мелис Турганбаев, агартуучусу - Искендер Исамүдүнов жана башкалар...
“Дело №...” жумалыгы Жибек жолу көчөсүндөгү жанаша салынган Максим Бакиев менен Марат Бакиевдин үйлөрүнө кайрылып, бул эки үй тең 7-апрелден 8ине караган түнү каракчылар тарабынан таланып-тонолуп кеткенин, ошондон бери анда “Кыргызстандын жаш майыптары” деп аталган коомдук бирикменин өкүлдөрү жашап, ал үйлөрдү биротоло таланып жок болуудан сактап калганын, кийин бул турак жайларды майыптар үчүн атайын жай кылып берүү өтүнүчү менен аталган коом президент Роза Отунбаевага кайрылганын баяндады.
Ошентип гезиттеги “Деги булар кимдердин үйү?” деген макалада майыптар андан кийин Улутташтырылган мүлктү башкаруу боюнча Фонддун орун басар деректири Назира Үсөналиевага кайрылганда, Назира айым анын мекемеси үйлөрдү улутташтыра албастыгын, аны өлкөнүн Башкы прокуратурасы гана жасай аларын айтканын, бирок бул маселеге Башкы прокуратурадан да “билбейбиз” деп жооп бергенин жазып чыкты.
Майыптардын аталган коомунун төрагасы Мыктыбек уулу Эрнис, эми өкмөттөн да, прокуратурадан да жооп болбогонун, өзүлөрү болсо кыштап чыгуунун камын көрүп, дандырды оңдоп алып нан жаап жатышканын, кыргыз бийлигинен сурап-сурап айла кеткенде Бакиевдердин өздөрүнөн сурап алалы деп, алардын дарегин табалбай коюшканын кошумчалаган.
“Исманкулов Павлюктун сейфине аңчылык кылганбы?” деген аталыш менен журналист Павлюктун өлүмүнө шектүү катары Улуттук коопсуздук комитетинин ошол кездеги оперативдик-техникалык бөлүмүнүн башчысы, 34 жаштагы Алдаяр Исманкуловдун жана Алма-Ата шаарынын тургуну Шалкар Орозалин аттуу 38 жаштагы адамдын Казакстандын күч органдары тарабынан камакка алынып, тергөө жүрүп жатканын маалымдады.
“Эмне себептен улам казактар версияны алмаштырууда?” деген макалада казак бийлиги Павлюктун өлүмүнө Алдаяр Исманкуловдун шектүү экенин эбак эле билгенин, бирок Бакиевдин убагында бул “шибегени капка катып” келип, эми Бакиевдин режими бүткөндөн кийин гана ачыкка чыгарып жатканын, бирок казак тарап Алдаяр Исмангкуловду Кыргызстанга өткөрүп бергенден кийин гана баары дайын болорун кеп кылды.
“Бакиевди баары бир соттошот. Бирок азыр соттой турган эч ким жок” деген макалада 7-апрелдеги кандуу окуяга байланыштуу соттун токтоп калышы тууралу маселе козголуп, буга чейинки сотту жүргүзүп келаткан судья Бектемиров Бакиевдерди, Данияр Үсөновду, Мурат Суталиновду жана Эсенбай уулу Байышты сыртынан соттоого болбойт деген бүтүм чыгаргандан кийин Башкы прокуратура тарабынан аталган судья иштен четтетилгендигин, Бакиевдердин иши кайрадан сотко алынганын, бирок көп томдон турган иш менен таанышып чыгып, сот ишин жүргүзө турган судья азырынча дайындала электигин кабарлады.
“Дело №...” ошону менен бирге эле “Биолаборатория: талаш уланууда” деген ат менен Бишкекте курула турган Биологиялык лабораториянын айланасында укук коргоочулардын “Өлүмдүн лабораториясы Ботаникалык бакта же ведомстволук ачкөздүк айтып болгус ааламатка алып келиши жөнүндө” деген макаланы басты.
Мунун жанына кезинде Степногорск деп аталган казактын шаарындагы биологиялык курал-жарактарды чыгаруучу жшыруун заводдо иштеген жана анын кесепеттерин өз көзү менен көргөн Анна аттуу айымдын каты да кошо жарыяланган.