Муну бышыктаган келишимдерге 10-июлда Бишкекте кыргыз өкмөтү менен Liglass Trading CZ. SRO компаниясы кол койду. Документке кыргыз тараптан Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев, чех тараптан Liglass Trading CZ. SRO ишканасынын директору Михаел Смелик кол коюшту.
Орус жана чех келишимдеринин айырмасы
Келишим өкмөт менен жеке компаниянын ортосунда бекип жаткандыктан, Жогорку Кеңештин ратификациясын талап кылбайт. Мындан тышкары келишимде курулуш учурунда талаштуу жагдайлар Кыргызстандын мыйзамдары жана соту аркылуу чечилет деп жазылганы маанилүү пункт болгонун Энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиев журналисттерге айтты.
- Келишимде курулуштун мөөнөттөрү так жазылды, мындан башка кыргыз тараптын акциялары ишеним башкармалыгына берилбейт. Мурдагы келишимде Кыргызстандын 25 пайыз акциясы долбоор өзүн актаганга чейин ишеним башкармалыгына берилет деп жазылганын жакшы билесиздер. Ошондой эле бул келишимдин өзгөчөлүгү - инвестор салык төлөмдөрдөн бошотулбайт.
Чех инвесторлору Нарын каскадын курууда кыргыз тараптын Орусияга болгон 37 млн. доллар карызын өз мойнуна алып жатат. Алдыдагы отуз күндүн ичинде Liglass Trading аталган сумманы атайын эсепке которорун компаниянын өкүлү Йиржи Войтеховски билдирди.
- 37 миллион долларды биз баштапкы капитал катары салым кошуп жатабыз. Бул акчаны Нарын каскадынын 50 пайыз акциясына ээ болуу үчүн күрөө катары беребиз. Жалпысынан алсак биринчи этапка биз 230 млн. доллар салганы жатабыз. Бул каражатка Акбулуң жана 1-Нарын ГЭСтин курулушу башталат.
Баа кескин азайды
Буга чейин Орусия Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушун 727 млн. долларга баалаган. Анда бул келишим өтө эле жогорку баада макулдашып калганын энергетика жаатындагы адистер айтып келишкен эле.
Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев “Азаттыкка” билдиргендей, бул саам курулуштун наркында нааразычылыктар чыкпашы керек, себеби чехтер реалдуу бааны сунуштап, 500 млн. доллардан ашырбай турганын айтышкан.
- Бир убакта Орусиянын баасы 1 млрд. доллардан ашып кеткен. Бул боюнча көп суроолор чыгып, аны далилдөө маселеси турган. Азыр эми биздин чех инвесторлор реалдуу бааны берип жатышат. Алар курулуш толугу менен 500 млн. доллардан ашпайт деп жатышат. Мунун бардыгы үч айдан кийин техникалык-экономикалык негиздеме дайын болгондон кийин так баасы чыгып, коомчулукка айтабыз.
Нарын каскаддарын курууда чех компаниясы орустардан 300 млн. доллар бааны арзан айтып жатканын, Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов колдоого аларлык дейт. Анткен менен эл аралык инвесторлорго алдыңкы иштин жүрүшүндө гана баа берүүгө болот дейт депутат. Анын пикиринде чехтер 37 миллион доллар карызды өзүнө алганы менен, Кыргызстанда акчаны кымырып алгандар жазасыз калбашы керек:
- Бул курулушка 37 миллион доллар кеткен эмес деген бүтүмдү парламенттик комиссия чыгарып, күнөөлүүлөр жазалансын деп прокуратурага бергенбиз. Бирок бүгүнкү күнгө чейин бир дагы адам кармалып, жазалана элек. Менин эсептөөмдө ал курулушка болжол менен 17 миллион доллар жумшалса жумшалгандыр, калганын кыргыз менен орус чиновниктери уурдап кеткен. Азыр карызды чех тарап алып кетти деп сүйүнгөн туура эмес, биз баары бир эми чех инвесторлоруна ал акчаны карыз болуп калдык.
Чакан ГЭСтерди изилдөө башталат
Ошентип 10-июлда кыргыз өкмөтү Чехиянын жеке компаниясы менен эки келишимге кол коюп, анын бири Жогорку Нарын ГЭСтер каскады жана Акбулуң ГЭСинин курулушуна таандык болду. Тараптар экинчи келишим менен Папан, Сол Кара-Суу-1, Сол Кара-Суу-2, Орто-Токой-1, Орто-Токой-2, Киров, Чоң Ак-Суу, Сандык-1, Сандык-2, Сандык-3 чакан ГЭСтеринин курулушун жүргүзүүнү бекитти. Анын негизинде алдыңкы алты айда чакан ГЭСтердин курулушунун техникалык экономикалык негиздемеси иштелип чыгып, 2019-2020 жылдарга чейин аталган электр станциялары ишке берилиши керек.
Чехиянын Liglass Trading CZ. SRO 2003-жылдан бери энергетикалык объекттерди куруунун үстүндө иш алып барат. Компания Чехияны эсепке албаганда Европадагы Словакия, Италия, Сербия өңдүү бир катар өлкөлөрдө жана Чеченстанда ГЭС куруу жаатында тажрыйбасы бар.
Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча 2012-жылы Кыргызстан жана Орусия өкмөттөрү макулдашууга кол койгон эле. Ага ылайык, Орусиянын "Русгидро" компаниясы аталган эки энергетикалык объект курмак.
Жогорку Нарын каскадын куруу үчүн тиешелүү жер тилкеси бөлүнүп, атайын жумушчулар шаарчасы курула баштаган. Аталган долбоордун жалпы баасы 727 млн. доллар деп эсептелген. Курамына төрт ГЭСти камтыган каскад жыл сайын 1 млрд. киловатт сааттын тегерегинде электр энергиясын өндүрмөк. Бирок бул жаатта иш шыр жүрбөй, үзгүлтүккө учурагандыктан 2015-жылы Кыргызстандын демилгеси менен макулдашуу денонсацияланган.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.