Садыр Жапаровдун соту дагы жылды

Садыр Жапаров. 2-август, 2017-жыл.

Жогорку сот судьялардын курамы толук келбегенине байланыштуу саясатчы Садыр Жапаровдун ишин кароону кийинкиге жылдырды.

Ал арада Садыр Жапаровдун тарапкерлери Жогорку соттун имаратынын маңдайында митинг өткөрүп, анын бошотулушун талап кылышты.

Садыр Жапаров "мамлекеттик кызматкерди барымтага алууну уюштурган" деген негиз менен камалып, соттолгон жана сот "жабырлануучунун айыпталуучуну колдогон көрсөтмөсүн эске алган жок" деген сынга кабылган.

Садыр Жапаров Кумтөр келишими боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин саясатына кескин каршы чыкканы менен белгилүү.

Создуккан соттук отурум

Саясатчы Садыр Жапаровдун ишине байланыштуу 29-майга белгиленген Жогорку соттун отурумуна анын таламын талашкан жоон топ саясатчылар, укук коргоочулар, коомдук активисттер келип, аны боштондукка чыгарууну талап кылышты. Бирок бул ишти карай турган соттук курам толук эмес болгондуктан сот жараяны 5-июнга жылдырылды.

Садыр Жапаровдун тарапкерлери. 29-май, 2018-жыл.

Садыр Жапаровдун адвокаты Бактыбек Самудинов соттук курам толук болбой калганын түшүнүксүз жагдай катары баалап, буга чейин да ишти кароо атайын создуктурулуп келгенин белгиледи:

Сот иши оюнчук эмес да! Ага жоопкерчиликтүү мамиле кылышса болмок.

- "Судья ооруп калып, жараянга келе албай калды" деген жооп узатышты. Жогорку соттогу отурум жогорку деңгээлде өтүшү керек болчу. Эгерде судья ооруп калса, аны алмаштыра турган судьялар даяр болушу керек эле. Анткени Садыр Жапаровдун иши Жогорку сотто каралаары мындан бир ай мурун эле белгилүү болгон. Ошондон бери соттук жараяндын өтүшүн үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселесин чечип коюшса болмок. Анан сот жараяндарын улам эле создуктуруп келген көрүнүш буга чейинки соттук инстанцияларда ишти караган учурда да аябай көп болду. Соттор ишти кароону айлап создуктуруп келип, анан чечим чыгарышат. Бул эми сот иши оюнчук эмес да! Ага жоопкерчиликтүү мамиле кылышса болмок.

Мурдагы бийликке оппозициялык көз карашы менен белгилүү саясатчы Садыр Жапаров былтыр 25-мартта Кыргызстанга кайтып келгенде чек арадан кармалып, камакка алынган. Ага 2013-жылы Караколдогу митингди өткөрүп, ошол кездеги облус губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштуруу боюнча айып коюлган. Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 2-августта Жапаровду ал иш боюнча күнөөлүү деп таап, он бир жыл, алты айга эркинен ажыраткан. Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган болчу.

Айыпкерди коргоп чыккан жабырлануучу

Бул иште жабырлануучу катары өткөн Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаев буга чейинки соттук жараяндарда соттолуучунун кызыкчылыгы үчүн көрсөтмө берген. "Тергөө бул ишти терең изилдеген эмес" деген жыйынтыкка келген Эмилбек Каптагаев барымтага алуунун артында элдин "Кумтөргө" каршылыгынын мизин кайтарган күчтөр турат деп эсептейт:

Эмилбек Каптагаев.

- Садыр Жапаровдун мени барымтага алуу окуясын уюштурууга тиешеси бар экенине бир да далил табылган жок. Мен буга чейин да "мага демектен аны атып салгыла, бирок аны далилдеп туруп, анан соттош керек да" деп айтып келдим. Соңку жагдайлар көрсөткөндөй, бул саясий себептер менен байланышкан иш. Анткени ошол кезде "Кумтөргө" карата элдин таламын талашкан митингдер аябай көп болуп жаткан болчу. Анан ошондой элдин талабынын мизин кайтарыш үчүн митингдерди токтотуу, аларды күч менен басыш үчүн ошол учурда негиз керек болгон. Ал негиз - митингге чыккандардын арасында мени барымтага алуу боюнча чагым жасап, аны арты менен элдин каршылыгын басаңдатууга себеп табылды. Анткени ошол митингге чыккандар тууралуу коомдук пикир өзгөрдү. Аларды барымтага алып, адамды өрттөп жиберүүдөн кайра тартпай турган адамдар катары көрсөтүп, натыйжада кийин бул боюнча митингдерди басууга чоң өбөлгө таап алышты.

Биринчи май райондук соту Садыр Жапаровдун барымтага алууну уюштурганы териштирүү учурунда далилденди деп тапкан.

Өкүмгө негиз болгон жалгыз көрсөтмө

Жапаровдун аны уюштурууга катышы бар экени туурасында бул иш боюнча соттолгондордун бири Кенжебек Жумабаев тергөөгө көрсөтмө бергени айтылган. Бирок барымтага алуу окуясы боюнча 9 жылга соттолуп, былтыр ырайым аркылуу камактан бошогон Кенжебек Жумабаев андан Садыр Жапаровго каршы көрсөтмө мажбурлоо жолу менен алынганын жакында айтып чыккан болчу:

- Садыр Жапаров Кыргызстанга келерде мага тергөө абагына киришти. Менин өмүрүмө коркунуч келтирип, ар кандай ыкмалар менен мени коркуткан учурлар болду. Анан №47 абак жайына келген кызмат адамдары: "Сегиз жылга кесилдиң, эми түрмөдөн чыкпайсың, бала-чакаңды ким багат?" деген сөздөрдү айтып: "Садыр Жапаровдун үстүнөн жазып бер, кол коюп бер" дешти. "Биз аны соттон өзүбүз өткөрүп алабыз" дешти. "Бардыгын жогору жак менен сүйлөшүп койдук. Биз айткан боюнча түрмөдөн чыгасың" деп айтышты. Анан айткандай эле мага ырайым берүү менен абактан чыгарышты. Бирок мен буга макул эмесмин. Мен толук акталышым керек. "Мурда эмнеге айткан жок?" деген сөз болушу мүмкүн. Мурда айтсам, кайра түрмөгө киргизип коюшмак.

Буга чейин оппозициялык саясатчы Садыр Жапаров Кумтөр алтын кени боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сынга алып келген. Ал "Центерра" менен болгон келишимди кайра кароого бийлик умтулбай жатканын айыптап, анда жогорку бийликтин жеке кызыкчылыгы бар экенин айтып келген.

Атамбаевдин жүйөсү

Былтыр иш сапарында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Садыр Жапаровдун айткандары жалган жалаа экенин айтып, ага коюлган айыптоого сот гана чекит коё турганын билдирген болчу:

Алмазбек Атамбаев.

- Анын бир да чын сөзү жок. Баары калп. Мен аны Кудайга койдум. Эгерде Садыр Жапаровдун айтканы чын болсо, мен жооп бергенге дайыма даярмын. Бирок анын баары карандай калп. Ал чындыкты билип туруп, мени жамандаган. Мен мыйзамды бузбайм. Ал боюнча тиешелүү сот өкүмү чыккандан кийин гана президент ага кийлигишсе болот. Ага чейин ачык айтайын, мыйзамга баш ийип көнөлү.

Саясатчы Садыр Жапаров өзүнө каршы козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук катары мүнөздөп, аны Кумтөр чатагына байланыштырган жайы бар. Садыр Жапаров 2012-жылы "Кумтөр" долбоору боюнча убактылуу депутаттык комиссияны жетектеген. Бирок ал комиссиянын тыянагы парламентте каралып, чечим кабыл алынбай калган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.