4-майда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча саат эртең мененки 9:30да башталат деген апелляциялык арыз кечинде мурдагы аскер сотунун имаратында каралды.
Бишкек шаардык сотунун коллегиясы Өмүрбек Текебаевди 25-майга чейин абакта кармоо тууралуу Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова "Азаттык" радиосуна билдирди:
- Биздин апелляциялык арыз канааттандырылган жок. Чечим өзгөрүүсүз калды. Өмүрбек Текебаев 25-майга чейин абакта кала берет. Биз беш күндүн ичинде Жогорку Сотко кайрылабыз.
Текебаев менен Чотонов эки айга камалышты
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Мегаком" компаниясына байланыштуу жемкорлукка шектелип 26-февралда кармалган. Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайына эки айга камалган. 21-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын темир тор артындагы мөөнөтүн дагы бир айга узарткан. Буга нааразы болгон адвокаттары шаардык сотко апелляциялык арыз жазышкан.
Тергөөдө жыйналган материалдардын негизинде Текебаевге Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) боюнча айыбы угузулган. Ага байланышы бар деп мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов да кармалып, сот ага да Текебаевге чыгаргандай чечим кабыл алган.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Сотко өткөн иштер
Бул аралыкта “Ата Мекен” партиясынын мүчөcү, Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов менен анын фракциялашы Аида Саляновага каршы козголгон кылмыш иштерди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тергеп бүтүп, сотко ашырылганы маалым болду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов "Азаттык" радиосуна маалымдады:
- Эки депутатка козголгон кылмыш иштери тең тергелип бүтүп, сотко жиберилди.
Бул маалыматты депутат Алмамбет Шыкмаматов ырастады. Анын "Азаттыкка" билдиргени боюнча сот жараяны 15-майда башталат. Иш Биринчи Май райондук сотунда каралат. Оппозициялык депутат өзүнө каршы кылмыш ишин саясий негиз менен козголгон деп бекемдөөдө:
- Мамлекетке чыгым жок, кылмыш жок, кызмат абалымдан кыянаттык менен пайдалануу жок. Минюсттан, Мамкаттоодон эч нерсе таппай, окшоштура турган жагдай ушул болуп чыкты. Кулагынан чоюп туруп эле коррупция деген эң оор берене менен кылмыш ишин козгоп коюшту. Сен бизге каяша айттың деп эле, иш козгошту. Мен сотторго да ишенбейм. Менин таянганым коомчулук жана эл. Эң негизгиси менин актыгымды эл билиши керек.
Шыкмаматовго 2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турган кезинде алдын ала сүйлөшүп өз аялына таандык «Мерседес-Бенц» Е320 автоунаасын 14600 долларга тендер аркылуу мекемеге сатып алууга аралашкан деген айып тагылып, Кылмыш кодексинин 303-беренеси боюнча козголгон иш алкагында өлкөдө чыкпоо жөнүндө тил кат берген.
Ал эми депутат Аида Салянова өзүнө каршы козголгон кылмыш иши тергелип бүткөнүнөн кабардар болгону менен соттук териштирүү качан болорунан кабарсыз.
- Юстиция министрлигинин адвокаттык лицензияларды узатуу жагында мурдатан, көп жылдап иштеп келген адистер тергөөдө баары мыйзамдуу болгонун белгилешиптир. Бирок ошого карабай, бир дагы далили жок болуп туруп, сотко ашырышты. Муну мен бир гана саясий буйрукту аткаруу деп эсептейм.
Депутатка Башкы прокуратура былтыр декабрь айында кылмыш ишин козгогон. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айып тагылган. Салянова 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана Елисеевдин лицензиясын узартууда министрдин милдетин аткаруучу катары жетиштүү деңгээлде иликтеген эмес деп айыпталган.
Акыркы эки жылдан бери Жогорку Кеңештин бир нече депутатына, айрым өкмөт мүчөлөрүнө кылмыш иштери козголгон. Алардын катарында "Ата Мекен" фракциясынын жогорудагы эки мүчөсү, Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Музаффар Исаков жана Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрагасы Тайырбек Сарпашев бар.
КСДПчы депутат Бакыт Жетигенов кылган иши үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууну "саясий куугунтук" деп баалоого негиз жок деп эсептейт:
- Эгерде бир эле оппозициялык "Ата Мекендин" мүчөлөрүнө кылмыш иши козголуп жатса, анда бир жөн. Алардан башка деле депутаттарга, аткаминерлерге кылган иши үчүн кылмыш иши козголуп атпайбы. Ошондуктан саясий куугунтук деп айтууга себеп жок.
Өмүрбек Текебаев башында турган "Ата Мекен" партиясы акыркы чакырылыштагы парламентте оппозицияны ээлеген. Аталган фракция Баш мыйзамдын өзгөртүлүүсүнө каршы чыгып, муну бийликти бир колго чогултуу аракети деп баалаган. Бийлик болсо бул оппозициянын курулай айыптоосу деп белгилеген.