Бүгүн жарык көргөн гезиттердин негизги темасы – коалиция түзүү маселеси болду. Гезиттер ошону менен бирге эле Кыргызстанда болуп жаткан окуяларды жазып чыгышты.
“Эл деген күтө берип тажады, баягы “күттүм, күттүм, таптакыр тажап бүттүм” деген ырдын өзү болду” деп жазды Баратбай Аракеев эл качан түзүлөт деп күтүп чарчаган коалициялык өкмөт түзүү амалынын ишке ашпай жаткандыгы тууралуу бүгүн жарыкка чыккан “Форум” гезитиндеги макаласында.
Эртабылды Аттокуровдун макаласы “Өлкөбүздөгү алгачкы ийгиликтер – энергетиктердин үзүрлүү эмгеги” деп аталып, автор Камбар Ата ГЭСинин азыркы абалын баяндады.
Камбар Ата ГЭСинин 1-агрегаты иштеп чыгарган электр энергия Токтогул району жана Кара Көл шаарынын калкын энергия менен камсыз кылып, андан ары Күрп-Сай ГЭСи аркылуу жалпы электр энергиялык тармакка кошулат.
Генерал-майор Артур Медетбековдун “Спецоперацияга 1 млн. доллар кеткен эмес” деген ат менен өткөн сандан бери жарыяланып келаткан маегинин корутунду бөлүгү да ушул санда.
Өткөн окуялар тууралуу суроолорго жооп издеген кабарчы ага:
-“Альфанын” балдарынын күнөөлөнүп жатышына каршылык билдирип келесиз. Аларды актаган далилдериңиз барбы?-деген суроого Артур Медетбеков:
- Баллистикалык экспертиза каза болгон адамдардын бири да “Альфанын” куралынан өлбөгөнүн аныктаса, эмнеге алар жоопкерчиликке тартылышы керек? Себеби өлгөндөрдүн көбү автоматтын огуна кабылышкан. Чет өлкөлүк сегиз “наемник” снайперди кармаганын Бекназаров айтпады беле? Кана ошолор? Мына, Жороев, Малеваная, Турсункулов качып кетти. Алардын качышына бийликте олтурган бирөө шарт түзүп берип жатса ушинтип качышат да... Ал эми күнөөсү жок “Альфанын” жигиттери адилеттик орнойбу деп күтүп жатат. Түштүктөгү улут аралык кагылышта "Альфанын" жигиттери Кыргызстандын бүтүндүгүн сактап калган. Бул балдар Үсөн Сыдыковдун, Урмат Барктабасовдун жана Зикирбаевдин бандиттик тобун кармаган. Азыр Бакиевдердин жакындарынын көбү кармалып, кайра эле үй камагына чыгарылып жатат. Ким чыгарса ошону Бакиевдин адамы деп билгиле. Балким ал “бөлөктөрдүн арасында өз, өздөрдүн арасында бөлөк” тонун жамынып жүргөн Жаныштын адамы болуп жүрбөсүн?-деген суроону койду.
“Кыргыз туусу” гезити коалиция 3-декабрга чейин түзүлөрүн, президент Роза Отунбаева маалыматтык технологияны өнүктүрүүгө басым жасаганын, Ошто 4 террорчу жок кылынганын, Камбар Ата ГЭСи энергия бере баштаганын кабарлады.
“Манас” - кыргыз улутунун улуу туусу” деген ат менен Кыргыз президентинин кеңешчиси, “"Манас" киноэпопея” коомдук фондунун төрагасы Топчубек Тургуналиев маек курду.
Маегинде ал Кыргызстандын борборун – Манас деп атоону, Манастын айкелин Борбордук аянтка тургузууну, Манас музейин уюштурууну, манасчыларды, Манас изилдөөчүлөрдү даярдоочу институт ачууну ал жетектеген фонд сунуш кылып жатканын айтып берген.
Кыргыз эл акыны Анатай Өмүркановдун “Сокемдин табериги, бизге таберик” деген макаласы 85 жашка толгон Кыргыз эл баатыры, кыргыз поэзиясынын аксакалы Сооронбай Жусуевдин чыгармачылыгына арналган.
Журналист Самидин Стамбековдун Жалал-Абад шаарынын мэри Максатбек Жээнбеков тууралуу макаласы “Жакшы нерсени неге көрбөйбүз” деп аталат.
“Алиби” гезитиндеги баш макаласын Болотбек Таштаналиев “Кыргызстан кландардын жана криминалдардын барымтасында” деп атап: “Эмне дейбиз, кландар бийликти бөлүшө албай жатат. Болбосо КСДП эки тизгин бир чылбырды өзүнө алып, парламентти “Ата Мекенге” берип, “Республиканы” бул коалицияга тартса болору карапайым көзгө деле даана көрүнүп турбайбы?” деп жаны кашайды.
Укук коргоочу Чолпон Жакупова: “Даражасы бийик же бай болсо жазаланбайбы? СГОдогу бир жигит 4 айдан бери СИЗОдо, ал апрель окуясынын алдында элге ант берип, ишке кирген. Баласынын төрөлгөнүнө 10 күн болду. Атасы кадрдык аскер, өмүр бою жатаканада жашайт. Ал эми хан сарайларда жашаган, качар өлкөсү болгондор качып жатат. Мурдагы митингдерде Алмаз Атамбаевдин колоннасында бир сонун ураан бар эле “Хватить врать” деген. Эмнеге бийлик чындыкты айткандан коркот? Эл билсин, уксун, анан эл да өз чечимин чыгарып, баасын берсин” деп айтты.
Жалал-Абад облтелерадио компаниясынын башкы деректири Куттумидин Базаркуловдун маеги “Камерамды талкалап, өзүмдү сабаганга карабай иштеп жатам” деп аталып, Жалал-Абад менен Оштогу окуяда бийлик тарапта жүргөн журналисттер кайсы тарапка өтө качарын билбей буйдалып, “мурдагылар менен кийинкилердин тиреши кантээр экен?” деп акмалап, күтүп турганын сөз кылды.
Кыргызстан журналисттер союзунун мүчөсү Кытайбек Рамановдун “Сотко сурак болобу?” деген макаласынын соңку бөлүгү тартууланды. Автор макаласынын аягында: “Жакында колума тирукмуш материал келип түштү. Анда Жогорку Соттун судьясы Калыйман Акназарова инилери менен бир жесирдин 2 бөлмөлүү элитный квартирасын каратып туруп эле документ жасап тартып алганы жазылып турат. Убагында эл ишенбеген, Аскар Акаев моюнуна алган соттордун 80 пайызынын калган 20 пайызын да талкалап жатат. Бекназаров башында турган комиссиянын көп судьяларды четтетүү боюнча чечимдеринде чындыктын, мыйзамдын, калыстыктын карааны да жок. Баягыдай эле чоң акчанын жыты бар. Демек иш ушундай эле улана берсе, калыстык болбосо, түрмөдө олтурчу адамдар депутат болуп, креслодо, бийликте олтура берсе 4-революция да болот окшойт” деп замансы куурулуп, түңүлүп турганын кейиш менен кеп кылды.
Уландысы “Алиби” гезитинин кийинки санына калтырылган журналист Эсенбай Нурушевдин макаласы “Дин, тил жана кыргыз” деп аталып, автор кандай гана эл болбосун тигил же бул түшүнүктү туюнта турган сөз өзүнөн чыкпаса аны жасаганга аракет кыларын же тектеш тилдерден аларын, ага да болбосо намыс кылбай эле эл аралык терминдерди колдонорун, мындан тышкары өзүндөгү эски деген сөздөрдү жаңылап, замандаштырарын айтып берген.