Бүгүн жарык көргөн “Лозунг” гезити менен “Дело №...” жумалыгы түзүлө албай келаткан коалициялык көпчүлүк маселесине басым жасаган макалаларга орун берди.
“ 1-жаңылык - Өмүрбек Бабанов парламент спикерлигин “Ата Журт” фракциясына сунуш кылды.
2-жаңылык - Феликс Куловго коалициялык көпчүлүктүн башчысы болуу сунуш түштү, бирок ал азырынча буга жооп бере элек.
3-жаңылык - Алмазбек Атамбаевге Өкмөт башчысынын орду, Бабановго вице-премьерлик орун сунушталууда” деп кабарлаган “Дело №....” жумалыгы “... коалициялык көпчүлүк түзүүнүн экинчи айлампасы да жыдыганы калды окшойт” деген көңүлчөктү жыйынтыкка келген.
“Президент Роза Отунбаеванын парламенттик көпчүлүктү түзүү милдетин Өмүрбек Бабановго тапшыргандан бери бир жарым апта өттү. Эмне жыйынтык болду?”
Ушул суроонун жообун издеген гезит, бул милдетти аркалаган Бабанов 3 эмес, 4 фракциядан түзүлүүчү коалициянын түбү бекем болот дегени менен мындан деле азырынча майнаптуу жыйынтык чыга электигин, төртилик коалицияга – “Республика”, “Ата Журт”, “Ар-намыс” жана КСДП фракциялары кирерин, ал эми “Ата Мекен” өзүнөн өзү оппозицияга кетерин, ансыз да көпчүлүктүн биригүүсү ушул өңүттө баратканын байкап турган Өмүрбек Текебаев өзүнүн өмүр жолундагы буга чейин басып өткөн жолуна кайрадан түшмөй болгонун шардана кылды.
Ошентип Бабанов коалициянын түзүлгөндүгүн мөөнөтүнөн мурда жарыяламакчы болгону менен бүтпөгөн сүйлөшүүлөр дагы эле бүтө элек. Сыягы өкмөт башчысы болуудан Бабанов айрым себептерден улам баш тартты шекилди. Себеп дегенде ал тигилерден жаш. Күч-кубаттуу ишкер. Президенттик шайлоо болчу күн да алыс эмес. Анын үстүнө амбициялары баштарынан ашкан Феликс Кулов, Алмазбек Атамбаев, Камчыбек Ташиев өңдүү азаматтар артынан демитип турат. Үчөө тең өкмөт башчысы болгусу келет. Үчөө тең айтканынан кайтпай көгөрүүдө. Орун болсо бирөө.
Маселен Кулов менен Атамбаев өкмөт болууну ачык эле жар салса, Ташиев бул майлуу орунду өзүнүн фракциясы аркылуу жүзөгө ашырууну көздөйт. Оппозицияга кетип жатканына карабастан, ЖКнын төрагалык орду Текебаевдин көзүнөн али деле учуп турган чагы... “Ошондуктан акыры коалициялык көпчүлүк түзүлгөнү калды, партиялар бири-бирине түшүнүү менен мамиле кылууда, сүйлөшүүлөр жемиштүү жүрүп жатат деп ынандыргысы келген депутаттардын сөзүнө ишенүү кыйын” деп жыйынтыктады макаласын “Дело №...” гезити.
Ушул эле жумалык “Кыргыз жазуучуларынын китеп текчеси толукталды!” деген ат менен Азимбек Бекназаровдун Аксы окуясы боюнча жарыкка чыккан китебинин бет ачар тойчугу Бишкектин “Ак Кеме” мейманканасында өткөнүн, китептойго айтылуу саясатчы Топчубек Тургуналиев, Компартия лидери Клара Ажыбекова, экс-элчи Замира Сыдыкова катышканын жар салды.
Азимбек Бекназаров китепке мурдагы президент Аскар Акаевдин жашыруун документтери киргизилгенин, дагы бир качкын президент Курманбек Бакиевдин кандай жолдор менен президент болуп калганын, ага дейре кимдер менен макулдашканынын айрым бир сырларын жазып чыкканын айтып берген.
Бул тойдо азырынча мекенине кайтып келүүнү ойлобогон, Бишкекке жөн гана мейман катары келген экс-элчи Замира Сыдыкова, азыр адам каалаган жерде жашоого укугу барын, балык деле деңиздин терең жерин издерин, өзү да Америкада жашап, революция тууралуу “тарыхый роман” жазып жатканын кабарлаган.
“Лозунг” гезити кайрадан жарык көрдү. Босогодо 2011-жыл. “Кыргызстан Өкмөтсүз, Парламентсиз жаңы жыл тособу?” деп суроо койгон гезит, өлкөдөгү расмий башкаруунун жоктугу барган сайын мамлекетти туңгуюкка кептеп баратканын кеп кылып, көпчүлүктүн коалициясын түзүү аракетинин экинчи айлампасын талдоого алган. Гезит өкмөт курамын түзүүнү өздөрүнө алууну көздөгөн “арнамысчылар” буга чейинки коалициянын биригүүсүнө ачык эле каршылык кылганын белгилеп, Куловдун шакирти жана санаалашы саналган депутат Анвар Артыковдун: “Ооба, биз коалициянын биригишине каршы иштегенбиз. Мындан ары да бул саясатыбызды уланта беребиз” деп айткан сөзүн мисалга тартты.
“Лозунг” гезитинин жазганы боюнча Кулов ушу тапта бир аз “жумшарып”, өкмөт башчысы болуудан шаар башчысы болууга ыктап калган имиш. “Бирок ага Бишкектин башчылыгын ишенип берүүгө болбу?” деп суроо коюп, “Кулов Акаев убагында да мэр кызматын ээлеп, борбор шаардын чок ортолоруна чейин май куюучу жайларды жайнатып жибергенин, мыйзамга шылтоолоп, каратаман адамдардын эптеп салып алган там-ташын түрттүрүп салганын” кайрадан эске салган.
Аталган басылма андан ары Энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин “Тарифтер боюнча парламентке кайрылабыз” деген ат менен кышкы суук жана жарыктын өчөр-өчпөсү боюнча кезектеги маегин жарыялады.
- Министрлик 3 фазага уруксат берип, акчалуунун баары 3 фаза аркылуу үйлөрүн жылытып, трансформаторлорго күч келип, суук күчөсө жарыгы жок калабызбы деп жаңы конуштагылар чочулап турушат, буга кандай дейсиз?-деген суроого министр:
- Уруксат берүүнүн себеби, быйыл кыш бою электр энергиясы жетиштүү болот. Акчасын төлөп, жага берсин. Ал эми трансформатор маселесине тургундар тынчсызданбай деле коюшса болот. Бардык участоктордо көзөмөлдүк күчөтүлгөн. Ал эми баа азырынча баарына бирдей, 70 тыйындан. Албетте бул өзүн актабайт. Андыктан аны акырындап иликтеп чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна долбоор катары алып чыгабыз,-деп жооп берген.
“Кызмат үчүн керек болсо булар азезил менен да келишим түзгөнгө даяр...”.
“Дело № ...” гезити мына ушундай ат менен өлкөнүн Башкы прокурору Кубатбек Байболовдун маегин басты.
Кубатбек Байболов маркум Медет Садыркуловдун өлүмү, экөөнүн бир окуу жайда окуганы, ишкердиги, эки президенттин тең оң колуна айланганы, кийин Садыркуловдун санаалашы болуп калган Малеваная жана анын албуут амбициясы, бизнеси, куугунтукка алынышы тууралуу белгисиз жагдайларды ачыкка чыгарды.
Маегинин аягында коалициянын бириге албай жаткандыгына токтолгон Байболов:
- Революциялык чакырыктардын оту алардын көкүрөгүндө бир заматта күлгө айланып, өчүп калды. Алар кайрадан опуртал оюнга кирип кетти. Ушу тапта кызмат орундарын соодалашуу “базары” кадимкидей жүрүп жатат. Шайлоодо оңбогондой соккуга учурап, ээрден учуп түшкөнү да демократиялык блоктун лидерлерин акыл-эсине келтире албады. Алар көздөгөн кызмат үчүн азыр жети баштуу желмогуз менен да коюн-колтук алышканга даяр. Алардын дал ушундай ачкөз амбицияларын Бакиевдин кишилери мазесине чыгара пайдаланып жатат. Тилекке каршы апрелдеги жеңишти демократтар сактап кала алышкан жок. Тескерисинче күн өткөн сайын жеңилди деген бакиевчил тараптын үстөмдүгү күчөп баратат,-деп айтты Башкы прокурор Байболов.