Документке ылайык, жалпы элдик добуш берүүнү Жогорку Кеңеш жана он миң адамдын колун чогулткан демилгелүү топ мыйзам түрүндө сунуштайт. Бир катар талдоочулар мыйзам долбоор кабыл алынса, дароо эле Баш мыйзамды өзгөртүү тууралуу референдум өтөт деп болжошууда.
Ошондой эле өлүм жазасын киргизүү, президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү өңдүү демилгелер да коюлушу ыктымал.
Эгемен Кыргызстандын тарыхында 2010-жылга чейин референдум негизинен бийликтин башкы куралы болуп келген.
Былтыр жазында 5-чакырылыштагы парламент дагы “Референдум жөнүндөгү” мыйзамды өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорду караган. Анда биринчи окууда өткөнү менен экинчи окууда бир добуш жетпей кабыл алынбай калган эле.
Долбоордун авторлорунун бири, “Ата Мекен” фракциясынан депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун ырасташынча, башкы максат “Референдум жөнүндө” мыйзамды Баш мыйзамга шайкеш келтирүү болуп саналат:
- Жалгыз гана ушул конституциялык мыйзам Баш мыйзамга шайкеш келе элек болчу. Азыркы “Референдум жөнүндө” мыйзам эски Баш мыйзамга ылайыкташтырылып жазылып калган. Эски Конституция боюнча референдумду өкмөт, президент, Жогорку Кеңеш жана жарандар демилге көтөрө алчу. Азыр болсо учурдагы Баш мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңеш менен элди демилге көтөрө алат деген норма киргиздик. Тактап айтканда, референдумду сунуштаган субъекттердин ичинен президент алып салынды, ал референдумга маселе коё албайт. Бирок президент бул жерде баары бир негизги роль ойнойт. Анткени референдумду ишке ашыруу жол-жобосу мыйзам аркылуу болот. Ал мыйзамга президент кол коймоюнча күчүнө кирбейт.
Мыйзам долбоорлордун авторлорунун бири, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев кайсы маал, кандай маселе болсо дагы Кыргызстан референдум өткөрүүгө шайма-шай турушу керектигин айтып келет:
- Референдум болобу, же болбойбу бул башка маселе. Кандай учурлар болбосун мыйзам даяр турушу керек. Силер жакшы билгендей, биз педофилдерге, террорчуларга өлүм жазасын киргизүү тууралуу айтып келгенбиз. Ошондуктан биз мыйзамды кабыл алып даяр турушубуз керек.
Айрым талдоочулардын баамында, жаңы мыйзам кабыл алынары менен биринчи референдум Баш мыйзамды өзгөртүү тууралуу болот. Серепчи Бакыт Бакетаев муну туура деп эсептейт:
- Атамбаевдин беш жылы өттү. Көп нерсени баштады, айрымдары бүтүп, айрымдары ара жолдо калды. Атамбаев кызматынан кеткиче ушул Баш мыйзамды өзгөртүп туруп кетиши керек. Анткени андан кийин келчү президент анык диктатор болуп чыгат. Азыркы Баш мыйзам диктатурага, диктаторго ылайык келген документ.
Саясат таануучу Эмил Жураевдин баамында, Баш мыйзамды референдум менен өзгөртүү аракети саясий катачылык:
Референдумду сунуштаган субъекттердин ичинен президент алып салынды, ал референдумга маселе коё албайт. Бирок президент бул жерде баары бир негизги роль ойнойт.
- Акыркы бир-эки жылдан бери Конституцияны өзгөртүү боюнча ар кандай ойлор айтылып келатат. Кимдир бирөөлөр парламенттик системага ыктайлы десе, айрымдары президенттик башкарууну жактайт. Дагы бири сот системасын оңдойбуз десе, башкалары административдик вертикалды өзгөрткүлөрү келет. Референдум бул бир добуш менен гана чечилип калчу нерсе. Азыр болсо Конституцияга байланыштуу толгон-токой маселелер чыгып жатат. Анын баары бир добуш менен чечип койчу маселелер эмес. Референдум өткөрүүгө жол бербөө – жалгыз гана туура жол. Азыр парламент аркылуу референдум өткөрүү тууралуу мыйзам кабыл алып, ошонун негизинде мыйзамдык жол ачып референдум өткөрүү эшиктен болбосо тешиктен чыгып, Конституцияны өзгөртүү аракети болуп жатат. Бул мыйзамдуулуктун өзүнө шек келтирет.
Кыргызстандын эгемен тарыхында, 2010-жылга чейин референдум негизинен бийликтин саясий куралы болуп келген. 2010-жылы апрель ыңкылабынан кийин түзүлгөн Убактылуу өкмөт бийлигин референдум аркылуу мыйзамдаштырган жана Баш мыйзамды өзгөртүүгө жол ачкан.
“Референдум жөнүндө” мыйзам долбоор кабыл алынса, эмдиги жылдын башында президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү тууралуу демилге жалпы элдик добуш берүүгө коюлушу да мүмкүн.