Президенттикке киришкенине бир ай болгон Сооронбай Жээнбековдун ишмердиги тышкы саясаттагы иш сапарлары менен эсте калды көрүнөт.
Анда бери Жээнбеков үч өлкөгө: Орусияга, Өзбекстанга жана Казакстанга иш сапары менен барууга жетишти. Алардын ичинен эң эле кызыгуу туудуруп, көңүл бурулганы Казакстан менен мамиле болду.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кескин сынынан кийин бир жарым айга созулган "соода согушу", чек аранын жабылышы жана үстөккө-босток кайым айтышуу менен коштолгон кыргыз-казак мамилеси Сооронбай Жээнбековдун казак президенти Нурсултан Назарбаев менен алгачкы жолугушуусунан соң жөнгө салынды.
Бийликчил КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров дал ушул кадамын жаңы президенттин алгачкы ийгилиги катары баалап жатат:
- Бүгүн эл арасында президентке болгон ишеним абдан жогору. Эмне дегенде аз эле убакыт ичинде Сооронбай Шарипович президенттикке келген соң эл аралык мамилелер өтө жакшырганын баарыбыз эле сезип жатабыз. Албетте, өзүнүн алдына койгон максаттардын баарына бир ай ичинде жетүү кыйын. Бирок бул максаттардын аягына чыгат деген ишеним бар.
Шайлоо маалында Сооронбай Жээнбеков президенттикке шайланса коррупция менен күрөштү күчөтүүгө убада берген эле. Жада калса анда 35 коррупционердин тизмеси бар экенин айтып, аларды жазага тартарын айткан.
Президенттикке киришкени Сооронбай Жээнбеков баш прокурор, УКМКнын төрагасын кабыл алып, бийликтеги коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнү тапшырды. Бирок саясий эксперт Орозбек Молдалиев реалдуу түрдө бул багытта батыл кадамдар көрүнө элек деп эсептейт.
- "Бийликке келген соң коррупция менен күрөштү күчөтөм" деген. Коррупция менен качан күрөшөт, билбейм. Бул маселе ордунда эле турат. Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүнү дайындады. Бирок алар мурда даярдалган материалдар экени көрүнүп турат. Башка жагынан "мен Атамбаевдин жолун улантам" деген сөзүнөн тана элек. Буга мисал катары мурдагы президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязовду кайра алып келип, өз администрациясын башкартып жатат.
Молдалиев белгилегендей, учурда жаңы президенттин кадрдык жүрүштөрүнө коомчулук кызыгуу менен көз салууда. Жээнбеков азырынча президенттик аппараттын жетекчиси кылып Фарид Ниязовду дайындап, кеңешчилерин алмаштыруу менен гана чектелди.
Эксперт Сейтек Качкынбай жаны президенттин кадрдык жүрүштөрүнөн эле анын мурдагы президенттен канчалык көз каранды экенин байкоого болорун белгилейт. Анын айтымында, азырынча мамлекеттин жаңы башчысынын кыймыл-аракетинен өз алдынча кадам таштаганы сезиле элек.
- Бул киши канчалык деңгээлде өз алдынча иш алып бараарын азырынча айтуу кыйын. Фарид Ниязов баш болгон мурдагы кадрлар кайра келип жатат. Бул болсо иш мурдагы президент менен макулдашуу аркылуу жүрүп жатат дегенди билдирсе керек. Анын үстүнө январь айында КСДПнын курултайы болуп, анын лидерлигине бир гана талапкер катары мурдагы президент Алмазбек Атамбаев каралып жатканын Ниязов билдирип чыкты. Бул болсо Атамбаев саясатта калат дегенди түшүндүрөт.
Жээнбековдун дагы бир эсте калган кадамы - алгачкы жарлыгы менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге "Кыргыз эл баатыры" деген наамды бериши болду.
“Ата Мекен" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиевдин айтымында, Сооронбай Жээнбеков эл алдында убадаларын аткарышы үчүн бир катар маанилүү милдеттер турат. Депутат алардын негизгилери катары төмөнкүлөрдү санады:
- Азыркы президенттин алдында үч маанилүү маселе турат. Биринчиси - бардык күчтөрдүн башын кошуу, колунан келсе президенттин алдында саясий кеңеш түзүп коюшу керек. Парламентке кирбей калган, бирок күчтүү саясатчыларды ошол жакка киргизсе болот. Экинчиси - бул сот реформасы. Эгер азыркы президент сот реформасынын башында турбаса, азыркы абалы менен кыргыз мамлекетинин алсырашына алып келет. Үчүнчүсү - чек ар маселелерин аягына чыгарыш керек. Ал эми буга эрк жетеби, буга азырынча баа бере албайбыз. Убакыт көрсөтөт.
Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда президенттик шайлоодо жеңишке жеткен. Социал-демократиялык партиядан көрсөтүлгөн Жээнбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жолун улантарын билдирген.