"Жаңы Сибирь" же бузулган тил

Новосибирск шаарын “Жаңы Сибирь” деп тамтаңдагандар жөнүндө “Фабуладагы” макаласында журналист Баратбай Аракеев жазып чыкты.
“Фабула” гезитинде “Кара-Кечеде качан тартип орнойт!” деген ат менен Кара-Кечеге эң жакын жайгашкан Баш-Кууганды айылынын тургуну жана Жумгал райкеңештин төрагасы Калыбек Ажыгуловдун макаласы жарык көрдү.

Журналист Баратбай Аракеев “Кадам ушул” аттуу макаласында кыргыз тил маселесине кайрылып, өткөндө 5-каналдын кабарчы кызы орустардын Новосибирск деген шаарын “Жаңы Сибирь” шаары деп кыргызчалатып айттым деп тамтаңдап сүйлөп уят болгонун, илгери казак туугандар да казакчалайт десе ашынып кетип жазуучу Лев Толстойду “Жоон Арстан” деп которгонун анын сыңары журналисттер эне тилдин кадырын кетирип “артык кылбай эле тыртык кылып”, “подстанция” дегенди чанып “көмөк чордон” деп, “зым” дегенди чанып “чубалгы” деп сүйлөп калышканын, чубалгы дегениң башына оронгон селдесиби, же өлүккө оролгон кепиниби, же уй байлаган жиппи же арканбы, же састумоо тийген мурундун токтобой аккан бирдемесиби, чубалды деп ошолорду айтса жарашарын, андан да кыргыз баласы “чубалгы” деп сүйлөбөстүгүн айтты. Ал ошондой эле манкурттар уят деп “майып” деген алданемедей кыргыз сөзү турса аны чанып, “мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар” дегенди таап алып тантырап келатышканын, ортодогу көпүрөсүн суу алып кетип бир айыл бир айылга каттай албай калса мүмкүнүчүлүгү чектелди деп айтса жарашарын мисалга тартып жаны кашайды.

Аракеевдин айткандары калетсиз чындык экендигине кошулуу менен элдин алдына ырдап чыгып аткан ырчыларга, аларды тынбай ырдатып, сүйлөтүп келаткан радиолордун, телеканалдардын, гезиттердин журналисттерине айтаарыбыз “жандуу үн менен ырдады” деген тантык сөздү жоюп, мындан ары “өзү үнү менен ырдады” же “фонограммасыз ырдады” деп эле айтып, жазсаңар деп кеңеш беребиз. Анткени кыргыз жин тийип ооругандарды, жин оорусу барларды гана “жандуу дарты” бар экен, “жандуу дарт” менен ооруптур” деп койгон. “Жандуу үн” деген “Жиндүү үн” дегендей эле кеп...

“Алиби” гезити журналист Темирбек Алымбековдун “Маң кылган мамлекет маселеси... Купшуңдаган “Кумтөр-гейт” деген макаласы менен бүгүнкү санын ачты. Автор Кумтөр маселеси кыйла жылдан бери ар бир кыргыздын канын кайнатып, намысын ойготуп жатканын, муну сезген саясатчылар алтын көйгөйүн көзүр картадай эле пайдаланып келатканын, депутаттар жакында эле жоопкерчиликтен качып, Кумтөр маселесин референдум менен эл чечсин дегенге дейре барышканын, алтын деген абалтадан эле далайлаган хандар менен бектердин башын жутуп келгенин, алтынга аралашкандан кийин анын артынан жүгүргөн адам көргө кирип да кутула албастыгын, андыктан элге сала берип проблемадан чыга качуу оңой жол экенин, бирок эл шайлаган депуттаттар кыйшалактабай, Кумтөрдү кыргыздын кызыкчылыгы үчүн чечүүсү керектигин эскертип өттү.

“Кыргыз туусу” гезити бул санын “президент Алмазбек Атамбаевдин “Саясий оюндарга бөгөт коюш керек!” деген сөзүн баштема кылуу менен кечээ “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн Коргоо Кеңешинин диний чөйрөдөгү саясатка байланыштуу жыйыны тууралуу кыскача баяндама берди.

Нарынкүл Назаралалиеванын макаласы “Сейил бакты сатып сейилдегендер” деп аталып, макала “Паракор партиялаштардан арылабыз”, “Ресторан менен АЗСтерден жутадык беле?”, “Ата-Түрк” паркын айланган коррупция”, “Бишкекте “жер жегичтер” көпбү?” деген кошумча темалардан турду.

Тарых илимдеринин доктору Төлөбек Абдырахмановдун макаласы “Кыргызстандагы диний кырдаал жана ислам төбөлдөрүнүн чабалдыгы” деген ат менен тартууланды.

Роза Айтматованын “Эстен кеткис учурлар” деген уландысы бар эскерүүсү, Молтой тегин Тумандын сандан санга жарыяланып келаткан “Таш бараң” аттуу даректүү повестинин уландысы да “Кыргыз туусу” гезитинин бүгүнкү санында.