Нурлан Карымшаков менен анын жубайы Гүлзана Имаеванын бөгөт чарасы 28-март кечки саат он жарымдарда башталып, отурум үч саатка жакын созулду.
Судья Адылбек Субанкулов сот жараянын жабык деп жарыялап, укук коргоочу, байкоочуларды залдан чыгып кетүүнү талап кылды. Ага каршы чыккан укук коргоочу Рита Карасартова судья менен кайым айтыша кетти. Судья Адылбек Субанкулов кеңешүүгө кетип, эки саатка жакын убакыттан кийин келди. Айыпталуучулардын бөгөт чарасы жабык каралып, сот аларды тергөө аяктаганга чейин өлкө аймагынан чыкпоо шарты менен бошотту.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бир суткадан ашык камалып чыккан активист Нурлан Карымшаков соттон кийин “мыйзамсыз кармалып турганын” билдирди. Карымшаков жарандык пикиримди айтып чыгууга тоскоол болушту деп милицияны айыптап жатат.
- Менин оюмча мыйзамсыз кармашты. Кыргызстандын жарандары социалдык, саясий маселелер боюнча өз оюн билдирүүгө мүмкүнчүлүк болушу керек.
27-мартта Орусиянын Бишкектеги элчилигинин алдына пикетке чыккан жубайлар Карымшаковдордун үйүн тинтүү учурунда 17,6 миң доллар жана курал-жарак табылганы кабарланды. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Мира Абдылдаеванын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, курал-жаракка уруксат кагаздары болгон эмес.
«Соттун санкциясы менен Нурлан Карымшаковдун жашаган жерине тинтүү жүргүзүлгөн учурда кош ооз мылтык, 10 патрон, 1 банка мылтык дарысы жана 17,6 миң доллар табылган. Мындан тышкары, жубайлар Нурлан Карымшаков менен Гүлзана Имаева жакында эле, 21-25-март күндөрү Мексикага барып келишкени, аларда бул өлкөгө 2019-жылдын 30-июлга чейин ачылган виза бар экени аныкталды», - деди ал.
Активист Карымшаковдун сотуна башынан байкоо салып жаткан укук коргоочу Рита Карасартова автомат Нурландын атасыныкы экенин, ал айлана-чөйрөнү коргоо тармагында иштегендиктен, курал алып жүрүүгө расмий уруксат кагазы болгонун билдирди. Маалыматка караганда, балкондо катылып турган автоматты атасынын көзү өтүп кеткенден кийин эч ким пайдаланган эмес. Нурлан Карымшаков жумушуна байланыштуу чет мамлекеттерге каттап турган. Паспортунда жакында барып келген Мексиканын жана Шенген аймагына каттаганга визалары бар. Тергөөчүлөр тапкан акча жакында сатылган үйдөн түшкөн каражат болгон, жаңы батирди сатып алуу тууралуу келишим жаңыдан даярдалып жаткан.
Плакат көтөргөн жубайлар
Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга келерден бир күн мурун, жарандык активист Нурлан Карымшаков жана анын жубайы Гүлзана Имаева Бишкектеги орус элчилигинин астына пикетке чыгышканы белгилүү болду. Жубайлар 27-март күнү эртең менен колдоруна «Путин - агрессор, канкор» жана «Ысык-Көлдө Путиндин торпедаларына жол жок» деген жазуусу бар плакаттарды кармап турганда милиция аларды кармап кеткен. Алардын адвокаты Замир Жоошевдин айтымында, жубайлар таңдан кечке чейин мыйзамсыз кармалып, андан кийин гана тергөөчүгө тапшырылган.
Адвокат Замир Жоошев аларга каршы мыйзамсыз кине коюлуп жатканын билдирди:
«Бул жерде алардын плакаттарында «Путин - агрессор, бул жакта аскер базасы болбошу керек» деген эки ой жазылган. Мында башка өлкөлөрдө адам курмандыктарына алып келген агрессия тууралуу, экинчиден, «Ысык-Көлдө торпедалар сыналбашы керек» деген эле ойлор айтылып жатат. Бул жерде Путин деген - адам. Ага карата биздин айрым жарандар конституциялык укугунан пайдаланып, өз оюн эркин айтып жатышат. Аларга карата «улут аралык, диний жана расалык кастыкты козуткан» деген экспертизанын тыянагы боюнча айып коюлуп жатат. Бирок плакаттарда улут жөнүндө, дин же раса тууралуу сөз жок. Эмне, Путин улутпу, динби же расабы? Жок. Бул жерде адам тууралуу сөз болуп жатат. Ошондуктан аларга бул берене боюнча айып коюу туура эмес».
Тергөөчү жубайлардын бул аракетин Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоодон мурун лингвистикалык экспертиза дайындаган. Мамлекеттик соттук экспертиза жубайлардын көтөрүп чыккан плакаттарында «улут аралык, диний жана расалык кастыкты козутууга чакырык бар» деген тыянак чыгарган. Ошонун негизинде Бишкектин Биринчи май райондук соту жубайлар жашаган үйдү тинтүүгө санкция берген.
Пикетке чыккандардын бөгөт чарасын Биринчи май райондук соту карашы күтүлүүдө.
Тинтүүгө алынган үй
Укук коргоочу Рита Карасартова жубайлар оюн ачык айтканы үчүн эле милицияда көпкө чейин ачка кармалып, аларды экстремизм боюнча айыптоо одоно мыйзам бузуу деп эсептей турганын айтты:
«Алар пикетке чыгары менен бат эле кармап кетип, соттук экспертиза «улут аралык, диний жана расалык кастыкты козутууга үндөө бар» деген тыянак чыгарып бериптир. Ошонун негизинде сот алардын үйүн тинтүүгө уруксат берген чечим чыгарган. Бирок үйдөн кандайдыр бир мыйзамсыз эч нерсе табышкан эмес. Бирок ошого карабастан аларга экстремизмге байланыштуу иш ачылып жатат. Ошондой эле бул жубайлар милицияда кечээ эртең менен эрте кармалып, ошондон бүгүн таңга маалга чейин тамак берилген эмес. Бул кыйноого барабар. Бул боюнча милиция кызматкерлери жооп берүүгө тийиш».
Бишкек шаардык милициясы жарандык позициясын айтып, элчиликтин астына пикетке чыккан жубайлар 15 сааттан ашуун мыйзамсыз кармалганы жана аларга карата Жазык кодексинин 313-беренеси – «Улут аралык кастыкты козутуу» боюнча айып коюлганы тууралуу түшүндүрмө бере элек.
Чагымбы же сынбы?
Кремлчил көз караштагы саясат талдоочу жана аскер эксперти Токтогул Какчекеев жубайлардын элчиликтин астына Путинге каршы пикетке чыгышын атайын уюштурулган чагым катары баалады:
«Биздеги кээ бир окуяларды салыштырып көргөндө негизинен жалданма нерселер көп учурап жатат. Ушундай тукуруунун негизинде кайсы бир күчтөргө «Путиндин Кыргызстанга келишин жактырбай жатышат» деген маалыматтар чыгышы керек болгон. Ошондой элес калтырыш үчүн ушундай чагым алдын-ала даярдалып, уюштурулушу мүмкүн. Анткени күйөөсү аялы менен кошо алдын-ала плакаттарды даярдап алып, «Путин - канкор» деп элчиликтин астына чыгышы жөн жеринен эмес. Анткени мындай сөздөрдүн көбү Украинадан чыкканын билебиз. Ошондуктан биз бул иш боюнча алдын-ала баа бере бербей, тергөөнүн жыйынтыгын күтүшүбүз зарыл».
Коомдук активист Нурлан Карымшаков буга чейин Кыргызстандын Орусия баш болгон Евразия Экономикалык Биримдигине киришине каршы саясий акцияларга катышып жүргөн. Жарандык активист Марат Мүсүралиев «Кыргызстанда Путинди сындоого тыюу салган мыйзам барбы?» деген суроо койду:
«Нурлан - өзүнүн жигердүү жарандык позициясы бар адам. Ал ошол саясий көз карашын коомчулукка жеткирейин деп аракет кылды. Мында аны жубайы да колдоп чыгыптыр. Мен «алар азамат» деп гана айтар элем. Мен билгенден Нурлан талдоо борборун жетектеп, иштечү. Саясат таануу илими боюнча билим алган. Анан эми Путин тууралуу ошол өз оюн айтып койгону үчүн эле аны кармап, камакка алуу - бийлик үчүн уят иш. Путин тууралуу дүйнө жүзүндө эмне деп гана айтпай жатышат? Биздин жарандар аны сындоого акысы жокпу? Бул мыйзам тарабынан тыюу салынган нерсеби?»
Ошол эле кезде укук таануучу адистер Жазык кодексинин улут аралык кастыкты козутууга байланышкан беренесине ылайык жубайлар он жылга чейинки эркинен ажыратылыш мүмкүн экенин белгилешти. Кыргызстандын Баш мыйзамы пикет, митинг сыяктуу тынч акцияларга чогулууга жана өз оюн эркин айтуу укугуна уруксат берет.