Жаңы өкмөт парламент сынынан өттү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы курамын жактырды. Парламент 20-апрелдеги жыйында өкмөттүн программасын, тутумун жана курамын карап, колдоду. Жыйынга 115 депутат катышып, "макул" деп добуш беришти. Жаңы курамдын программасы "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" деп аталат. Аны премьер-министрликке көрсөтүлгөн Мухаммедкалый Абылгазиев депутаттарга окуп берди.