Орус-кыргыз өкмөттөр аралык комиссиясынын мурдагы жетекчиси, федералдык бажы кызматынын мурдагы башчысы, Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын башчысы Андрей Бельяниновдун Алматы шаарында өткөн жыйында кыргыз өкмөтүн сындаганын маалымат агенттиктери жазып чыкты.
Анын "улам алмашып турган кыргыз чиновниктеринин улам сабатсыздыгын жоюп, "ликбез" өтүүгө мажбурсуң" деген маанидеги сөзүн жергиликтүү талдоочулар эрежеге сыйбаган билдирүү катары кабыл алышса, айрымдары анын айтканында чындыктын үлүшү барын белгилешти.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бир кезде "Кыргызстандын досу" катары мүнөздөгөн Андрей Бельяниновдун сөзүнө карата кыргыз өкмөтү жооп даярдап жатканы белгилүү болду.
Бельяниновдун "мыскылы"
Казакстандын Алматы шаарында 6-сентябрда Евразиялык маалымат каражаттарынын Конгрессинде Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Андрей Бельянинов банктын Кыргызстандагы ишмердиги тууралуу суроого жооп берип жатып, "сунушталган долбоор болбогондуктан насыялоо да болгон жок" деп жооп кайтарган.
Андрей Бельянинов Кыргызстанда ишкердиктин көзү менен караганда эч ким менен сүйлөшүүгө мүмкүн эместигин, аткаминерлер тез алмашып тургандыктан, аларга "ликбез" (сабатын ачып) өтүүгө аргасыз болуп жатканын айткан.
Кыргызстандын Каржы министрлиги инвестицияга кепилдик бере албаганын билдирген Бельянинов жагдайды белгилүү жөөт анекдоту менен салыштырып, жардам сураган адамга Кудайдын "жок дегенде лотерея билетин сатып алып койчу" дегенин мисал келтирди.
Басынтуубу же чындыктын үлүшүбү?
ЕАЭБнын белдүү аткаминеринин сөзүн мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев кыргыз бийлигин басынтуу катары кабыл алып, өкмөт ага тиешелүү жооп кайтарышы керектигин билдирди:
- Ал кишинин эгемен өлкөнүн өкмөтүнө карата мына ушундай катуу, орой сөз айтканын мамлекетибизге шек келтирүү катары түшүнүшүбүз керек. Бул намыска тийчү көрүнүш. Бул эки тараптуу жана ЕАЭБ уюмунун алкагында канчалык деңгээлде өз ара мамилеге жана дипломатиялык эрежелерге туура келет? Ачуу мыскыл сөздөрдү унчукпай угуп тургудай, биз тарап эмне кемчилик кетирди эле? Буга байланыштуу биздин өкмөттүн токтоосуз жообу болушу шарт.
Андрей Бельянинов Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгын жетектегенге чейин Орусиянын федералдык бажы кызматын башкарып турган. Орус-кыргыз өкмөттөр аралык комиссиясын жетектеп, Кыргызстан менен кызматташып келген. Ал бажы кызматынан кеткенден кийин Москвадагы үйүндө тинтүү болуп, Орусиянын тергөө комитети "Коньяк" деген операциянын алкагында үйүнөн ири өлчөмдө акча жана кымбат баалуу жасалгалар табылганын жарыялаган.
Ошол кездеги териштирүү ишине байланыштуу Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Андрей Бельяниновду Кыргызстандын таламын жактаган жетекчи катары сыпаттаган.
Мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев Бельянинов мурдатан иштешип жүрүп, кыргыз жетекчилеринин тамырын тарткан адам катары азыркы өкмөттүн жөндөмүнө туура баа берген деп эсептейт:
- Ал мындай сөздү жөн эле айта койбойт. Ал коңгуроо кагып жатат. Орусиянын жетекчилигинин биздин өкмөт тууралуу ою кандай, бирге иштешсе болобу же болбойбу, канчалык ишенимдүү өнөктөш боло алат, биргеликте долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнбү же жокпу деген сыяктуу "сигнал" берип жатат. Өкмөттүн курамы, анын башчысы жөнүндө сын ансыз деле абдан көп. Кокустан кызматка келип калган жетекчилер, коррупцияга малынып калгандар туурасында буга чейин биздин коомчулукта талкуу болуп келген. Ошол эле кезде муну мурдагы бийликтен калган "мурас" катары баалагандар бар. Эми жаңы президент жана парламент бул маселе боюнча терең ойлонуп, чечкиндүү бир кадамдарга барышы керек деген пикирлер жүрүп жатат.
ЕАЭБ: өнөктөштөр теңсиздикке нааразы
ЕАЭБ: өнөктөштөр теңсиздикке нааразы
Ошол эле кезде каржы министрлиги Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Андрей Бельяниновдун Алматы шаарында өткөн жыйындын алкагында сүйлөгөн сөзүнө жооп даярдап жатканы белгилүү болду.
Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев инвестициялык ишкер долбоорлор даярдалып, ар кайсы каржы уюмдарына сунушталган учурлар болгонун белгиледи. Аталган билдирүүгө карата тиешелүү жооп болорун айтты:
- Буга чейин ар кандай долбоорлор иштелип чыгып, ар кайсы каржылык институттарга насыя алууга жиберилип эле келе жатат. Колдоо тапкандары бар. Таппагандары да көп. Бул эми ачык эле маалыматтар. Бул боюнча азыркы мезгилде Каржы министрлиги маалыматтарды даярдап жатат. Мына ошол билдирүүгө карата жооп даяр болгондон кийин бул министрлик тарабынан жарыяланат. Биз бул боюнча комментарий берсек туура болбой калат.
Насыя берүүнүн катаал шарттары
Кыргыз өкмөтүнүн Евразия экономикалык биримдигиндеги атайын өкүлү Алмаз Сазбаков Евразия өнүктүрүү банкынын ишкер же инфраструктуралык долбоорлорду каржылоо шарттары оор экенин айтып, ал жактан насыя алууга Кыргызстан анчейин кызыкдар эмес экенин белгиледи.
Негизи биздин Каржы министрлиги жеке долбоорлорго кепилдик бербейт. Ал эми инфраструктуралык долбоорлорду каржылоого насыяларды Азия өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк, Эксимбанк сыяктуу башка эл аралык донорлордон алып жатпайбызбы. Алардын насыялоо шарттары бир топ жеңил.Алмаз Сазбаков.
Алмаз Сазбаков Евразия банкынан насыя алууга кыргыз тараптан долбоорлор сунушталбай келгенин түшүндүрүп берди:
- Анткени Евразия өнүктүрүү банкынын шарттары биздин ишкерлер жана инвесторлор үчүн аябай катаал болуп жатат. Себеби, биздин ишкер чөйрө ишкер долбоорлорду каржылоого ыңгайлуу шарттар менен насыя алууга көнүп калышкан. Мисалы үчүн Орус-кыргыз фондунан азыр алып жаткан насыялардын мөөнөтү дагы узун жана үстөк пайыздары дагы бир топ төмөн. Мына ушундай жагдайда Евразия өнүктүрүү банкынан насыя алуу үчүн долбоор сунуштоонун кажети дагы жок болуп жатпайбы. Негизи биздин Каржы министрлиги жеке долбоорлорго кепилдик бербейт. Ал эми инфраструктуралык долбоорлорду каржылоого насыяларды Азия өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк, Эксимбанк сыяктуу башка эл аралык донорлордон алып жатпайбызбы. Алардын насыялоо шарттары бир топ жеңил. Берилген насыянын жарымына жакыны кайтарымсыз грант катары берилип, төлөө мөөнөттөрү 30-40 жылга чейин чоюлуп, алардын үстөк пайыздары дагы бир топ жеңил болуп жатпайбы.
Евразия өнүктүрүү банкы 2006-жылы Орусиянын жана Казакстандын президенттеринин демилгеси менен негизделген. Кийин ага Беларус, Армения, Тажикстан жана Кыргызстан мүчө болуп кошулган. Банк эл аралык каржы уюму катары КМШнын жана Евразия экономикалык мейкиндигинин алкагында соода-экономикалык байланышты чыңдоо жана инвестициялык ишмердикти кеңейтүү максатында түзүлгөн. 2017-жылдын декабрь айынан бери банкты Орусиянын мурдагы бажы башчысы Андрей Бельянинов башкарып келет.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.