Жогорку Кеңеште Ош жана Баткен бажысынын башчыларынын иш бөлмөлөрүнөн жашыруун коюлган тыңшоочу аппараттар табылганы, буга укуктук баа берилиши керек экендиги айтылды.
Буга чейин тымызын жаздырылып алынган чуулгандуу аудио, видео тасмалар чыккан жана анын негизинде оппозицияда жүргөн бир катар адамдар "мамлекеттик бийликти басып алууга аракет кылды" деген айып менен камалып, соттолгон.
Мамлекеттик бажы кызматынын Ош жана Баткен облусундагы бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин иш бөлмөлөрүнөн тыңшоочу аппараттар ушул жылдын апрель айында табылганы белгилүү болду.
Муну парламенттеги “Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев 29-майда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов комитетте отчет берип жатканда айтып чыкты. Депутат көзөмөлдөөчү органдын жетекчисин окуяны иликтеп, укуктук баа берүүгө чакырды:
- Аларды ким угуп жатат? Биздин мамлекеттик кызматкерлерди ким мыйзамсыз угуп жатат? Буга катуу чара көрүш керек. ИИМде 7-башкармалык деген бар. Ал жерде да тыңшай турган система бар. "Мурунку жетекчиси ал жерде кандайдыр бир иштерди жасап кетип, УКМКда ал боюнча юридикалык баа берүү жагы каралып жатат" деген сөздөр бар. Жарандарды ким мыйзамсыз укса - муну менен күрөшүү керек. Бул туура эмес. Укуктук өлкөдө мыйзамсыз тыңшоо болбошу керек. Укук коргоо органдары мыйзамсыз тыңшоону токтотушу керек.
ИИМдин басма сөз өкүлү Бакыт Сейитов ыкчам иликтөө иштеринде тыңшоочу жабдуулар мыйзамдуу колдонулуп, тымызын аудио-видео жазуулардын баары мыйзам чегинде жүргүзүлөрүн айтты:
- Конкреттүү бир иш боюнча кылмыш иши козголгондо, соттун санкциясы менен гана ошондой иштерди жүргүзүүгө болот. Мыйзамда өз алдынча тыңшаганга тыюу салынган. Тыңшай турган маселелердин баарын УКМК көзөмөлдөйт. Кимдир бирөө мыйзамсыз тыңшоо жүргүзүшү да мүмкүн. Бирок анын баары мыйзамсыз. Бирок аны ким далилдейт - ал экинчи маселе.
Атайын кызматтын төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкуловдун пикиринде, тыңшоочу аппараттар тууралуу фактылар толук иликтенбей, ким койгону аныкталбай калгандыктан күдүк ойлорду күчөтүп жатат.
- "Ушундай жабдуу табылыптыр, муну ким койду экен?" деген сөздөр аягына чыкпай калып жатпайбы. Ушундай болгондон кийин прокуратурага арыз жазыш керек. Прокуратура ошонун негизинде иликтөө иштерин жүргүзүшү керек. Аны укук коргоо органдары эле эмес, жөнөкөй жарандар деле коюп коюшу мүмкүн. Анан "менде да болгон, менин бөлмөмдөн да чыккан" деп айтып коюп эле калып жатышпайбы. Мыйзамсыз иш жүргүзгөндөр жоопкерчиликке, анын ичинде кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек.
Адатта саясий жооптуу кызматта турган аткаминерлер тыңшоочу аппараттардан чочулап, иш бөлмөлөрүндө иштериндеги айрым жагдайларды кесиептештери, дос-тааныштары менен сүйлөшкөндө телевизордун же радиоприемниктун үнүн чоңураак чыгарып коюшары айтылып жүрөт.
Талдоочу Турат Акимов кийинки убакта мыйзамсыз тыңшоо, тымызын аудио, видеого жаздырып алуу көбөйгөнүн кеп салды:
- Саясий күрөш катуу чыңалып калгандан кийин ушундай көрүнүштөр көп болуп кетти. Азыр ИИМ, УКМК, кыскасы үч-төрт кызмат ушул тыңшай турган ыкмага өтүп алган. Чуулгандуу иштер, акчалуу адамдар, депутаттар, саясий оппоненттер, атаандаштардын, оппозицияга байланыштуу адамдарды тыңшап отурат деп ишенем.
"Жаңы муун" кыймылынын лидери, жарандык активист Айбек Мырзанын оюнда, тымызын тыңшоонун негизинде компромат чогултуу саясий куралга айланды:
- Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин тушунда эң чоң саясий курал тыңшоочу аппараттар болду. Мавлян Аскарбеков болобу, Дастан Сарыгулов болобу, митингди уюштуруу иштерин сүйлөшүп жатканын тымызын жаздырып алып, телевизордон көрсөткөндө ал элге башкача маанай берет, башкача пикир жаралат. Негизинен эле бул туура эмес. Бул саясий куугунтук, элди коркутуу, эркин ой жүгүртүп, пикирин эркин айтканга тоскоол кылган, бөгөт койгон куралга айланды.
2016-жылы жазында атайын кызмат "бийликти күч менен басып алууну пландаган" деген айып менен айрым саясатчыларды, коомдук ишмерлерди камакка алган. Анын алдында мамлекеттик телеканалдардан алардын тымызын жаздырылып алынган сүйлөшүүлөрү жарыяланган.
УКМК "мунун баары мыйзамдуу болгон" деп билдирген. Камалып соттолгондор болсо аны саясий куугунтук, каралоо менен байланыштырып келишет.