Жээнбеков: Сот реформасын ишке ашырууга эрк жетет

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков 17-майда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн соттук реформа боюнча кеңештин жыйынында соттун баяндамачысын какты. Ал Жогорку Сотко караштуу сот реформасы боюнча жумушчу топтун жетекчиси Гүлжан Эсеналиеванын сөзүн бөлүп, сот реформасы боюнча сөздөн ишке өтүү керектигин айтты.