Президент Жээнбековдун башкы билдирүүсү сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупцияны жоюу тууралуу болду. Бирок ошол эле учурда айрыкча кадр саясаты, чечкиндүү кадамдарга бара электигине байланыштуу сынга кабылды.
Сооронбай Жээнбековдун бийлиги Конституциядагы президенттин айрым ыйгарым укуктарын азайткан беренелер күчүнө кирген маалга да туш келди.
Шайлоодогу убадалар
Президент Сооронбай Жээнбеков жүз күндүн ичинде алгач Орусияда, андан кийин Беларуста иш сапары менен болду. Биринчи расмий сапарын Өзбекстанга жасады, андан кийин Казакстан менен Тажикстанга барды. Коопсуздук кеңешинин алгачкы жыйынын сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупцияга арнады.
Президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева Сооронбай Жээнбековдун жүз күндүгүнө байланыштуу "Азаттыкка" комментарий берди жана анда чет өлкөгө сапарлары жемиштүү болгону айтты:
- Мамлекет башчы алгачкы иш сапары менен Москва шаарына барган, Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолуккан. Андан кийин Беларустун Минск шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жыйынынын алкагында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолуккан. Анда ЕАЭБдин алкагында эки өлкө ортосунда келип чыккан чек ара маселелери чечилген. Алгачкы иш-аракети ошол болгон. Андан кийин Өзбекстанга, Казакстанга, Тажикстанга расмий сапар менен барды. Албетте буга чейин аныкталган өлкөнүн тышкы саясаттагы багытын улантуу максаты болду жана келечектеги приоритеттер аныкталды. Мамлекет аралык бир топ келишимдерге кол коюлду.
Сооронбай Жээнбековго келген оомат
Сооронбай Жээнбековго келген оомат
Толгонай Стамалиева президент шайлоо маалында берген убадаларын четинен аткара баштаганын кошумчалады:
- Шайлоодогу убадаларынын бири - Кыргызстандын аймактарын, экономикасын өнүктүрүү болчу. Ошого ылайык, 2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялады. Ал жарлыктын алкагында тийиштүү топтор түзүлдү, реалдуу иштер жасала баштады. Президент приоритеттүү багыттарды, милдеттерди аныктаган. Анын негизгиси бюджеттик жана гранттык акчаны аймактарга бирдей бөлүштүрүү. Андан кийин, 8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйыны болду. Коррупция менен күрөшүүчү органдардагы коррупцияны жоюу деп ал жактан да бир топ билдирүүлөрдү жасады. Конкреттүү чечим кабыл алынган, аны аткаруунун мөөнөттөрү көрсөтүлгөн. Ушул багыттарды жүз күндүн ичиндеги негизгилер деп айтсак болот.
Президент аймактарды кыдырууну алгач Нарын облусунун Жумгал жана Кочкор райондорунан баштаган. Өткөн айда Баткен облусунда эки күн болду.
Саясатчы Адахан Мадумаров президент жүз күндүн ичинде өз алдынчалуулугун көрсөтө алган жок деп сындады:
- Тышкы сапарлардан эч нерсе чыккан жок, жөн гана таанышуу сапарлары болду. Коңшу мамлекеттердин жетекчилери абдан тажрыйбалуу кишилер. Айылчылап барып келди деген эле сөздөр, андан көп нерсени күтүүгө болбойт. Буга адегенде саясий жөндөмдүүлүгү, экинчиден, конституциялык укуктарын айтса болот. Конституцияда ал кишинин эч кандай ыйгарым укуктары жок. Чарба маселелерин чечкенге да, тышкы саясатты жүргүзгөнгө да укуктары жок. Ал "соңку төрт-беш жылдын ичинде коррупция абдан гүлдөп кетиптир" деп жатпайбы. Гүлдөп кеткен маалда бул киши кайда эле? Ошол гүлдөтүп жаткан кербендин жолун улантам деп келбедиби. Негизги урааны ошол болду, аны мен ойлоп тапкан жокмун. Бул ал көчтөн, жолдон сыртка чыга албайт. Мына, Өзбекстандын президентин карап көргүлө, ар кандай жыйындан сөзсүз жыйынтык чыгарып жатат. Ошондуктан тартип күчөп жатат. Ал өз алдынчалуулугун көрсөтө албайт, себеби адегенде башка сапаттар болушу керек. Кош бийлик болуп жатканы реалдуулук, себеби Ак үйдөгү бийликке караганда башка жердеги бийлик күчтүүрөк, бардык маселе ошол жерде чечилет.
Мурунку премьер-министр Амангелди Муралиев Сооронбай Жээнбеков мурунку президенттердин жолоюна түшпөшү керектигине токтолду.
- Мурунку президенттер келгенде деле коррупция менен күрөшөбүз деп убада беришкен. Программаларды түзгөн, көп сөз айтылган. Бирок иштин жыйынтыгы чыкпай, натыйжа болгон жок. Менин саясатта жүргөн бир досум "коррупция менен коррупционерлер күрөшүп жатат" деп айтчу эле. Ошондой тажрыйба бизде болгон. Биз ушул тажрыйбадан кетишибиз керек.
Эл Жээнбековдон эмнени күтөт?
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин баамында, президент эми сөздөн ишке өтүшү керек.
- Сооронбай Жээнбековдун жүз күнү ички саясат, өзөктүү проблемалар менен ичинен таанышууга кетти деп ойлойм. УКМКда, сотто, прокуратурада терең иликтөөгө жетишти окшойт. Эң башкысы ал "коррупция менен күрөшүүгө саясий эрким жетет" деп айтты. Эл Жээнбеков коррупция менен достошпогон, тарыхта таза инсан катары калайын деген ою бар экенин билет. Ошондуктан мындан ары Коопсуздук кеңешинде айткан сөздөрүн ишке ашыра башташы керек. Азыр элдин үмүтү жанып турат. Бирок эми мындан ары убакыт ага каршы иштей башташы мүмкүн. Коомчулук Сооронбай Жээнбеков шайлоо учурунда айткан 35 коррупционердин четинен камала башташын, андан чечкиндүү кадамдарды күтүп жатат. Жээнбеков чарбаны жакшы түшүнгөн киши, азыркы өкмөт башчы көбүрөөк пиар менен алек болуп жаткан маалда Жээнбеков чарба маселесине да көз салып турат. Эл Жээнбековдон азыр бир гана сот реформасын, коррупция, уурулар менен айыгышкыс күрөштү күтүп жатат.
Коомдук ишмер Алмазбек Акматалиев бул жолу күрөш натыйжалуу болот деп өзүн ынандырган себептерин атады:
- Президентибиз Сооронбай Жээнбеков конституциялык, юридикалык укуктан тышкары ушундай катуу талап койгонго моралдык да укугу бар. Бул киши өзү таза. Ушуга чейин канчалаган чоң кызматтарда иштеп келди, бирок азыр эч ким ал өзү кандайдыр бир ыплас иштерге кошулганын, жаман иштерге барганын айта албайт. Бул өтө чоң укук. Өзү таза адам гана коррупцияга, криминалга каршы ийгиликтүү иш жүргүзө алат. Кыргызстандын шартында президенттин инсандык тазалыгы өтө чоң мааниге ээ. Бул керек болсо анын конституциялык укуктарынан да чоң укук. Мени ынандырган экинчи себеп - Коопсуздук кеңешинде укук коргоо органдарынын ичиндеги коррупция маселеси бир да жолу мынчалык так, ачык коюлган эмес.
Президент күч түзүмдөрүнө сөөмөй кезеди
Президент күч түзүмдөрүнө сөөмөй кезеди
Бишкекте 8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында мамлекет башчысы укук коргоо жана көзөмөл органдары, соттор өздөрү паракорчулукка батып калганын айтты. Ал бул багытта күрөштү күчөтүүнү, айрым таза эмес кызматкерлерден арылууну талап кылды.
Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы, юрист Мукар Чолпонбаев Сооронбай Жээнбековдун кызматка келгенинин жүз күндүгүн утурлай ага ачык кат жолдогон. Анда бул убакыт аралыгында чечкиндүү кадам жасай элек деп сынга алган жана мамлекет үчүн күйгөн башка дагы адамдар менен жолугуп, алардын да оюн билүүгө чакырган.
- Мамлекеттин башчысы катары көзгө көрүнөрлүк иш жасаган жок. Коопсуздук кеңешинин жыйыны деген өтө чоң форумда, катуу сын айтылган жерде сөзсүз кимдир бирөөнүн тагдыры чечилиши керек болчу. Кызматтан кеткен президенттен калган адамдар менен иштей берсин. Бирок жаңы бийлик келгенден кийин жаңыча түзүлүш болуш керек эле. Кайсы жерде жакшы, кайсы жерде жаман иштеп жатат, кайсы жерде кемчилик көп деп эл менен кеңешиши керек да. Башка пикири, башка көз карашы бар, элге күйгөн, иштейм деген адамдар менен да бир аз кеңешип коюушу керек эле.
Талдоочу Бекбосун Бөрүбашев президент коррупция тууралуу сөз кылганы менен анын себептерин ачып бере албаганын сынга алды:
- Президенттин ишинен сөзү көп болуп жатат окшойт. Анан калса бул киши сырттан келген эмес, бийликтин ичинде кайнап жүргөн киши. Сүйлөгөн сөздөрү жакшы. Коррупция айрыкча күч органдарында күчөп, гүлдөп-өнүгүп кетиптир деп катуу сын айтты. Ага эл толугу менен кошулат. Анткени жагдай чындыгында эле ошондой. Андыктан бул киши чечим кабыл алып кыймылдашы, аракет кылышы керек. Азыр бир топ адамдар президент ал кишини, тигил кишини жумуштан алса болмок деп айтып жатпайбы. Бирок жумуштан алып коюу менен эле проблема бүтпөйт. Бул киши коррупция кайдан, эмне себептерден, шарттардан, эмнеден болуп жатканын көрсөткөн жок. Ушуга менин ичим көп толбой турат.
Фарид Ниязовду арыз жазууга эмне түрттү?
Фарид Ниязовду арыз жазууга эмне түрттү?
Фарид Ниязов - мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен тыгыз иштешкен аткаминерлердин бири. Ал өзү эмнеге кызматтан кеткиси келип жатканы тууралуу азырынча комментарий бере элек. Андыктан аткаминердин бул арызына байланыштуу кабар кош бийлик тууралуу талкууга жем таштады.
Жогорку Кеңештин мурунку спикери Акматбек Келдибеков Сооронбай Жээнбековдун кадр саясатына байланыштуу айтылган дооматтарды жөнсүз деп эсептейт:
- Эми үч айдын ичинде эле кадрларды алмаштырып жиберем деген өтө оор нерсе. Ар бир кадрдын, ар бир министрликтин, ар бир тармактын эмне иш кылып жатканын жакшы талдап, иликтеп чыгууга үч ай деле аздык кылат. Акыркы жылдардагы чоң кемчиликтердин бири ушул кадр саясаты болгон. Ошондуктан кадр тандаганда терең талдап, иш билгилерди дайындоо керек. Сооронбай Шариповичти 1996-жылдан бери тааныйм. Ал жоош, момун көрүнгөнү менен мүнөзүндө чечкиндүүлүк бар. Ага убакыт берели, күтөлү.
Эксперт Бакыт Бакетаев коомчулук дагы президентке жардамдашышы керек деген ойдо:
- Сооронбай Шарипович биздин мамлекетибиз, жалпы системабыз, демократия түз жолго чыккан маалда бийликке келди. Эми бүгүнкү күндө ылдамдык гана керек. Сооронбай Жээнбеков чоң секирикке даяр. Негизги элге көрүнө турган иши - бул анын аймактарды өнүктүрүү демилгеси. Мен чоң каталарды көрө элекмин. Президент жалгыз эч нерсе жасай албайт, коомчулук, ар бир жаран өзүнүн иши менен ага жардам беришибиз керек, салым кошушубуз керек.
Жарандык коом Жээнбековго капа
Жарандык активист Рита Карасартова президенттин ишине жүз күн өткөндөн кийин баа бере баштарын айтып келген. Ал мамлекет башчы чоң реформа жасай турган мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жатат деп эсептейт:
- Конституция боюнча президент эл биримдигин, мамлекеттик бийликтин бирдиктүүлүгүн камсыз кылган институт. Ушул жактан президент өнүгүүнү кааласа, анда бийлик бутактары ортосундагы тең салмактуулукту ордуна келтире баштамак. Бул абдан маанилүү. Тең салмак болгондо бири-бирин аңдып, ошондо гана тазаланууга барат. Президент ошол кадамга барган жок. Тескерисинче, бир президент, күчтүү президент деген принципти кармап отурат. Экинчиден, элдин биримдиги. Элдин арасында ар кандай кишилер, ар кандай кесиптин ээлери, усталары бар. Баткенге барып эл менен кезиккени жакшы нерсе. Бирок "энергетика тармагында ким бар экен, ошолорду чогулткулачы, көрөлү, ошол тармак кандай болуш керектигин сурайлы, быйыл Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяладык, ошол тармакта бычакка сап болчу 20 эксперт бар бекен?" деп койсо ошондо президент ыңгайлуу жолду издеп жатат деп түшүнмөкпүз.
Рита Карасартова президент жарандык коомду чогулта электигин белгиледи:
- Мына мен "80 күн болду, 85 күн болду, 90 күн болду, президент жарандык коомду качан кабыл алат экен?" деп жазып келе жатам. Биз менен Роза Исаковна дайыма кезигип жүргөн, Алмазбек Атамбаев кызматка келгенден кийин бизди 30 күндөн кийин чакырган. Мына, жүз күн болду, бизди чакырган эч ким жок. Коомчулук президент эмне кадамдан баштайт экен деп күтүп отурганда анын унчукпай койгонуна түтөп кетип жатам. Мындан кийин эми талаптар башталат. Коопсуздук кеңеште сөз болду эле, кана эми деп сурай баштайбыз.
Экс-президенттин "карааны"
Саясат таануучу Эмил Жураев президент Сооронбай Жээнбековдун ишин мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин таасири, саясий салмагы аркылуу бааланып талданарын эске салды:
- Шайлоодо да, шайлоодон кийин дагы эң эле чоң саясий табышмак жаңы президент менен мурунку президенттин ортосунда мамиле, эски президенттин карааны канчалык деңгээлде таасир этет деген суроо болду. Азыркыга чейин бул суроо бир нукта чечиле элек. Президенттин аппарат башчысы Фарид Ниязов жумуштан кетейин дегенде, Сооронбай Жээнбековдун ага макул болбой койгону ого бетер түшүнүксүз кырдаалды жаратты. Саясатта эки күчтүн кимиси жеңип чыгат деген суроо да чечиле элек. Бул дагы жүз күндүк ишинин жыйынтыгын чыгаруудагы шарт десек болот. Жээнбековдун буга чейинки кылган ишин ушул фактордун негизинде баалаганыбыз оң болот. Буга чейинки президенттерде мындай шарт болгон эмес. Алар өз алдынча президент болуп келип, чылбырды бат эле колуна алган болчу. Бийликтин тынч жол менен алмашканынын дагы бир натыйжасы - мурунку президенттин карааны, салмагы өтө чоң болуп калганы баарыбызга белгилүү болуп турат.
Сооронбай Жээнбеков мурунку президент Алмазбек Атамбаевден айырмаланып жубайын коомчулукка азырынча алып чыга элек, расмий сапарларга өзү жалгыз барып жатат. Президент өзүнүн кортежи өтчү жолду жарым-жартылай гана жаптырып, жумушка эртең менен эрте, жол тыгын күчөй электе өтүп кетип жатканы жүз күндөн бери бишкектиктерди кубанткан жагдайлардан бири болду.
Мурунку президент Алмазбек Атамбаев да кызматка киришкен жүз күндүн ичинде адегенде эле коррупцияга каршы күрөш баштаган, УКМКнын алдында Коррупцияга каршы күрөш кызматын түзгөн. Ошол кездеги "Манас" аба майданындагы АКШ базасын чыгаруу керектигин билдиргени, Орусиядан Кыргызстанды кичиксинтпей, теңата шерик катары мамиле жасоону талап кылганы да коомчулуктун эсинде.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.