Апта: Мэрликти мелжегендер...

Апта соңунда Баткендин кыргыз-тажик чегиндеги Ак-Сай айылына жакын жерде эки өлкөнүн чек арачылары атыша кетүүсү жума ичиндеги орчун окуялардын бири болду.
Узап бараткан жумада мындан сырткары Кыргызстан муфтийи Рахматулла ажы Эгембердиев кызматынан кетүүгө аргасыз болду. Кумтөр боюнча келишим кайрадан талкууга түштү. Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлигине талапкерлер көрсөтүлдү.

Ак-Сайдагы атышуу

Узап бараткан жуманын соңунда кыргыз-тажик чек арасында ок атышуулар болуп, беш кыргыз, үч тажик чек арачысы жарадар болду. Окуя 11-январда Баткен районунун Ак-Сай айылында болду. Бул жерде Ак-Сай - Көк-Таш жолунун курулушу жүрүп жаткан.

Чек арадагы атышуудан кийин, Ак-Сай айылы, Баткен, 11-январь, 2014.

Өткөн жылдын соңунда Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда тиреш чыгып, аксайлыктар Ворухка кетчү жолду бууп, бийликтен Тажикстандын айылдарын айланып өтүүчү жол куруп берүүнү талап кылышкан. Мына ошого жараша кыргыз тарап Тажикстандын аймагын айланып өтүүчү жолду кура баштаган. Эки өлкөнүн чек арачыларынын келишпестиги мына ошол жол курулушуна байланыштуу чыкканы айтылууда.

Белгилеп кете турган нерсе, эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери Токон Мамытов жана Мурадоли Алимардон 7-январда Дүйшөмбү шаарында сүйлөшүп, кооптуу аймактарды биргелешип кайтаруу боюнча макулдашышкан. Эми да эки вице-премьер-министр окуяны биргелешип иликтөөнү макулдашууда.


Мэр шайлоо марага келди

15-январда Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо болот. Борбордун мэрин шайлоодо баары айкын болсо, Ош боюнча суроолор көп.

​ Бишкек шаарынын мэрлигине КСДП фракциясы Чүй облусунун губернатору Кубанычбек Кулматовдун талапкерлигин көрсөттү. Ал тил сынагынан өтүп, шайлоого шайма-шай болуп калды. Кулматов Чүй облусунун губернаторлугуна үч-төрт ай мурун дайындалган. Ага чейин кыска мөөнөттө президенттин кеңешчиси болуп да иштеген эле. Негизи Кулматов апрель ыңкылабынан кийин Бажы кызматын жетектеп келген.

Бишкек шаардык кеңеште көпчүлүктү түзгөн КСДП фракциясы өз талапкерин көрсөткөндөн кийин башка фракциялар өз талапкерин алып да чыккан жок. Алар күрөштүн натыйжасыз болорун алдын-ала билишерин айтышууда.

Маселен, “Замандаш” партиясынын теңтөрагасы Сапар Асанов мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экенин жашырбады:

- Коалициялык көпчүлүктө биздин 6 гана добушубуз бар. Өз алдынча эч кандай чечим кабыл албайбыз. Ошон үчүн талапкер көрсөткөн жокпуз.

Ош шаарынын мэрин шайлоодо болсо интрига, аны менен кошо чочулоолор да орун алууда. Бийлик Ош шаардык кеңеште жаңы көпчүлүк коалицияны түзүп, өз талапкеринин жеңишин камсыздоого мүмкүнчүлүктү түздү. Бирок 15-январдагы шайлоого Ош шаарынын калкынын митингдер аркылуу катышуу мүмкүнчүлүгү бийликти чочулатып турат. Мына ошондуктан кайрадан Жаныш Бакиев менен коркутуу өнөкөтү колго алынды.

“Кыргыз-Ата” партиясынын төрагасы Төлөгөн Келдибаев Ошто чочулоорлор болуп жатканын белгиледи:

- Эң коркунучтуу Ош болуп жатат. Себеби улуттар аралык, террорчулук, регионалдык маселелер ушул Оштон чыгып кетиши мүмкүн. Бийлик менен байлык үчүн күрөшкөн бир кезде Жаныш Бакиевдин оң колу болгондор бүгүнкү күндө азыркы бийликтин оң колу болуп, бийликке келгенге аракет кылып атышат. Бирок 2010-жылдан кийин келген бийликке бул адамдар абийир алып келбейт. Ошол жагына булар көңүл бурбай жатышат.

Бийликтин күчү менен түзүлгөн көпчүлүк коалициянын Ош шаарынын мэрлигине талапкери Айтмамат Кадырбаев. Бул инсан апрель ыңкылабынан кийин 2010-жылы 14-майда Ош облусунда бийликти басып алууга катышкан. Ыңкылапка чейин Ош облусунун губернаторунун орун басары кызматын аркалап келген.

Оштогу “Адам укугу жана демократия” борборунун жетекчиси Идирис Кубатбеков Оштогу шайлоо тууралуу мындай пикирин билдирди:

- Эң негизгиси шайлоо технологиялары чече тургандай болуп калды. Себеби бири-биринен канча депутаттарды кантип алып коёт, кантип добуштарын алат ошого байланыштуу. Балким сатып алабы, балким дагы башкача кылып алабы? Мындайча айтканда 2-3 адамдын добушу чече тургандай болуп жатат. Бул бир варианты. Экинчи варианты боюнча, депутаттар келбей коюп, кворум болбой шайлоо жылып калышы мүмкүн.

Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлигине талапкерлерди кеңештердеги фракциялар жана өкмөт башчы көрсөтө алат. Өкмөт башчы бул укугунан пайдаланган жок. Бул бир жагынан жергиликтүү бийликтин өкмөттөн көз карандысыздыгын камсыздагандай болот. Бирок маселени тереңирээк караганда, баары президенттик аппарат жана ага жакын адамдар тарабынан уюштурулуп жатканы айкын болот. Ошондуктан бул шайлоолор Кыргызстанда бийлик вертикалын президентке карап түздөөнүн кезектеги кадамы экени байкалат.

Келишим чакыртылып алынган жокпу?

Кумтөр боюнча келишим кайрадан күдүк сөздөрдү жаратты. “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 23-декабрда Жогорку Кеңешке жолдонгон келишимди өкмөт кайра чакыртып алганын билдирсе, өкмөт башчы Жантөро Сатыбалдиев келишимдеги стилистикалык жана котормодогу айырмачылыктар такталарын билдирүүдө.

Текебаевдин маалыматы боюнча, өкмөттүн мындай кадамга баруусуна президенттин келишимдин айрым жоболоруна каршы болуусу себеп болгон:

- Өкмөткө президент тараптан келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына толук жооп бербейт деген эскертүү келип түшкөн экен. Ошонун негизинде өкмөт келишимди кайра чакырып алып, анан Жогорку Кеңешке киргизели деген ниети бар экен. Президент да үлүштөрдү 50 пайыздан бөлүштүрүүгө каршы эмес. Башка деталдарын өзгөрткөнү жатышат.

Жантөрө Сатыбалдиев 10-январда журналисттер менен жолугушуп, келишимдин котормолорундагы айырмачылыктар гана караларын билдирди:

- 3-декабрда сунушталып, 24-декабрда парламентте карала баштаганда мен айтканмын, стилистикалык жана котормодогу так эместиктер бар дегенмин. Биз аны жакшылап которобуз, өзгөртүүлөрдү киргизебиз. Чакырып албайбыз.

Жантөрө Сатыбалдиев Кумтөр боюнча президент менен сүйлөшкөнүн, бирок андан эч кандай тапшырма албагынын кошумчалады.

Бирок Кумтөр боюнча сүйлөшүүдө өкмөткө кеңешчи болгон компаниялардын өкүлдөрүнүн Бишкекке келиши маселе котормодогу так эместикте эле эмес, андан олуттуураак экенинен кабар берет.

Кумтөрдө 50 пайыздан үлүш бөлүштүрүүнү караштырган келишим башкаруучу коалициянын ичинде да толук колдоого ээ эмес. “Ата Мекен” фракциясы Кыргызстандын үлүшүн 67 пайызга жеткирүү талабынан кайра тартпасын фракция лидери Өмүрбек Текебаев билдирди:

- Биз 67ден кем эмес үлүшүбүздү алышыбыз керек. Азыр миң тонна алтын жөнүндө сөз болуп жатат. Ал эми “Центерранын” Кумтөрдөн башка активи жок. Анан биз жөн эле 500 тонна алтынды берип коёбуз дегенибиз 2003-жылкы келишимге караганда да оор. Анткени 2003-жылы биз 180 тонна алтын менен киргенбиз. А бүгүн миң тонна алтын менен киребиз деп атабыз. 2003-жылы “Центерра” Түркияда, Орусияда, Монголияда, Орусияда алтыныбыз бар деп алдап кирген. Бүгүн алар эч нерсебиз жок деп келип эле 50% алып коюп жатат. Анан дагы бизди 200 млн. долларга карыз кылып, биздин өзүбүздө иштеп жаткан техникаларды сатып алгыла деп жатат.

Оппозиция курултай өткөрөт

Системалык эмес оппозиция да 15-январда Саруу айылында курултайга чогулуп, Кумтөр маселесин талкуулоону көздөп жатат. “Чындык” партиясынын лидери Кубанычбек Кадыровдун билдирүүсүнө караганда, Саруудагы курултайга президент Алмазбек Атамбев, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев, Жогорку Кеңештеги фракция лидерлери, саясатчылар Азимбек Бекназаров, Равшан Жээнбеков, Аликбек Жекшенкулов, Камчыбек Ташиев, Мелис Мырзакматов жана башкалар чакырылды.

Курултайда Кумтөр эле эмес, башка маселелер да көтөрүлөрүн Кадыров маалымдады:

- Кумтөр. Анан камалган балдарды тез аранын ичинде бошотуу жана саясий куугунтуктарды токтотуу маселеси көтөрүлөт.

Системалык эмес оппозиция өкмөт сунуштап жаткан Кумтөрдөгү үлүштү 50 пайыздан бөлүштүрүүгө кескин каршы чыгып келатат. Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев оппозиция менен диалог парламентте болоорун, ал эми сырттагы оппозициясы менен сүйлөшүү болбосун билдирген.

Тузакка түшкөн муфтий

Узап бараткан жумада Кыргызстан муфтийи Рахматулла ажы Эгембердиев кызматынан кетүүгө мажбур болду. Муфтийдин мындай чечим кабыл алуусуна ал жөнүндө жаңжалдуу видео тасманын интернетке чыгышы себеп болду. Видеодо муфтийдин бир аял менен махабат кумарына батып жатканы тартылган.

Рахматулла ажы Эгембердиев “Азаттыкка” интервьюсунда ал аял никелүү жары экенин билдирген. Аялдын ата-энеси да видео кайрылуу жасап, Рахматулла ажы менен кызы төрт жылдан бери жашап келатканын айткан.

Бул видеокомпраматтын артында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Абдулатиф Жумабаев тураарын Рахматулла ажы Эгембердиев билдирген эле:

- Бул нерсеге Дин иштери боюнча комиссиянын төрагасы Абдулатиф Жумабаев тиешеси бар деп билемин. Ал киши биз муфтийлик кызматка келгенге чейин эле өзүнүн пландарын айткан болчу. Ал менин максатым мамлекеттеги “Таблиги жамаатты” жабыш, анын ордуна башка системаны алып келиш деп айткан. Ошонун негизинде ажылык деп ачык айткан.

Рахматулла ажы Эгембердиев ага каршы тургандардын арасында президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары Икрам Илмиянов жана ажы Абдышүкүр Нарматов турганын билдирген. Нарматов жана Жумабаев Эгембердиевдин сөзүн төгүнгө чыгарды.

Бирок окуялардын өнүгүү логикасы Рахматулла ажы Эгембердиев бийлик катышкан кутумдун курмандыгы болгонун тастыктайт.

Эгембердиев 2012-жылы декабрь айында муфтийликке шайланган. Бийлик жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия бул кызматка башка талапкерди даярдап, бирок жеңилип калган. Мына ошого байланыштуу муфтийди президент жыл ичинде бир да жолу кабыл алган эмес. Бул шайланган муфтийди жогорку бийлик тааныбады дегенди билдирет. Таанылбаган муфтий аягында кызматынан четтетилди.

Муфтий кызматы ажылыкты уюштуруу жана башка булактардан келе турган миллиондогон долларлар калчанган орун болуп эсептелет. Ошого жараша анын айланасында айыгышкан күрөш жүрүп келет.