Жол-жоболор сакталышы тууралуу суроолорго Жогорку Кеңештеги конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрагасынын орун басары Алмамбет Шыкмаматов жооп берди.
“Азаттык”: Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндө, “Референдум жөнүндө” жана “Референдумду дайындоо жөнүндө” мыйзам долбоорлор каралып, кабыл алынып жатат. Бирок аларды кабыл алууда жол-жоболор бузулганы айтылууда. Эмне бузулууда?
Алмамбет Шыкмаматов: Биздин колдонуудагы 2010-жылы кабыл алынган Конституциянын экинчи беренесинин үчүнчү пунктунда жазылып турат: “Кыргыз Республикасынын жарандары өзүнүн бийлигин шайлоолор жана референдум аркылуу ишке ашыра алат, ал эми референдум өткөрүү тартиби ушул Конституцияга ылайык жазылган конституциялык мыйзам менен ишке ашат” деп. Конституция буга так кесе түшүндүрмө берип атат.
“Референдум жөнүндө” мыйзамда референдум кандай өткөрүлөт, аны ким жарыялайт, кандай бюллетен болот дегендин баары аныкталыш керек.
Конституциялык палатанын көз каранды экендиги, ал мыйзамга таянып чечим чыгара албастыгы көрүнүп калды.
Эми бүгүн бизде “Референдум жөнүндө” мыйзам жок. Жаңы Конституцияга дал келген мыйзам жок. Ал мыйзам долбоорун биз карап жатабыз. Ошондуктан Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү биз процедурасы жок жүргүзүп жатабыз.
“Азаттык”: “Референдум жөнүндө” жаңы мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алындыбы?
Алмамбет Шыкмаматов: Ал болгону экинчи окууда кабыл алынды. Бул эми төрөлө элек баладай эле да. Экинчи окуудан кийин үчүнчү окуу болот, анан президент кол коюп, жарыяланыш керек. Мына ошондон кийин күчүнө кирет. Мына ошол күчүнө киргенден кийин Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү баштасак болот.
Ал эми суроолорубузга алар “биз референдум жөнүндөгү эски мыйзамдын негизинде иш жүргүзүп жатабыз” деп жооп берүүдө. Ал мыйзам 2005-жылкы Конституциянын негизинде кабыл алынган. Ошого ылайыкташтырылган. Ал мыйзам 2010-жылы кабыл алынган Конституцияга каршы келет. Демек, аны колдонууга болбойт. Ал эски Конституция жана мыйзамда референдум жарыялоого президенттин укугу бар деп жазылып турат. Ал эми 2010-жылкы Конституцияда президентке андай укук берилген эмес.
“Азаттык”: Мыйзам талаптарына ылайык кандай ыраатта бул иш жүрүшү керек эле?
Алмамбет Шыкмаматов: Биринчиден, биз “Референдум жөнүндө” мыйзамды кабыл алып, ал аркылуу референдум өткөрүүнүн жол-жоболорун тактап, андан кийин Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү жана ага байланыштуу референдумду дайындасак туура болмок. Мына ошондо мыйзам жагынан да, логикалык жактан да, легитимдүүлүк жактан да кынтыксыз болмок.
Бүгүнкү күндө биз экинчи окууда турган мыйзамдын негизинде иш жүргүзүп жатабыз. Ал үчүн окууда кабыл алынбай калышы же президент кол койбой коюшу мүмкүн. Теориялык жактан мындай болушу мүмкүн. Ага карабай жок мыйзамдын негизинде өзгөртүү киргизип, көгөрүп эле "биз айткандай болот" деп жатышат. Бирок буга тарых, келечек муун баа берет. Жол-жоболорду бузуу менен кабыл алынган Конституция кантип ыйык Конституция болот? Ал кантип иштеп, эл ага кантип ишенет?
“Азаттык”: Алмамбет мырза, Конституциялык палата Конституцияга өзгөртүү киргизүү мыйзам жолунда баратат деген корутундусун чыгарып берди. “Ата Мекен” фракциясы да Конституциялык палатага кайрылган эле. Ал эмне болду?
Алмамбет Шыкмаматов: Конституциялык палата биздин арызды караган жок. Алар КСДП берген арызды карап, Конституцияга өзгөртүү киргизүү мыйзам жолунда баратат деген корутунду чыгарып берди. Акаев учурунда да, Бакиев учурунда да ушинтип Конституцияга өзгөртүү киргизилген. Конституциялык сот туура болгон деген чечимин чыгарып берген. Ошондуктан Конституциялык палатанын көз каранды экендиги, ал мыйзамга таянып чечим чыгара албастыгы көрүнүп калды.
Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр кабыл алынса соттор бийликтен ого бетер көз каранды болуп калат. Ал жерде “Дисциплинардык комиссия” деген пайда болот. Ал аркылуу президент сотторду жумуштан бошото алат, ротация деп которо алат.
"Азаттык": Чоң рахмат!