Апта: АКШ Бакиевдин ишин жабышы Бишкекти иренжитти

Максим Бакиев.

Узап бараткан жумада АКШда Максим Бакиевге коюлган кылмыш иши жабылганы маалым болду.
Батукаев боюнча депутаттык комиссия иликтөөсүн аяктоо алдында экенин жарыялады. Мурунку президент Роза Отунбаева Кыргызстан үчүн көп вектордуу тышкы саясат туура экенин билдирди.

АКШда Максим Бакиевдин иши жабылды

Кошмо Штаттарда Максим Бакиевге козголгон кылмыш иши жабылды. Муну Bloomberg Businesweek маалымат каражаты 9-майда жазып чыкты. АКШда козголгон кылмыш ишке байланыштуу өткөн жылы октябрь айында Максим Бакиев
Британияда кармалган болчу. Бирок күрөөгө акча коюп, Максим Бакиев ошол замат эле бошотулган. Кошмо Штаттар Максим Бакиевге каршы көз боёмочулук кылган, бизнес ишинде ички маалыматтарды пайдаланган деп айыптап жаткан. Алар ошондой эле Британ өкмөтүнө Максим Бакиевди экстрадициялоо талабын коюп, Лондондо биринчи сот отуруму 7-декабрда болгон. Андан кийинки соттук териштирүү 13-майга белгиленген. Бирок соттун алдында Кошмо Штаттар Максим Бакиевге козголгон кылмыш ишти жаап салып олтурат.
`
Кыргызстан да Максим Бакиевди экстрадициялоо аракетин жасаган. Бирок Британия менен Кыргызстан ортосунда тийиштүү келишим болбогондуктан, анын ишке ашуусу күмөн экендиги дароо эле айтылган.

Президенттин маалымат катчысы Кадыр Токтогулов Максим Бакиевге байланыштуу кылмыш иштин токтотулушу түшүнүксүз болуп жатканын билдирди:

- Максим Бакиевге АКШда козголгон кылмыш иштин токтотулушу биз тараптан иликтенип жатат. Вашингтондун бул чечими бизге түшүнүксүз. Биз Максим Бакиевди Лондондон экстрадиция кылыш үчүн аракет кыла беребиз.

Максим Бакиевге байланыштуу маселе 10-майда Кыргызстан тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен АКШ элчиси Памела Спратлен айымдын жолугушуусунда да көтөрүлдү. Эрлан Абдылдаев АКШнын бул чечимине нааразы экенин билдирсе, Памела Спратлен далил базасы жетишсиз болгондуктан кылмыш иши токтотулганын айткан.

Лондон соту Максим Бакиевге байланыштуу ишти 13-майда карамак. Анын алдында АКШнын айыптоодон баш тартуусу Максим Бакиевге коюлган айыптарга далилдердин аздыгынан кабар берет. Далил жетишсиз болсо, Лондон соту АКШ талабын канааттандырмак эмес. Ошондуктан Кошмо Штаттар сотто утулуп калып, анын айынан Вашингтон менен Лондондун мамилесине көлөкө түшүрүп албаш үчүн айыптоосунан баш тарткандай.

Экинчи жагынан, АКШнын Максим Бакиев боюнча чечиминде Кыргызстандын Транзиттик борбор боюнча позициясына карата жооп болушу да мүмкүн.
Ачыгын айтканда, 2009-жылы АКШ базасынын Транзиттик борборго айланып, Кыргызстанда калуусуна Максим Бакиевдин салымы көп экени баарына маалым. Эми Транзиттик борборду чыгарууну көздөгөндөрдун колуна аны салып берүү АКШнын кызыкчылыгына туура келбейт.

Саясат таануучу Эмил Жураев Максим Бакиевдин ишинде шашылыш бүтүмдөрдү чыгарбоого чакырат:

- Өзгөчө эле базага тиешелүү жагына келгенде Максим Бакиевдин иши Америка үчүн, Америка менен Кыргызстандын байланышы үчүн бул кичинекей иш. Биз үчүн чоңдой көрүнөр, Америка үчүн катардагы эле иш. Ошондуктан менимче, саясий өңүттү издегенге шашылгандан көрө, жагдайларын билип алганыбыз туура болот. Анткени мунун Кыргызстандын мамлекет катары аброюна тиешеси бар. Бизге тиешеси жок эле кылмыш иши жабылса, биз дипломатиялык демарш жарыялап, кризис кылганыбыз туура эмес болуп калат. Мамлекет үчүн жарашпаган иш болуп калат.

Белгилеп кете турган нерсе, Максим Бакиевди Кыргызстан Биринчи май райондук соту март айынын соңунда сыртынан 25 жылга кескен.

Батукаевди ким чыгарганы дагы эле белгисиз

Азиз Батукаевдин Кыргызстандан чыгарылышы боюнча депутаттык комиссия иликтөөсүн соңуна чыгуунун алдында турат. Комиссия мүчөсү Жоомарт Сапарбаевдин билдирүүсүнө караганда, комиссиянын корутундусу келерки жумада парламенттин кароосуна коюлушу белгиленүүдө. Жума башында комиссия дагы бир жолу чогулуп, Батукаевге коюлган диагноз боюнча дарыгер-эксперттердин маалыматы угулат.

Азыркы кезде Батукаевдин бошотулушу үчүн жалгыз адамды эмес, көп адамдар күнөөлөнөрү айкын экенин Сапарбаев белгиледи:

- Жеке менин пикиримде, бир эле адам эмес, күнөөлөй турган адамдар көп. Бийлик системасында отурган, ошол эле өкмөттөгү, ошол эле ИИМдеги, ошол эле прокуратурадагы, ошол эле сот системасындагы адамдар. Бул жерде системага тиешеси бар адамдар биргелешип ишти жасашкан.

Сапарбаевдын айтымында, Батукаевдин бошотулушуна Шамил Атахановдон жогору тургандардын тиешеси бар. Бирок Атаханов жана башка суралган кызматкерлер алар боюнча көрсөтмө бербей жатат:

- Бул жараяндардын башында Шамил Атаханов турат. Бирок Атаханов уруксаты жок эч качан өз алдынча иш кылбаган адам. Ошондуктан буга бирөө үстүнөн уруксат берген. Муну эми жашыргандан эмне. Бирок аны далилдеш кыйын. Анткени баары эле айтпастан, биз өзүбүз кылганбыз деп туруп алышты.

Депутаттык комиссиянын ишинин натыйжалуу болушуна аткаруу бийлиги салымын кошту деп айтуу кыйын. Тескерисинче, Башкы прокурор Аида Салянова, Батукаевди Манаска чейин узатып барган Жаза аткаруу мекемесинин башчысынын кеңешчиси Калыбек Качкыналиев комиссияга көрсөтмө берүү талабын четке кагышты. Аларды көрсөтмө бердирүүгө комиссиянын да күчү жеткен жок.

“Ар-намыс” фракциясынын мүчөсү Дастан Бекешов депутаттык комиссияга кээ бир мамлекеттик кызматкерлердин олуттуу мамиле жасабаган себебин мындайча түшүндүрдү:

- Анткени алар билишет, президент буйрук берсе, анда аларды кызматтан түшүрөт. Президент буйрук бербесе, анда аларды түшүрбөйт. Мүмкүн алар билишет, бул депутаттык комиссия эч нерсе кыла албашын. Ошон үчүн алар келбей жатышат.

Батукаев боюнча депутаттык комиссияга оппозициялык фракциялар өздөрүнүн өкүлдөрүн кошуудан баш тартышкан. Алар Батукаевди бийликти түзгөн башкаруучу коалиция өзү териштирип алсын деген позицияны карманышкан.

Роза Отунбаева көп векторлуу тышкы саясатты колдоду


Кыргызстандын тышкы саясатында көп векторлуктуулукту жактагандар үчүн бараандуу колдоо пайда болду. Азыркы бийликтин ички жана тышкы саясатына сөз айтуудан карманып келген мурунку президент Роза Отунбаева тышкы саясат боюнча оюн айтты. Бул 7-майда Бишкекте Кыргызстандын тышкы саясатына байланыштуу конференцияда болгон. Анда Роза Отунбаева көп векторлуу тышкы саясат Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына туура келерин билдирген. Экс-президент ошондой эле азыркы кезде көп векторлуу саясатты жүргүзүү абдан чоң маселеге айланып баратканын белгилеген.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийин көп векторлуу, тагыраак айтканда, көбүрөөк Батышка багытталган саясат жүргүзүүгө өткөн. Ал саясат 2007-жылы атайын концепция менен президент тарабынан бекитилген.

Бул түшүнүктүү болчу. Анткени ал мезгилде Орусия алсызданып, Батыш кемелине келип турган. Кыргызстан эле эмес, азыр Батышка кыр көрсөтүп турган Кремль да ал жактан насыя сурап турган мезгил болгон.

Бирок оомал-төкмөл дүйнөдө Орусия кубаттанып, Батыш финансылык кыйынчылыктарга кириптер болуп калды. Натыйжада Москва өз аймагына жакын өлкөлөрдү орбитасына тартууга киришти. Биринчи болуп Казакстан менен Беларус тартылса, экинчи агымда Кыргызстан баратат.

Президент Алмазбек Атамбаев Орусияга таянган саясат тууралуу буларды билдирген:

- Биздин кошунабыз Орусия да. Баарын ойлонуп туруп багыт алыш керек да. Анын үстүнө Орусия, Казакстан менен бизде чечилбей турган бир дагы талаш нерсе жок. Келечекте да талаша турган эч нерсе болбойт. Бизге жаныбызга тура турган, керек болсо биз менен душмандар менен атыша турган бирөөлөр керек.

Роза Отунбаева президент кезинде көп векторлуу саясат жүргүзүүгө басым жасаганы маалым. Ал тышкы сапарларында Астана, Москвада эмес, Брюссель, Вашингтондо өзүн жакшы сезгени байкалып турган.

Өлкөнүн тышкы саясаты боюнча Отунбаеванын жаңы сөзү Кыргызстандын либералдык чөйрөсүн копшолтуп, 2015-жылды көздөгөн жаңы долбоорду жаратышы мүмкүн. Белгилүү болгондой эки жылдан кийин кезектеги парламенттик шайлоо болот.

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков азыркы президенттин тышкы саясаты улуттун кызыкчылыгына туура келбейт дейт:

- Азыркы күндөгү Атамбаевдин жүргүзүп жаткан саясаты көп векторлуу саясатка эч туура келбейт. Атамбаев Кыргызстанда Орусиянын гана кызыкчылыгын ишке ашыруу, Кыргызстанды Орусиянын бир губерниясына айлантуу үстүндө иштеп жатат. Анткени Атамбаевдин тышкы саясаттагы кадамдары: Камбар-Атаны бериши, Нарын каскадын бериши, “Кыргызгазды” берип атышы, “Залкарбанкты”, “Пирамиданы” жана башка мамлекеттеги маанилүү тармактарды Орусияга өткөрүп бериши менин оюмча, Атамбаевдин кыргыз элине карата туура эмес жүргүзгөн тышкы саясаты. Анткени эгемен мамлекет маанилүү тармактарды бир өлкөнүн колуна карматып жибербейт.

Равшан Жээнбековдун пикиринде, Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаевдин тышкы саясатта ача кетиши келечекте алардын карама-каршылыгына алып келиши мүмкүн.

Саясат таануучу Марс Сариев азыркы мезгилде көп векторлуу саясат жүргүзүү татаалдашып кетти, ал эми Роза Отунбаеванын сөзү Кыргызстандын тышкы саясатында балансты сактоого салымын кошот деп эсептейт:

- Азыркы президент экс-президенттин сөзүнө көңүл буруп, саясатта ушул жагын караштырып, көп векторлуу саясатты баалайт деп ойлоймун. Мындай карасак, Алмазбек Атамбаев Орусияга жакыныраак болуп, мурунку президент Батышка көбүрөөк көңүл бурганда, Кыргызстанда баланс сакталып жатат.

Максим Бакиевге байланышуу Кошмо Штаттарда кабыл алынган чечим көп векторлуу саясатка сокку урушу ыктымал. Расмий Бишкек ал чечимге иренжүүсүн АКШнын элчисин атайын чакырып билдирди. Бул дипломатиялык демаршты жумшартуу үчүн кыйраган учак маселесин жолугушуунун экинчи темасына айлантылганы байкалат.