Апта: Өзбекстанга сапар, Кулматовдун айлыгы

Алмазбек Атамбаев

Узап бараткан аптада партиялардын Бишкек шаардык кеңештерге өткөн талапкерлеринин тизмесинде өзгөрүүлөр болду. Президент Алмазбек Атамбаев Индияга барды. Түркияда Орусиянын элчиси атып өлтүрүлдү.

Тышкы саясаттагы жүрүштөр

Узап бараткан апта тышкы саясатка байланышкан окуяларга жана сапарларга бай болду.

19-декабрда кыргыз президенти Индияга мамлекеттик сапар менен барды. 23-декабрда Кыргызстанга Ирандын президенти Хасан Роухани келди. 24-декабрда Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга барды. Андан ары ал Санкт-Петербург шаарында Евразия экономикалык биримдигинин саммитине катышмакчы. Январь айында президент Атамбаевдин Кытайга сапары белгиленгени кабарланды.

Хасан Роухани менен сүйлөшүүдөн кийин Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсүнө караганда, анын Өзбекстан жана Кытайга сапар учурунда бул өлкө лидерлери менен сүйлөшүүдө Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу негизги маселе болмокчу. Бул темир жол Өзбекстандан ары Түркмөнстан, Иранга өтүүгө тийиш. Ага Иран тарап да кызыкдар болгонун Алмазбек Атамбаев белгиледи:

- Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Түркмөнстан-Иран темир жолун курууга биргелешкен кызыгуу бар. Бул маселе Кытай Эл Республикасына жана Өзбекстанга сапарым учурунда негизги темалардын бири болот.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу куруу долбоору Аскар Акаевдин доорунан бери көтөрүлүп келатат. Биринчи учурда Кытай өлкөсү аны Эркеч-Там аркылуу Өзбекстанга алып өтүүнү сунуштаган. Бирок Кыргызстанга темир жол Торугарт аркылуу өтүп, өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн темир жол менен туташтыруусу максатка ылайыктуу экени ошол мезгилде эле белгилеп, Бээжин ага макул болгон. Андан бери көп сүйлөшүүлөр жүрүп, азыркы кезде тараптар жолдун эни боюнча маселеге такалып турганын Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчыларынын бири белгиледи. Президент Атамбаевдин Кытай жана Өзбекстанга сапарлары учурунда ал маселе кандай чечилери аныкталмакчы.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Атамбаев менен Мирзиёев жолукту

Ал арада Өзбекстан темир жолун куруу боюнча кыргыз тараптын позициясын колдогону маалым болду. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков билдирди. Анын айтымында, кыргыз-өзбек президенттери Алмазбек Атамбаев менен Шавкат Мирзиёев Самарканддагы жолугушуусунда эки тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде аймактык долбоорлорду талкуулаган. Өзбек тарап аталган темир жол долбоорун кубаттады.

Президент Атамбаев Өзбекстанга барды

Президент Атамбаев Өзбекстанга барды

Президент Алмазбек Атамбаев 24-декабрда иш сапар менен Өзбекстандын Самарканд шаарына барды.

Кыргыз мамлекет башчысынын Өзбекстанга, Кытайга сапары учурунда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу маселеси көтөрүлүшү күтүлөт. Өзбекстанды ГЭСтин курулушуна тартуу же бери дегенде каршылыгын жоюу Кытайдан инвестицияга тартууга жол ачат. Бул ири долбоорго каражат салууга Кытайда мүмкүнчүлүк бар экени белгилүү.

Кыргызстандын оппозициялык маалымат каражаттарында президент Атамбаевдин Индияга сапары учурундагы “Акаев "Вольводо" жүргөндө, мен "Мерседес" айдап жүргөм” деген сыяктуу сөздөрү жана сапардын жыйынтыгы сынга алынды.

Маалымат каражаттары "тажик президенти Индияга сапары учурунда ГЭСтерди куруу боюнча макулдашууга жетишсе, Кыргызстан президенти бир медициналык аппарат менен кайтты" деп жазышты. Чындыгында эле Эмомали Рахмондун 16-декабрдагы Индияга сапары учурунда Khoday Group of Industries компаниясы Тажикстанда Нурабад-1, Нурабад-2 жана Фондарье ГЭСтерин курууну караштырууга макулдук бергени кабарланган.

"Ата Мекендин" айыптары

Президенттин дарегине сын анын негизги саясий оппонентине айланган “Ата Мекен” партиясы тарабынан уланды. Бул ирет “атамекенчилер” УКМКга караштуу Коррупцияга каршы кызматты президент өз жардыгы менен мыйзамсыз түзгөнүн, Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун курууда мыйзамдар ондоно түрдө бузулуп жатканын билдирип чыкты.

"Белизгейт": Текебаев Сегизбаевге чара көрүүнү суранды

"Белизгейт": Текебаев Сегизбаевге чара көрүүнү суранды

“Ата Мекен” партиясы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Абдил Сегизбаевге юридикалык баа берүү боюнча Башкы прокуратурага кайрылды.

“Ата Мекен” ошондой эле Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун ишине да назар салып, анын башчысы Кубанычбек Кулматов айына 15 миң доллар маяна алып, бирок фонддун иши тууралуу Жогорку Кеңешке маалымат бербей жатат деп айыптады. “Белизгейт” боюнча УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевге юридикалык баа берүү өтүнүчү менен “Ата Мекен” Башкы прокуратурага кайрылды.

Өмүрбек Текебаев Абдил Сегизбаев “Белизгейт” боюнча документтердин көчүрмөсүн бербей жатат деди:

- Парламенттик угуу убагында Абдил Сегизбаев эч кимди күнөөлөбөгөндүгүн, болгону ошол кагаздарды иликтеп жатканын айтып, эгер сурасаңар көчүрмөсүн беребиз деп убада берген. Мен депутаттык суроо-талап берип көчүрмөсүн сурагам. Жакында расмий кагаз алдык. Анда "Ыкчам иликтөө кызматы жөнүндө" мыйзамга каршы келет деп ошого шылтоо кылыптыр. Бирок ал кагаздардын сыры деле калган жок. Анткени президент экөө баш болуп КТРК, дагы башка маалымат каражаттардан таратты. Өзү парламентке келип баарын окуп берди. Ал бир нече мыйзамдарды бузду, ошон үчүн жооп бериши керек.

Өлкөнүн мурдагы башкы прокурору Байтемир Ибраев биринчиден, УКМК “Белизгейтке” байланыштуу кагаздарды коомчулукка ачык көрсөтпөшү керек эле деп, экинчиден, шектүү делип жаткан адамдар ал документтердин көчүрмөсүн алууга укуктуу экенин белгиледи.

УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев президент Алмазбек Атамбаевге тапшырган кагаздарда “Ата Мекен” фракциясынын мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова “Мегаком” компаниясынын 51% акциясын алууга аракет жасаганы көрсөтүлгөн болчу. “Атамекенчилер” аны жалган жалаа жана каралоо деп аташкан. Көп жерлеринде так эместиктер байкалган ал документтер боюнча текшерүүнү Башкы прокуратура жүргүзүүдө. Эгерде Белизден алынды делген документтер жасалма болуп чыкса, Абдил Сегизбаев жооп берерин Алмазбек Атамбаев эскерткен.

"Аганы көрүп ини өстү"

Узап бараткан аптада жергиликтүү кеңештерге шайлоодон кийин талапкерлер тизмеси өзгөртүлүп чыкты. Тизмени мындай өзгөртүү өткөн жылы Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин чоң жаңжал жаратып, кээ бир депутаттардын мандаттары бир нече жолу алынып, кайра берилген учурлар болгон. Маселен, “Республика-Ата Журт” партиясынын тизмесиндеги Жыргалбек Саматов бул үчүн бир нече жолу соттошкон.

Парламенттик шайлоодон кийин мандат талаш жаңжалдар “Республика-Ата Журт” жана “Кыргызстан” фракцияларында көп болгон. Мына ошол көрүнүш ушул эле партияларда 11-декабрдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоодон кийин кайра кайталанды. Бул эки партиядагыдай көрүнүш “Өнүгүү” жана республиканын саясий айдыңына Ош, Бишкек шаардык кеңештери аркылуу чыгып келаткан “Мекеним Кыргызстан” партиясында да болду. Бирок бул ирет талапкерлер ортосунда “соттошуу жана оттошуу” болбоду. Анткени Жогорку Кеңеш быйыл январь айында эле “Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизип, анда добуш берүүдөн кийин тизмени өзгөртүүгө партияларга уруксат берген.

Өмүрбек Бабанов

Мына ошонун негизинде 11-декабрдагы шайлоодон кийин “Республика-Ата Журт” партиясы Бишкек шаар кеңешиндеги 12 депутаттык орунга баштапкы тизмеден үч эле талапкерди калтырды.

“Өнүгүү-Прогресс” партиясы жеңип алган сегиз депутаттык орунга тизме башындагы алты талапкерге мандат берүүүнү чечти. “Мекеним Кыргызстан” партиясы шаар кеңештеги жети орунга тизме башындагылардан үч эле талапкерге депутаттык орун берүүнү чечти.

Мындай өзгөрүүлөр талапкерлердин бөлүнгөн участогунда алган добушуна жараша болуп жатканын партия өкүлдөрү билдиришүүдө. “Республика-Ата Журт” партиясынын Бишкек шаардык кеңешине талапкерлеринин тизмесинде биринчи ондукта болгонуна карабай, жетиштүү добуш топтой албагандыктан мандат албай калганын Эрмек Ниязов билдирди:

- Ар бир талапкердин өзүнө бекитилген участогу бар болчу. Алар ошол участоктон иштеп, тиешелүү добуш алууга милдеттендирилген. Мен өзүмдүн участогумда үйлөрдү кыдырып, үгүт жүргүздүм. Бирок алган добушум жетпегенине байланыштуу шаардык кеңешке өткөн жокмун.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер тизмесин да добуш берүүдөн кийин өзгөртүүгө уруксат берген жобону Шайлоо кодексине киргизүү аракети жасалган. Бирок ал колдоо таппай калган. Андай аракет келечекте кайра жасаларын серепчилер белгилейт.

Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков Кыргызстанда мандатты сатып алуу өнөкөтү орун-очок алып калды дейт:

- Тилекке каршы, биздин коомдо, биздин мамлекеттик бийликте акчанын, байлыктын ролу баалуулуктарга, адилеттүүлүккө, адамдын коомдогу туура ээлеген ордуна караганда аябай маанилүү болуп кетти. Муну акыркы убакта биздин бийлик, Жогорку Кеңештеги көпчүлүк депутаттар жетекчиликке алып, жергиликтүү кеңешке да, парламентке да жалаң акчасы, байлыгы бар адамдар келе баштады. Бул биздин мамлекетте олигархиялык бийлик орноду дегенди түшүндүрөт.

Мыйзам боюнча партиялык тизме менен иш жүзүндө бир мандаттуу округдардан шайлоону билдирген мындай эрежени өзгөртүүгө партия лидерлери аракеттенбейт. Анткени партиялык монополиядан ажырап калуудан чочуйт.

Карловдун атылышы, Берлиндеги теракт...

Узап бараткан аптада дүйнөдө бир катар чуулгандуу теракттар жасалды. 19-декабрда Анкарада сүрөт көргөзмөсү учурунда Орусиянын Түркиядагы элчиси атып өлтүрүлдү. Ушул эле күнү Берлинде террорчу жүк ташуучу автоунаа менен базардагы элди бастыра айдагандан 12 адам өлүп, 50 чукулу жабыркады. Бул кылмышты 24 жаштагы тунистик Анис Амри жасады деп шектелип, ал 23-декабрда Италияда полиция менен атышууда өлтүрүлгөнү кабарланды.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Түркиядагы орус элчиси өлтүрүлдү

19-декабрда Анкарада орус элчиси Андрей Карловдун атып өлтүрүлүшү ар кандай жоромол жана шектерди пайда кылды. Түркия жана Орусия президенттери элчини өлтүрүүнүн максаты эки мамлекеттин ортосуна чок таштоо деп атады.

Түркия элчини аткан 22 жаштагы Мевлүт Алтынташты Фетхуллах Гүлендин ФЕТО уюмунун мүчөсү деп атады. Президент Режеп Тайип Эрдоган көп жагдайлар мына ошондон кабар берет деди:

- Бул жерде анын ФЕТОнун мүчөсү экенин жашыруунун кажети жок. Анын бардык байланыштары, кайсы жерде билим алуусунун учугу ФЕТОго алып барат.

Режеп Тайип Эрдоган ошондой эле элчини аткан Алтынташтын чет жактардагы байланыштары аныкталып жатканын, ал иликтөөлөр жыйынтыгы менен маалымдаларын белгиледи.

Түркия бийлиги айыптаган Фетхуллах Гүлен видео кайрылуу менен чыгып, элчини атып өлтүрүүнү аны менен байланыштырбоого чакырды:

- Менин жупуну пикиримде, алдыдагы эң чоң коркунучтар мен мурда эскерткендей, бул окуя башка кол салууларга алып келип, ал үчүн да “Хизмет” кыймылын айыпташат. Бирок дүйнө ага ишенбей, күлкүгө алат. Бүт дүйнө аларды шылдыңга алып, эч ким ишенбейт.

Мевлүт Алтынташ орус элчисин атып жатып “Алеппону унутпагыла” деп кыйкырып, өз аракетин Сирия үчүн өч алуу катары туюнтууга аракеттенген.

Алеппо

Алепподон болсо козголоңчулардын калгандары чыгарылып, өкмөт шаарды толук көзөмөлүнө алганы кабарланды. Сириядагы жаңжалды саясий жол менен чечүүнүн үстүнөн иштөөгө 20-декабрда Москвада Орусия, Түркия жана Иран тышкы иштер министрлери чогулду. Үч өлкөнүн мындай аракети Сирия маселесин жөнгө салууда алар алдыңкы планга чыгып, батыш четке сүрүлүп калганы айтылууда.

Кошмо Штаттарда шайлоочулар коллегиясы болсо Дональд Трампты шайлап, ал АКШнын расмий шайланган 45 президенти деп жарыяланды. Эми ал январь айында инаугурациясын өткөрүп, президенттик кызматка киришмекчи. Учурда ал келечек администрациясында иштей турган жогорку даражалуу кызматкерлерди тандоону аяктоодо.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.