“Төшөк аңдымайдын” төркүнү кайда?

Бишкектеги борбордук мечит.

Диний башкармалык менен мамлекеттик бийликтин ортосундагы келишпестиктин айынан төрт жыл аралыгында алтынчы муфтий кызматтан кетти.
Уламалар муфтийликке тандаган Рахматулла ажыны бир жылдан ашуун тааныбай келген бийликтин аракети ага каршы чуулгандуу тасманын чыгышын шарттап, акыры аны кызматтан кетирүүгө мажбур кылды. Акыйкатчы Бактыбек Аманбаев "муфтийди кызматтан кетирүүдө ыплас технология колдонулуп, анын жеке турмушунун купуялуулугуна кол салынды" деп билдирди. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Абдулатиф Жумабаев болсо коюлган дооматты четке кагып, муфтий Рахматулла ажы өзүнүн жүрүм-турумунун курмандыгы болду деген көз карашты карманууда.

Тирешүүнүн башаты

Рахматулла ажы Эгембердиев 2012-жылдын 15-декабрында мусулмандардын курултайында уламалар кеңешинин 25 мүчөсүнүн добушу менен муфтий болуп шайланган. Шайлоого аз күн калганда Рахматулла ажыга бийликтен басым болуп, курултай башталганга чейин жашырынып жүргөн. Анткени атайын кызмат шайлоого бир күн калганда мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловго жана муфтийдин милдетин аткарып келген Рахматулла ажыга каршы кылмыш иши козголгонун жарыялаган. Ал иш ажылыктан түшчү салыкка байланыштуу болчу. Рахматулла ажы Эгембердиев бийлик колдогон талапкердин пайдасы үчүн аны шайлоого катышуудан баш тарттыруу аракети жүрүп жатканын айткан.

Рахматулла ажы Эгембердиев ошол кезде мунун артында бийликтеги үч үлкөн аткаминер турганын ачык жарыялаган болчу:

- Азыр биздин курултайга келе жаткан делегаттарды УКМКнын кызматкерлери кысымга алып, "Кимсанбай ажыны шайлайсыңар" деп басым көрсөтүп жатат. Мындай басымдын дагы бир жолу катары эртең курултай болгону жатса, бүгүн бизге иш козгоп, бизге таасир этүүнү көздөшүүдө. Кечээ мени соттун санкциясы жок эле атайын кызматтын имаратына алып барышып, күч менен “шайлоого катышпайм” дедиртип кайрылуу жаздырышты. Мунун артында буга чейин мени телефон аркылуу коркутуп-үркүткөн президенттик аппараттын эки өкүлү: Фарид Ниязов, Орозбек Молдалиев жана дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Абдулатиф Жумабаев турат.

Ошол эле кезде ысымдары аталган тиешелүү бийлик өкүлдөрү бул дооматты четке каккан билдирүүлөр менен чыгышкан. Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Орозбек Молдалиев Рахматулла ажы Эгембердиев муфтий шайлоонун алдында кайсы бир саясий күчтөрдүн тилине кирип, атайын президенттик аппаратты жаманатты кылып жатат деп билдирген болчу:

- Булардын үстүнөн мурда эле арыз түшкөн. Кылмыш иши эч кандай куугунтук эмей эле ошону текшерүүнүн жыйынтыгы. Мен он күн мурун Рахматулла ажыга жолугуп, шайлоону жакшы өткөрүп алгыла деп каалоомду айткам. Мен эмнеге муфтияттын ишине кийлигишмек элем. Ал мени айыптап, негизсиз доомат коюп жаткандыктан, менин кийлигишип жатканымды далилдеп берсин деген негизде мен аны сотко берем.

Эгембердиев президентке жаккан эмеспи?

Муфтийликке он талапкер көрсөтүлүп, шайлоо учурунда алардын алтоо өзүнүн талапкерлигин алып салган эле. Муфтийликке Кимсанбай ажы баш болгон үч талапкер өтпөй калып, уламалар кеңешинин Рахматулла ажыны тандашы бийликтин шагын сындырган. Ошондуктан жаңыдан шайланган муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев жогорку деңгээлдеги расмий иш-чараларга катыштырылбай келген.

Мамлекет башчысы башкы диниятчыны бир жыл аралыгында бир да жолу жолугушууга чакырып, кабыл алган эмес. Ошол эле кезде президент Атамбаев Коргоо кеңешинин жыйынында өлкөдө диний кырдаал оор экенин айтып, диний башкармалыктын ишине ичи чыкпай турганын кыйыткан жайы бар.

Дин иштери боюнча эксперт Канат Мурзахалилов бийликтин диний иштерге туура эмес кийлигишүүсү чатактын чыгышына себепчи болууда деп эсептейт:

- Башынан эле диний башкармалык менен бийликтин мамилеси эски советтик стилде жүргүзүлүп келген. Ошонун айынан көп түшүнбөстүк чыгат. Анан бийлик өкүлдөрү өздөрүнүн кызыкчылыгы бар адамды муфтий кылып шайлаткысы келет. Ошонун айынан төрт жылга жетпеген мезгилде алты муфтий алмашып отурат. Ийри отуруп, түз кеңешпесе мына ушундай кырдаалдан радикалдык күчтөр пайдаланып кетиши ыктымал.

2010-жылы 7-апрелдеги бийлик алмашууда муфтий Мураталы ажы Жумановду криминалдык күчтөр уурдап кетип, катуу токмок жеп, кийин анын кесепетинен каза болгон. Анын ордуна келген Абдышүкүр ажы Нарматов коркутуп-үркүтүүлөргө учураганы айтылып, сегиз күндөн кийин кызматын өткөрүп берген.

Андан соң туура 45 күн муфтий болгон Сүйүн ажы Кулуевге да белгисиз бирөөлөр кол салган. Кийин кайсы бир күчтөрдүн көмөгү менен муфтийликке келген Руслан ажы Жумабаевди бир айдан соң Чубак ажы Жалилов алмаштырган. Бир жылдан соң Чубак ажы Жалиловго ажылыктан түшчү сегиз миллион салыкты төлөгөн эмес деген негизде кылмыш иши козголгон.

Чубак ажы мына ошондой жол менен бийлик аны кызматтан кетүүгө мажбурлаганын белгилеген эле:

- Бул иш өзү мурда эле бар болчу. Бул жанагы ажалыктан түшкөн каражаттан салык төлөбөйсүңөр деген мааниде бизге койулган дооматтын негизинде козголгон. Биз 20 жылдан бери төлөнбөгөн салык үчүн кандайча айыптуу болушубуз керек. Мени муфтийликтен кетирүүдө да мына ушундай ыкма менен басым жасашкан. Мени муфтийликке талапкерлигин коёт деп коркуп, ошол ишти кайра көтөрүп жатышкан го. Андан коркпой эле коюшса болмок. Себеби мен талапкерлигимди көрсөтөлү дегендерге баш тартып койгом.


“Ылайлаган” саясат оюндары

Жаңы жылдын алдында интернет сайттарда Рахматулла ажы Эгембердиев менен белгисиз бир жаш айымдын махабат мамилесин чагылдырган видео тасма жарык көрдү. Бул чуулгандуу видео тасма жергиликтүү эле эмес, эл аралык маалымат каражаттарынын дагы көңүлүн өзүнө бурду. Рахматулла ажы бул тасма боюнча комментарий берип, өзүнүн жубайы менен болгон мамилеси жашыруун камерага тартылып алынып, коомчулукка таратылганын айтып чыкты. Коомчулукта эң эле аялуу жана эң эле кол тийгис саналган адамдын интимдик жашоосу саясий күрөштүн куралына айланганын айыптаган билдирүүлөр жарыяланды.

Бул окуядан соң кызматынан кеткен муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев бийликтеги өчөшкөн күчтөр аны кетирүү үчүн эң эле ыплас жолду тандашканына токтолуп, президентке кайрылуу жасады:

- Урматтуу президент, сиздин атыңызды сатып, динге киришкендерге карап коюшуңузду суранам. Мына митип уюштуруп, менин намысыма шек келтирип, уятымды элдин астына көргөзүштү. Мына ушундай жол менен кызматтан кетирүү бул деген бери эле дегенде адамгерчиликке жатпайт. Мына ошол иштин айынан аялым азыр ооруканада жатат. Азыр деле мага карата коркутуп-үркүтүү болуп жатат. Эгерде биздин өлкөдө жарандардын укугу корголот деген кепилдик иш жүзүндө бар болсо, анда менин укугумду коргоп бериңиз.

Жүрөк ооруткан жүрүм-турум

Ошол эле кезде Рахматулла ажы Эгембердиевге байланыштуу видео тасманы кимдер тартып, кимдер буюртма берип коомчулукка жарыялаганы белгисиз.
Мына ошол ишти уюштуруунун башында турушу мүмкүн деп Рахматулла ажы шек санаган тиешелүү бийлик өкүлдөрү аны курулай доомат катары четке кагышууда.

Президенттин алдындагы дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Абдулатиф Жумабаев Рахматулла ажы өзүнүн маселесин башка бирөөгө жүктөгүсү келип жатат деп айыптады:

- Бул анын курулай дооматы. Анткени ал адам кызматка киришпей жатып эле менден дагы чоңураак жетекчилерди кысымга алды деп жалган жалаа жапкан. Бул анын мына ушундай учурларда ойлоп тапкан “өнөкөт оорусу”. Коомчулуктун көңүлүн башкага буруш үчүн мына ушундай жол менен башка бирөөлөргө жалаа жаап жатат. Ал эми мына ошол видео тасманы көргөнгө дагы дит барбайт.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Муфтият - диний абалдын күзгүсү



Акыйкатчы Бактыбек Аманбаев бул тасманы таратуу менен Рахматулла ажынын жеке турмушунун кол тийбестиги бузулганын айыптап чыкты. Анткени Баш мыйзамдын 29-беренесинде жарандын жеке жашоосунун купуялуулугу жана кол тийбестиги мамлекет тарабынан корголот деп жазылган.

Башкы укук коргоочу Бактыбек Аманбаев Рахматулла ажынын жеке турмушунун кол тийбестигине жасалган кол салуу иликтенбесе ал коркунучтуу өнөкөткө айланып кетет деп кооптонот:

- Бул анын жеке турмушуна кол салуу жана одоно кийлигишүү болуп саналат. Никелеп алган келинчеги менен болгон анын мамилесин тартып алып, ачык жарыялоо оор кылмыш. Эгерде бул ишти тиешелүү укук коргоо органдары иликтеп чыгып, тез арада бул иштин артында кимдер турганын ачпаса, анда буга окшогон аракеттер өнөкөткө айланып, башка жарандарга карата дагы кайталанышы мүмкүн. Ага эч ким кепилдик бере албайт. Негизи мына ошол тасманы ким тартып, аны интернетке койгонун издесе, ал оңой эле табылат.

Рахматулла ажы Эгембердиев жакында анын абирийине шек келтирген “порногейтке” байланыштуу бул ишти иликтеп берүүнү сурап, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылды. Аталган видео тасма боюнча кылмыш иши козголгон-козголбогону азырынча белгисиз.