Митингдер кимдин куралы?

Кыргызстанда акыркы апталарда саясий-экономикалык талаптар менен өткөн нааразылык акцияларынын саны арбыды. Алардын бири Нарын облусунун губернаторун коргоо максатында Нарын шаарында өттү.
Жазында бир сыйра толкуп барып басылган нааразылык акциялары кайрадан жандангандай.

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Канатбек Муратбековдун кызматта калышын талап кылгандардын бири Бактыгул Исаев облус башчысын минтип жактады:

- Канатбек жаш бала болсо да кызматка келгени 20 жылдан бери козголбогон таштандылар чыгарылууда. Жума сайын ишембилик болуп, көчөгө суу чачылып жатат. Нарынга эч качан мындай губернатор келген эмес. Бул кетсе, биз кайра эле баягы ит кейпибизге түшөбүз.

Акциядан бир да күн кур эмес

Нарын облустук администрациянын алдына жүз чакты кишинин чыгышына оппозициядагы “Республика” партиясынын сунушу аркылуу келип, мурдагы өкмөттөн бери иштеп келаткан өкмөттүн облустагы өкүлү Канатбек Муратбековду премьер-министр кызматтан алат экен деген имиш себеп болгон. Бирок өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев бир күн мурда Жогорку Кеңеште депутаттарынын суроолоруна жооп берип жатып, бул имишти төгүнгө чыгарган эле.

Бул күнү Жети-Өгүз районунда "Кумтөр" ишканасынан экологиялык чыгымдарды өндүрүү, 2009-жылкы келишимди жокко чыгаруу талабы менен уюштурулат деген митинг болбой калды. Көптөн бери болот-болот деп келаткан бул нааразылык акциясы эми 27-майга жылдырылгандыгын "Кумтөрдүн" ишмердигин текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөсү, Саруу айылынын тургуну Наристе Калчаев тастыктады.

Учак кулап түшкөн жер

Бул аралыкта кырсыкка учураган АКШнын жүк ташуучу учагы келтирген зыяндарды өндүрүү, Транзиттик жүк ташуучу борборду тезинен чыгаруу талабы менен 24-майда Бишкекте акция өткөргөнү жатканын “Жашылдар” партиясы кабарлады. Партия төрагасы Эркин Бөлөкбаев:

- Келишим денонсация болсун. Кыргызстан ШКУнун жана ЖККУнун алкагындагы саясатын жакшы жүргүзбөй жатат. Ошондой эле жарандык аба майданда аскерий база жайгашпоосу керек. Шаардын жанында турганы кандай? Бир нерсе болуп кетсечи?

21-майда өкмөт Транзиттик борбордун келишимин токтотуу боюнча мыйзам долбоорун даярдап жатканы анык болду. Президент 2014-жылдан кийин келишим узартылбай турганын айтып келатат.

Ал эми жогорудагыдай жер-жерлерде өтүп жаткан акциялар коомчулукта ар кыл түкшүмөлдөрдү жаратууда. Мындай түкшүмөлдөрдө жүйө бар болгонун өткөн аптадагы кендерге байланыштуу Таласта жана Чоң-Алайда болгон нааразылыктарды, Ала-Букадагы окуучулардын чатагын 17-майда өткөн өкмөттүк жыйын да кыйыткандай болду.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бул жыйында аталган окуяларды айыптап, күч бийлик башчыларынан акциялардын артында кимдер турарын табууну талап кылды.

- Жакшынакай маалымат бересиңер, бирок эмне үчүн акырына чейин чыгарбайсыңар? Бул уюштуруучу, тиги уюштуруучу... Ошол уюштуруучу болсо, прокурордон санкция алып камабайсыңарбы?! Качанга чейин алар буйрук берет? Бийлик барбы же жокпу?

Митингдердин артында ким турат?

Саясат таануучу Табылды Акеров эл арасындагы нааразы маанайдан пайдаланып, бийликтин беделин түшүргүдөй болгон тиги же бул акцияны уюштуруп жаткан атайын күчтөр бар деген ойдо. Бул иштерде Орусия менен АКШнын кызыкчылыктары кагылышкан учурлар жана аларга курал болгон жергиликтүү саясатчылар да жок эмес дейт талдоочу.

- Бүгүнкү күндө Кыргызстанда абал мындан 1-2 жыл мурдагы караганда турукташып калды десек болот. Ошондуктан азыр болуп жаткан митингдердин баары бул атайын уюштурулуп жатат. Кыргызстанда бүгүн эң чоң маселе АКШнын “Манастагы” транзиттик борбору. Мына ошонун айланасында Кумтөр жана башка алтын кендери боюнча маселелер көтөрүлүп, эң башкысы бийликти алсыздандыруу аракети жүрүп жатат десек болот.

14-апрель, 2010-жыл

Анткен менен “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаев алар уюштуруп жаткан акциялардын жана демилгелердин артында колдоо көрсөткөн эч бир күчтөрдүн жоктугуна ишендирүүдө.

- Менин артымда мен өзүм жана партиям турат. Эч ким менен жолуккан жокмун. Москвага, Астанага, Ташкентке же Вашингтонго барган жокмун. Чет мамлекетке чыккан жокмун. Чолок-Арыкта жыйналыш өткөргөндө эл өзү ушундай чечим кабыл алган.

Ал эми ИИМдин биринчи орун басары Бактыбек Жусубалиев 21-майда маалымат жыйынында “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, кен маселелеринде чыны менен эл чечилишин талап кылгандай айрым көйгөйлөр бар деп эсептейт. Бирок ошол эле кезде акцияларды атайын уюштуруп жаткан күчтөр да болушу мүмкүн экенин жокко чыгарбайт.

- Ар кандай күчтөр бар. Нааразы болгондор, кызмат жетпей калгандар, же дагы бир өзүнүн кызыкчылыгын көздөгөндөр бар. Мамлекет, эл болгондон кийин арасында болот экен да. Бирок нааразылык акциялар жылдан-жылга азайып келатат. Кыргызстанда мамлекет үчүн, экономиканын өнүгүшү үчүн биригип, иштей турган мезгил келди болуш керек. ИИМ бул багытта бардык колдон келген аракеттерин жумшайт.