Акталган депутаттар Баткенге барды
Депутаттар эл алдына чыгууда.
Камактан бошогонуна бир жумадай болгон депутаттардын Баткен шаарынын борбордук аянтындагы жолугушуусуна миӊден ашуун киши катышты.
Депутат Камчыбек Ташиев мамлекет Баткендеги чек ара маселесине өзгөчө көңүл буруусу зарылдыгын айтты.
Жолугушууда суроо-жооп болгон жок.
Депутат Талант Мамытов өлкөдө сот адилеттүүлүгү бар экенин айтты.
Өз сөзүндө Камчыбек Ташиев депутаттарды актаган соттордун коопсуздугуна коркунуч туулуп жатканын айтып, бул мамлекеттеги укуктук абалдын кандай болуп жатканынан кабар берээрин да кошумчалады.
Бул жолугушуулар эч кандай саясий максат көздөбөстүгү айтылган.