Пирматовдун иши чаташты

“Республика” фракциясынын мүчөсү Исхак Пирматовго байланыштуу жаңжал уланып жатат.
Депутаттык комиссия Пирматовду кылмыш жообуна тартууга уруксат сураган Башкы прокуратуранын талабын негизсиз деп тапты. Ал эми “Ата Мекен” фракциясы тескерисинче жооп кайтарды. “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу мына ушул жаңжалдуу темага арналды.

Талкууга “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, “Республика” фракциясынын мүчөсү, парламенттеги экономика тармактары боюнча комитеттин төрагасы Исхак Пирматов жана юрист, саясатчы Мукар Чолпонбаев катышат.

"Азаттык": Белгилүү болгондой, Исхак Пирматовго “Кыргызнефтегазды” башкарып турган мезгилде (2008-2009-жылдары) "Кытайдан 3 млн. долларлык жабдууну дээрлик он эсе кымбат алган, 25 сом турган күйүүчү майды 8 сомдон арзан баада сатып, мамлекетке 286 млн. сомго зыян келтирген" деген айыптар коюлган.

Өмүрбек мырза, сиздин фракция өткөн жылы бул маселени көтөргөндө да ушундай айыптар коюлган эле да, туурабы? Сиздер түзгөн депутаттык комиссиянын төрайымы Галина Скрипкина биз менен сүйлөшкөндө Башкы прокуратура тарабынан коюлган айыптар негизсиз болуп чыкты деп билдирди. Чындыгында Башкы прокуратуранын аргументтери жүйөсүз болуп чыктыбы, же депутаттык комиссия өз кесиптешин коргоп калдыбы?

Өмүрбек Текебаев: Коррупция улуттук мамлекеттик коопсуздукка залалы тийген эң чоң фактор болуп калды.

Муну президент өзүнүн эң биринчи тапшырмасы деп эсептейт. Муну менен коомчулук да макул, бул чырмооктой болгон, рак шишигиндей болуп биздин ар бир клеткабызды чырмап келаткан көрүнүш. Аны менен күрөшүш абдан кыйын.

Коррупционер бүгүн карикатурадай орой адам эмес, ал билимдүү, ыймандуу, сылык, кичипейил бала, ал коңшу жашайт, күнүгө салам берет, мечитке, мектепке, ооруган адамдарга жардам берет.

Ал бүгүнкү заманбап коом менен иштөө эрежелерин билип, ММКлар менен иштеп, өзүнүн имиджин түзүп, коррупциялык иш аракеттерин жабуу үчүн коомдук пикирлер менен соот чепкен киет. Ошондуктан коррупция менен күрөшүш кыйын.

Бизде коррупция бар, бирок коррупционер жок. Кичинекейин, министрин, чоң ишкананы кармасаң да баары таптаза деп кыйкырып чыгат. Прокуратуранын дооматтары толугу менен далилденген деп эсептейбиз. 2009-жылкы ишкананын жетекчиси Пирматов мамлекеттин алдында, ишкананын алдында чоң зыян келтирген, мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте жооп бериш керек, бирок мыйзамыбыз ушундай экен, жооптон да качып кутулуп кеткидей.

“Азаттык”: Исхак мырза, күйүүчү майды арзан сатты, кымбат баада жабдуу сатып алды, азыр жасалма фирмаларды түзгөн деген айыптар коюлуп атат. Сизде жооп кандай?

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





Исхак Пирматов: Бул иштин маңызы эмнеде? Башында сиз атап кеткен сандардын баары жалган. Мен бир жылдан бери актана берип чарчадым. Эмнегедир бардык жерде кайсы бир сан онго көбөйтүлүп айтылат. Мисалы, мен 7 сомдон бензин саткан эмесмин. 2008-жылы 32, 30 сомдон саткан келишимдер болгон. Ошол кезде “Газпром” 37 сомдон саткан, ал боюнча эч ким айтпайт. 2009-жылдын башында 9 сомдон бир жолу келишим түзүлгөн.

Мен депутаттык комиссияга ыраазычылык айткым келет. Себеби алар ушак сөздөргө эмес, кылмыш ишинин материалынан чыккан документтерге таянып чечим чыгарышты.

“Азаттык”: Мукар мырза, парламенттик комиссиянын чечими “карга карганын көзүн чокубайт” дегендей чечим болду дегендей ойлор коомчулукта айтыла баштады. Сиз КСДПнын өкүлү Галина Скрипкина башында турган депутаттык комиссиянын чечимин кандай баалайсыз? Бул саясий чечимби же юридикалыкпы?

Мукар Чолпонбаев: Биринчиден, Конституцияда ачык жазылып турат, күнөөсүздүк презумпциясы деп. Бул адамды күнөөлүү деп тапкан соттун өкүмү күчүнө киргенге чейин эч кимди эч ким күнөөлүү деп айтууга укугу жок.

Экинчиден, кылмышка катышы бар адам деп жоопко тартуу милдети прокуратурага тапшырылган. Ал эми депутаттык комиссиянын күнөөсү бар, же күнөөсү жок деп чечим чыгарганга эч ким укук берген эмес. Ошондуктан укуктук чечим кабыл алууга депутаттык комиссиянын укугу жок.