Маңызы ачылбаган мампрограммалар

Иллюстрация

Саясий чөйрөдө жаңы өкмөт өзүнүн иштелип чыккан өнүктүрүү программасы жок, бир багыт менен ырааттуу иш алып барбай жатканы айтыла баштады.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өнүктүрүү багытын аныктоочу иш-аракеттердин планы июль айында жарыяланарын, аны ишке ашыруу үчүн каржылык жана экономикалык мүмкүнчүлүктөр изилденип жатканын билдирди.

Айрым депутаттар өлкөнүн эгемендик жылдарында эки жүздөн ашуун план-программа иштелип чыкканын, бирок алардын экономикалык негиздемелери жана ишке ашыруу механизмдери жок болгондуктан кагаз бетинде гана калып келгенин эске салышты.

Негиздемеси аныктала элек программа

Мухаммедкалый Абылгазиев быйыл апрель айында премьер-министрликке талапкерлиги көрсөтүлгөндө "Биримдик, ишеним, жаратмандык" деген программасын сунуш кылган.

Саясий чөйрөдө "бул сунуш андан ары өркүндөтүлбөй, жаңы өкмөт күнүмдүк иштер менен алек болуп, буйдалып калды" деген пикирлер айтыла баштады.

Аалы Карашев.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын мүчөсү, депутат Аалы Карашев өкмөттүн программасын "чукул арада үстүрт жазылган жана экономикалык негиздемеси иштелип чыга элек" деп эсептейт:

- Жаңы өкмөттүн курамы быйыл апрель айында "Биримдик, Ишеним, Жаратмандык" деген программасы менен парламентке келгенде, депутаттар тарабынан бир топ сын-пикирлер болгон. Анда ошол программада конкреттүү нгегизги багыттар, конкреттүү кандай жумуштар аткарыла турганы так көрсөтүлбөгөнү айтылган. Эми ал программага баарын толук жаза албашы мүмкүн. Бирок анда айтылган маселелерди аткарыш үчүн иш пландарын иштеп чыгып, аларды жүзөгө ашыруунун каржылык булактары, аткаруу мөөнөттөрү, жооптуу тараптар, милдеттер жана коюлган тапшырмалар так аныкталганда жакшы болмок. Бирок ошол программанын бекитилгенине эки жарым айдан ашты, аны ишке ашыруу үчүн иш-чаралардын планын түзүү эмнегедир кечеңдеп жатат.

Руслан Казакбаев.

Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Руслан Казакбаевдин баамында, өкмөттүн алдыда белгиленген планы жок болгон үчүн жарыялаган программасын ишке ашыруунун жолдору аныктала элек.

Ал азыркы өкмөттүн курамынан экономикада ийгилик жарата ала турган, демилгелүү жетекчилерди көрө албай жатканын билдирди:

- Урматтуу Мухаммедкалый Дүйшөкеевич, сизге эми азырынча ишеним бар. Бийик адамгерчилик сапатыңыз бар. Бирок сиздин кесипкөйлүгүңүздү эми көрөбүз. Экономика жана башка тармактар боюнча ачыласыз го деген ойдомун. Бирок сиздин вице-премьерлердин бири да экономикада ийгилик жараткан эмес. Анан экономиканы кантип көтөрөйүн деп жатасыз? Кыйналып каласызбы дейм да. Программаңызда мурдагы "Кырк кадам" сыяктуу программаларды толуктап, анан тез арада эле аны жарыялап, айттыңыз эле. Ошонун ичинде же ага кошумча иш-чараларды аткаруунун кадамы, графиги тууралуу ошондо сурадым эле. Азыр ошол иш-чаралардын планын биз кайсы жерден алып окусак болот?

Анткен менен премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коалициялык өкмөттүн "Биримдик, ишеним, жаратмандык" программасынын алкагында азыр иш-аракеттердин планы иштелип чыгып жатканын билдирди.

Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы анда өлкөнү социалдык-экномикалык жактан өнүктүрүш үчүн алгач ички мүмкүнчүлүктөр изилденип чыгып, анын негизинде аталган документ кабыл алына турганын айтты.

Премьер-министр өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал үчүн өзү жооптуу экенин айтып жооп кайтарды:

- Ар бир тармак боюнча ага милдетүү болгон министрликтер жооп беришет. Анан экономикадагы жалпы абал үчүн албетте, кандай болгон күндө да өкмөт башчы жооптуу. Сиздер өзүңүздөр кабыл алып берген "Биримдик, ишеним, жаратмандык" деген программа эми ишке киришет. Анткени "программа" дейбизби, "концепция" дейбизби же "стратегия" дейбизби, мааниси анда эмес. Биз азыр иш-аракеттердин планын иштеп чыгып жатабыз. Июль айынан баштап ошол план менен иш алып бара баштайбыз. Азыр биз буга байланыштуу бюджеттин, каржылык институттардын, ишкер чөйрөнүн мүмкүнчүлүктөрүн жана аймактардагы жалпы эле каржылык-экономикалык абал кандай экенин изилдеп жатабыз. Ошону аяктап, анан ошонун негизинде иш-аракеттердин планын ишке киргизебиз.

Каз катар жазылган улуттук программалар

Кыргызстан эгемендик алгандан бери эки жүздөн ашуун ар кандай программа, концепция, стратегия сыяктуу документтер кабыл алынган.

Өнүктүрүү фондунун күмөн санаткан дымагы

Өнүктүрүү фондунун күмөн санаткан дымагы

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду жаңы стратегиясын жарыялады. Ага ылайык, фонд эсебиндеги Орусия өкмөтү бөлгөн каражаттарды насыя катары таратуудан башка инвестицияларды тартууну максат кылууда. Дарегине бир катар сын айтылып келген фонддун мындай жаңычылдыгынан күмөн санагандар арбын.

Туңгуч президент Аскар Акаевдин учурунда "Комплекстүү өнүгүүнүн негиздери", "Социалдык мобилизация", "Жакырчылыкты жоюунун улуттук программасы" сыяктуу документтер иштелип чыгып, бирок алардын көбү ишке ашпай калганы белгиленди.

Кийинки президент Курманбек Бакиевдин тушунда да "Өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы", "Аймактарды өнүктүрүүнүн концепциясы" сыяктуу план-программалар иштелип, бирок натыйжа болбогону сынга алынган. Андан кийин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда 2017-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүү программасы иштелип чыгып, бирок ал жыйынтыкталбай жатып эле Кыргызстандын 2040-жылга чейинки стратегиясы иштелип чыкканы былтыр жарыяланган болчу.

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев план-программаларды иштеп чыкканда алардын реалдуу ишке ашышын камсыз кылуу зарыл экенин кошумчалады:

- Бизде эми буга чейин иштелип чыккан программалар эле көп да. Мен өткөндө талдап көрсөм, жалпысынан Кыргызстандын эгемендик жылдарында 200дөн ашуун ар кандай мамлекеттик программа иштелип чыгып, жарыяланган. Бирок алар кандайча ишке ашып, кандай жыйынтык бергенине кызыккан эмеспиз. Ошол программалардын алкагында жүргөн иш-чараларды карапайым калк сезиши керек. Кыргызстан кандай жол менен өнүгөт? Ошого жараша биз кайсы бир тармактарга өзгөчө басым жасап, артыкчылыктуу багыт катары аныктап туруп, ошого жараша андан аркы реалдуу кадамдар иштелиши зарыл. Бирок биз ошол нерселерди так аныктай албай жатабыз.

Мамлекеттик өнүгүү программаларынын арасында "Манас таалими" - саламаттыкты сактоо тармагын реформалоонун улуттук программасы жана "XXI кылымдын кадрлары" сыяктуу тармактык программалар да иштелип чыгып, аларды ишке ашырууга учурунда миллиондогон сом гранттык жана бюджеттик каражаттар тартылган. Бирок алардын натыйжасы кандай болгонун көпчүлүк анча биле бербейт.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.