Гезиттер өкмөттүн, парламенттин иши, элдин арыз-муңу, бийликке кайрылуулары тууралуу жазды.
“Фабула” гезитиндеги макаласында Баратбай Аракеев минтип жазды: “Азыркы парламентте криминалдар бар” деп президентибизден тартып көчөдө жүргөндөргө чейин айтып жүрөт. Анысы чын болсо, аттарын атап туруп парламенттен айдап чыгышпайбы. “Парламентте криминалдар отурат” деп айтып коюп, анан жаңы келген келинден бетер кымырынып-кымсынып калган эмне деген бийлик?” деп...
“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Өмүрбек Абдрахманов менен маектин уландысы басылып, Өмүрбек мырза революциялардын маңызын, парламенттик коалиция, өкмөт жана өз партиясы тууралуу сөз кылды.
ИИМ министринин орун басары Мелис Турганбаев “Парламент криминалга каршы мыйзамды кабыл албай, кечиктирип жатат” деген ат менен маек курду.
Жыл башынан бери уюшкан кылмыштуу топтун 150 мүчөсү кармалып, мунун 139у абакта отурганын, алтоо үй түрмөдө, калганы катуу көзөмөлдө жүргөнүн, Көлбаев баш болгон 7 адам эл аралык издөөдө экендигин маалымдаган генерал, тилекке каршы уюшкан кылмыштуулукка каршы атайылап жазылган мыйзам бүгүнкү күнгө чейин парламентте каралбай келатканын, так эле ушундай мыйзам менен учурда Прибалтика өлкөлөрү уюшкан кылмышкерлерин жоюп, тазалап жатканын, демек Жогорку Кеңеш бул мыйзамды канчалык тезирээк кабыл алып берсе, иш ошончолук алга жыларын баса белгиледи.
“Түбү бир Түрк дүйнөсү Астанада жолукту”. Мына ушул теманын алдында жарык көргөн “Эркин тоо” гезити Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков башында турган парламенттик делегациянын Астанада өткөн иш сапарын баяндаган гезит кабарчысы Динар Турдубаеванын макаласын тартуулады.
“Туунун өңүн өзгөртүш керекпи же жокпу?” деген суроого ой-пикирлер, Улуу Ата Мекендик согуштун каармандары тууралуу баяндар, физик окумуштуу Самат Кадыровду эскерүүгө арналган макала, депутат акын Эгемберди Эрматовдун эсселери бар.
Кайрадан “Фабула” гезитине кайрылсак. Айтылуу “Викиликс” дагы бир жаңылыкты жарыкка чыгарганын, ал маалыматта апрель окуясына байланыштуу айыпталган Оксана Малеваная Американын ал кездеги элчиси Татьяна Гфеллер менен жолугушканы баяндалганын, Оксана элчи айымга Медет Садыркулов менен чогуу жашап келгенин, ортодо уулу бар экенин, Медетти азгырган Валентин Богатырев менен Сергей Слепченко болгонун, Садыркуловдун өлүмүн агездеги Улуттук Коопсуздук кызматы уюштура албасын, баарынан кызыгы коомчулукта ага чейин саясат талдоочу катары таанылып жүргөн Валентин Богатырев менен Сергей Слепченко Орусиянын атайын кызматынын адамдары экендигин айтып бергенин шардана кылды.
Ушул эле гезит имиштерди да таратты. Маселен “Чек ара башчылыгына Токон Мамытов, УККга Бусурманкул Табалдиев, Финансы министрлигине Акылбек Жапаров, Ветеринардык кызматка Талант Узакбаев, Чүй губернаторлугуна Темир Сариев, Коргоо министрлигине Исмаил Исаков, Жалал-Абад губернаторлугуна Алтынбек Сулайманов, Бажы кызматынын башчылыгына Тайырбек Сарпашев, Маданият министрлигине Султан Раев кудаланып жатса, Мелис Эшимканов, Замира Сыдыкова, Дүйшөнкул Чотонов, Бектур Асанов, Топчубек Тургуналиев элчилик кызматка даярданып жатыптыр дешет, жогорудагылардын ичинде “арнамысчылар” арбын болгондуктан Феликс Кулов Атамбаевге “сунуш менен кирбей эле, жумуш менен киргенби” деген ой кетет экен” деп жазды.
Бүгүн жарык көргөн “Алиби” гезити алгачкы эле макаласын “Марат Султановдун үйүнө ким граната ыргытышы мүмкүн?” деген суроонун тегерегиндеги сөздөргө арнады.
“Эгер Марат мырзаны президенттикке шаасы көп талапкерлердин бири катары эсептесек, анда ага гранатаны “бакиевчил” күчтөр ыргытты десек болот. Себеби маалыматтарга караганда Бакиевдердин үй-бүлөсү президенттик жарышта өз ставкасын Адахан Мадумаровго коюп, түштүктөн “жалгыз кандидат” чыгарууга азыртадан эле күч жумшап жатат. Муну жүзөгө ашыруу ишинин башында баягы эле Үсөн Сыдыков турат. Демек “жалгыз кандидатка” Марат мырза чоң тоскоол жаратат, анткени анын кадыры Адахандын кадырынан ашса ашат, бирок кем калбайт. Ушундан улам, атаандашты жарыштан баш тарттыруунун бир жолу деп түшүнсөк болот.
Экинчи версиясы - “Ата Журт” партиясында Мараттан башка дагы эки-үч талапкер бар. Алар да Марат өңдүү күчтүү атаандаштын өз жолуна бөгөт болушун каалашпайт.
Үчүнчү версиясы - такыр башка күчтөр атайылап провокация кылуу үчүн жасашы мүмкүн. Маратка жамандык кылгысы келгендер граната ыргытпай деле, жолдон кармап алып, жасачу жамандыгын жасамак. Анан дагы бир окуя эске түшөт. Бакиев заманында ал кездеги оппозиционер депутаттар Иса Өмүркулов менен Роза Отунбаеванын үйлөрүнө да граната ыргытылганын эске сала кетмекчибиз” деп белгиледи.
“Алиби” гезити ошону менен бирге эле Жогорку Кеңештин эки фракциясы тарабынан өлкө эгемендигинин 20 жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 66 жылдыгына карата Кыргызстандын жаңы тарыхында эң чоң мунапыс берүү жөнүндө эки мыйзам долбоору даярдалып жатканын, эгер бул мыйзам кабыл алынып калса, жашы жете электер, 55 жаштан ашкан аялдар, 60тан өткөн эркектер, боюнда барлар, 1-жана 2-топтогу майыптар, экиден кем эмес жана майып балдары барлар жана мамлекетке коркунучу жок жеңил кылмыш менен отургандар бошотулат.
Депутат Каныбек Иманалиевдин эсебинде түрмөдөн 3470 адам биротоло бошоп, 3768 адамдын мөөнөттөрү ар кандай өлчөмдө кыскартылат, бул мунапыстын аркасы менен түрмөлөрдөгү 275 аялдын 200гө жакыны эркиндикке чыгат.
“Кез-кези келгенде” деген рубриканын алдында Кыргыз эл жазуучу Мар Байжиевдин Кыргызстандын мамлекеттик эн белгилерин өзгөртүүнү жактай турган ой-пикири басылды.