Жунусов саясатка, мамлекеттик жогорку кызматтарга маданият тармагынан келген жана ириде ырчы катары аты чыккан. Мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушунда бийликчил "Ак-Жол" партиясынын депутат болгон жана ошол кездеги кездеги оппозицияны кескин сындап келгени менен таанылган.
Парламентте Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетте Кыргызстандын Өзбекстандагы элчисинин кызматына Ибрагим Жунусовдун талапкерлиги каралып жатканда анын чыгармачылыгындагы жаңылыктарга да кызыккан депутаттар болду. Ал "Республика - Ата Журт" фракциясынан депутаты Руслан Казакбаевдин бул тууралуу суроосуна жооп берип жатып, "ырдабай ишин кылбайбы" деген мазмундагы сөздөрдөн улам жаңы ырларын жарыялабай жатканын тамаша-чын аралаш айтты.
Ибрагим Жунусов Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп 2014-жылдын сентябрь айынан бери иштеп жаткан. Анын Анкарага барышын түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жеке мамилесине байланыштыргандар да чыккан. Жунусов "Азаттыкка" комментарий берип жатып, жеке мамиленин таржымалын учкай айтып берди жана ага "Эламан" аттуу ыры түрткү болгонун белгиледи:
Биздин жеке мамилебиз бар. Ал киши чыгармачыл адамдарга абдан жакшы карайт.
- Режеп Тайып Эрдоган менен көп жылдардан бери таанышмын. Экөөбүз 1997-жылы таанышканбыз. Ошол учурда ал киши Стамбулдун мэри болчу. Ал азыркыга чейин менин "Эламан" деген ырымды жакшы көрөт. Ал Кыргызстанга келгенде ушул ырды, авторун сураткан. Ошондон улам таанышып калганбыз. Ал мени көп жолу концерттерге чакырган. Германиядагы жана башка түрктөр көп жашаган жерлердеги концерттериме жардам берген. Биздин жеке мамилебиз бар. Ал киши чыгармачыл адамдарга абдан жакшы карайт. Өзү да акын, жакшы ырлары бар, ырды жакшы жазат. Дипломатиялык, элчилик ишимде да ал кишинин көзү түз болду.
"Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев элчилердин ошол өлкөнүн жетекчилиги менен жеке мамиледе болушун чоң олжо катары баалады:
- Ибрагим Жунусовдун Режеп Тайып Эрдоган менен түз байланышы бар эле. Бул элчи үчүн чоң утуш. Ошол мамлекеттин башчысы, чоң саясатчылары менен адамдык мамилесинин болушу чоң олжо. КМШ өлкөлөрүндө да бул өзгөчө баалана турган критерий болуп саналат. Андан сырткары, ошол мамлекеттин тилин, салт-санаасын, маданиятын, экономикасын, эки тараптуу алака-катышты билүү элчи үчүн биринчи критерий.
Негизинен комитет жыйынында депутаттар Ибрагим Жунусовго суроо берип, элчилик ишин сынга алышкан жок. "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев бир катар оорулуу кыргызстандык жарандардын Түркияда дарыланышына да Жунусов салым кошконун белгилеп өттү:
- Элчи болуп туруп, өз өлкөсүнүн президентин алып келүү дипломатиядагы бийик деңгээлдеги жетишкендик болуп эсептелет, муну элчилердин баары билет. Акыркы бир жылда эле биздин президент үч жолу барды окшойт. Түркия биздин Саламаттык сактоо министрлигине Анкарада кыргыз жарандарынын бекер дарыланышына квота берген, анын санын көбөйтү. Андан сырткары, биздин мурунку маданият министрибизге жана андан башка онкологиялык жактан ооруган адамдарга ошол ооруканаларга өзү барып сүйлөшүп, акысын азайтып же бекер эле дарылатууга жардам бергенин, адамгерчиликтүү мамилесин билебиз. Ошондуктан талапкерлигин колдоп бергенибиз туура болот го.
Ибрагим Жунусув саясатка келгенге чейин маданият, илим-билим тармагында жүргөн. Жалал-Абад менен Ошто педагогикалык окуу жайында, институтта жана университетте окутуучу, декан, проректор болуп иштеген. 2007-жылкы парламенттик шайлоодо бийликчил "Ак-Жол" партиясынын тизмеси менен депутат болгон.
2010-жылдын башында кыска убакыт Маданият боюнча мамлекеттик агенттикти башкарган жана апрель окуяларынан кийин кызматтан кеткен. Ошол эле жылы парламентик шайлоого "Ата Журт" партиясынын тизмеси менен катышкан. Бирок депутаттык мандатын вице-премьер-министрлик кызматка алмаштырган. Бир жылдан кийин маданият жана туризм министри болуп, бул кызматта эки жылдай иштеген.
2010-жылы "Ата Журт" партиясынан депутат болгону менен кийинчерек аталган партиянын лидери Камчыбек Ташиев менен мамилеси солгундап калганы тууралуу сөздөр айтылган. Анын апрель окуяларынан кийин өкмөттөгү жогорку кызматка келиши коомчулукта нааразылык, сын-пикир да жараткан. Курманбек Бакиев президент болуп турганда аны экинчи мөөнөткө байма-бай сүрөгөн депутаттардын бири болгонун, ошол кездеги оппозицияны сындап келгенин, “бийлик саясий атаандаштарын куугунтуктайт” деген сөздөрдү караманча жокко чыгарганы менен таанылганын эстегендер да чыккан.
Анткен менен мурунку депутат Жылдызкан Жолдошева Ибрагим Жунусовду "бакиевчил" деп мүнөздөгөндөрдү сынга алды:
- Ибрагим Жунусов саясатчы катары кайсы партиянын өкүлү болбосун же кайсы жээктеги саясатчы болбосун баары менен тил табыша алат. Бакиев менен кимдер гана иштешкен эмес? Ибрагим Жунусовдой таланттар - булар элдик кишилер. Алар бийликке кызмат кылбайт. Жунусов саясатчы катары өз оюн айтса, анда аны саясатчынын сөзү деп кабыл алыш керек. Ал бир эле мамлекетке, элге кызмат кылган таза инсандардын бири.
Талдоочу Төлөгөн Келдибаевдин пикиринде, Ибрагим Жунусовдун Кыргызстандын элчилигине көрсөтүлүшү азыркы бийликтин кадр саясатындагы катачылыктан кабар берет. Ал Жунусовду элчилик кызматка татыксыз деп эсептейт.
- Кадрларды тандоо жаңылыштык менен кетип жатат, - деди Келдибаев. - Ошол кадрдын өмүр баянын, дүйнө таанымын, билим деңгээлин карап көрсөң айыл өкмөттүн деңгээлиндеги эле адамдар. Ошолор кызматка коюлуп жатат. Ибрагим Жунусов Түркияда элчи болуп турганда Режеп Тайып Эрдоган менен "гүленчилердин" тирешинде Эрдогандын сөзүн сүйлөп, коомчулукта сын-пикирлерге кабылган. Элчинин макамын, милдетин, укугун терең түшүнгөн, жеңил ойлуу эмес, көп жыл бою мамлекетти башкарган, салмактуу саясатчыларыбызды элчи кылышыбыз керек эле. Коңшу мамлекет менен ар кандай чыр-чатак болуп кетиши мүмкүн. Ошондо президентке түз кире ала турган, ошол өлкөнүн Кыргызстанга карата позициясын өзгөртө турган адамдар элчи болушу керек. Ибрагим Жунусов Өзбекстанга элчи болуп калса мөөнөтү бүткөнгө чейин иш бөлмөсүн гана ээлеп отурушу мүмкүн. Ал мамлекетке кандайдыр бир пайда алып келе алат деп айта албайм. Анын өмүр баянын окуп көрсөк, ырчылык кылганын, ишкердик кылганын эле көрүүгө болот. Саясатта, мамлекеттик кызматта жарытылуу иш кылган эмес. Колунда бар ишкер, ырчы. Мамлекетке бир сомдук да салым кошо албайт. Кыргызстан экономикалык эле эмес, кадрдык да каатчылыкка кептелип калды.
Ибрагим Жунусов Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп дайындалып калса ириде чек арадагы талаш-тартыштуу маселелерге көңүл бурууга убада берди. Бирок “эксклав” менен “анклав” деген терминдерди адаштырып алды:
- Бизде кооптуу болгон Сох жана Кара-Суу районунда Барак анклавдары бар. Менин угушума караганда, бул боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатат, бирок чечиле элек. Бирок бул эки анклавды чечпесек, ал жердеги кыргызстандык жарандар үчүн өтө оор нерсе. Мен, мисалы, Баракты да, Сохту да жакшы билем. Өзүм ошол жерде чоңойгондуктан алардын проблемасын да билем. Негизи мага Өзбекстан маданияты, тили, тарыхы жагынан жакын мамлекет. Ошондуктан ал жерде иштөө мага бир топ эле түшүнүктүү болот.
Кыргызстандын Өзбекстандагы элчисинин кызматы быйыл март айынан бери бош турган. Ошол кездеги элчи Данияр Сыдыков президенттик аппараттын тышкы иштер саясаты боюнча бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалган. Ибрагим Жунусовдун талапкерлиги эми парламентте жалпы жыйында каралмакчы.