7-январда Кыргызстандагы ортодокс христиандар (православдар) Исанын туулган күнүн белгилөөдө. Таң эрте Бишкектеги жана жер-жерлердеги чиркөөлөрдө сыйынып, шам жагуу жөрөлгөлөрү өткөрүлдү.
Кыргызстанда совет доорунан бери ислам менен православ христианчылыгы салттуу диндер катары саналып келген. Бирок эгемендик менен кошо Кыргызстанга исламдын да, христианчылыктын да башка агымдары кеңири кирди. Ошентип бул жерде конфессиялар ортосунда толеранттуулук маселеси актуалдуу болуп турат.
Исанын туулган күнүндө сыйынуу парз болгондуктан, Бишкектеги православдар таң эрте борбордук чиркөөгө келип жатышты. Алардын басымдуу бөлүгүн орто жаштагылар түздү. Түшкө чейин христиандар чиркөөлөрдө шам жагып, кудайга жалбарып, жан-дүйнөнүн тынчтыгын тилеп турушту.
Бишкектеги борбордук чиркөөнүн диний кызматкери Афанасий эки динди тутунган жарандар арасында эч кандай пикир келишпестик жок деп эсептейт:
- Православ христиандары менен мусулмандар бири-бирине абдан толеранттуулукту көрсөтүп келишет. Чыныгы мусулман христиан адам менен эч качан чатакташкан эмес. Православ христиандары да эч качан эч ким менен карама-каршылыкка барбайт. Мусулмандар кудай бул адилеттүүлүктүн өзү дешсе, бизде кудай деген бул сүйүүнүн өзү. Сүйүү менен адилеттүүлүктүн чатакташа турган деле эч нерсеси жок.
Христианчылыктын православ багыты Кыргызстанга кеминде бир жарым кылым мурда келген. Адистердин баамында, мусулмандар менен православдардын ортосунда бири-экинчисин динин алмаштырууга мажбурлаган учурлар дээрлик болгон эмес.
- Азыр башка бир агымдарга киргендер өздөрүн православбыз, же христианбыз деген менен алар чындыгында дин эмес, динге өздөрүн таандык деп эсептеген агым сыяктуу болгондуктан, алар терс таасирин берип турат. Бирок православ чиркөөсү менен биздин муфтияттын ортосундагы мамиле, же эки дин ортосундагы мамиле азыркы күнгө чейин өзүнүн нугунан чыга элек.
Кыргызстан эгемендикти алгандан кийин Баш мыйзамына дин тутуу эркиндиги киргизилген. Ошондон кийин Кыргызстанга исламдын да, христинчылыктын да ондогон агымдары орун алды. Азыр өлкөдө диндер жана диний агымдардын саны отуздан ашты. Ал эми диний уюмдардын жана мекемелердин жалпы саны 2200дүн тегерегинде.
- Кыргызстандын заманбап тарыхы ар кыл маданият, дин, конфессиялардан турат. Албетте акыркы кезде өлкөдөгү диний кырдаал боюнча көп талаш-тартыштар бар. Бирок Кыргызстандын таяна турган нерсеси бар. Менин көз карашым боюнча, салттуу диндердин катарына кошо турган диндер бар. Алар албетте мусулманчылык жана православ багыты.
Бирок бул эки динге гана артыкчылык берилсе, башка динди кармангандардын укуктары тебеленет дегендер бар. Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият, маалыматтык жана диний саясат боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев:
- Ооба, Конституциялык нормага ылайык, алардын айткандары деле туура. Ошол эле Конституцияда элдердин биримдиги, мамлекеттердин стабилдүүлүгү деген норма бар. Анда дин маселеси абдан чоң роль ойногонун эске алышыбыз керек.
Кыргызстанда мусулмандардын Орозо жана Курман айты менен кошо православдардын Исанын туулган күнү майрамы (Иса - христиандар үчүн кудай, мусулмандар үчүн - пайгамбар) расмий майрам катары белгиленет. Ал эми, айталы, католиктер же протестанттар бул майрамды декабрда өз алдынча чиркөөлөрүндө белгилеп жүрүшөт.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.