Парламент мунапыс мыйзамын карай баштады

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда абакта отурган төрт миңден ашуун адамга мунапыс берилиши мүмкүн.

Бул жолку мунапыс Адам укуктары боюнча жалпы декларациянын 70 жылдыгына карата жана Кыргызстандагы 1938-жылдагы саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүүнүн 80 жылдыгына байланыштуу даярдалып жатат.

Бул тууралуу мыйзам долбоору парламентте биринчи окуудан өттү. Айрым депутаттар мыйзам долбоору талкууга чыга электе эле акча жыйнаган шылуундар пайда болгону тууралуу айтып чыгышты.

Дагы караңыз "Кыргызстанда басмырлоо азайган жок"

Парламентте мунапыс боюнча боштондукка чыга тургандардын санын көбөйтүү маселеси көтөрүлдү.

Кимдер мунапыс ала алат?

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалыматы боюнча Кыргызстандын абак жайларында 11 миң 140 жаран жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Мыйзам долбооруна ылайык, мунапыс беш жылга чейинки мөөнөткө алгач жолу эркинен ажыратылгандарга, жашы жете электерге, 60 жаштан өткөн эркектерге жана 55 жаштан өткөн аялдарга, I,II топтогу майыптарга, көп балалуу же майып баласы барларга, үй-бүлөнүн жалгыз камсыздоочуларына жана анча оор эмес кылмышка баргандарга колдонулат.

Жаза аткаруу мекемелеринин алдын ала анализи боюнча мунапыска илинген 285 адам боштондукка чыгып, калгандарынын жаза мөөнөтү кыскартылат.

Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев мунапыс бериле тургандардын санын көбөйтүүнү сунуштады:

Каныбек Иманалиев.

- Кыргызстан КМШда түрмөдө отургандардын саны боюнча алдыда экен. Биз катар-катары менен мунапыс кабыл алып, 2013-2014-жылдары түрмөдө отургандардын санын 14 миңден 8 миң адамга кыскартканбыз. Андан бери мунапыс жарыялана элек. Азыр даярдалган мыйзам долбоору боюнча болгону 285 адам абактан чыгарылат экен. Биз мурдагы чакырылыштагы парламентте кабыл алган мунапыс боюнча 700дөн ашуун адам эркиндикке чыгарылып, 6 миңден ашуун адамдын жаза мөөнөтү кыскартылган. Дагы бир катар беренелерди киргизбейлиби? Анан саясий жалаа менен камалып кеткендердин баарын бошотушубуз зарыл. Бизде саясий эрк болушу керек да.

"Оор кылмыштарга мунапыс жок"

Бул мыйзам долбооруна ылайык, адам өлтүрүү, зордуктоо, карактоо, коррупция, пара алуу, маңзаттарын жана курал сатуу сыяктуу оор жана өзгөчө оор кылмышка баргандар менен бир нече ирет кылмыш жасагандар мунапыска илинбейт.

Мыйзам долбоорун иштеп чыккандардын бири, депутат Исхак Масалиев коррупция сыяктуу оор беренелер менен соттолгон саясатчыларга мунапыс жайылтылбай турганын билдирди:

Исхак Масалиев.

- Бул жердеги негизги принцип - абактагы жаранга кайсы кылмыш беренеси боюнча айып коюлуп, соттолсо, ошого жараша мунапыс колдонулат. Эгер жаран жеңил кылмыш иши менен соттолсо же биринчи жолу кылмышка барса, анан мыйзамдагы талаптарга туура келсе, ал мунапыс алып, боштондукка чыгуу же жаза мөөнөтүн кыскартуу боюнча арыз бере алат. Эгерде оор кылмыш иши менен соттолсо, анда ал мунапыс ала албайт. Бул мыйзамдын саясий жараяндарга эч кандай тиешеси жок. Анткени абактагы саясатчылардын иши саясий мүнөздө экени боюнча тыянакты эч ким бере элек. Саясатчылардын кылмыш иштери "саясий куугунтуктун негизинде болгон" деп табылган соң гана аларга мунапыс берүү маселесин карасак болот.

Алданган аялдарга арга болобу?

Жыйында парламентте абактагы таанышы жана акчасы жок жарандар мунапыстан пайдалана албай калган учурлар көп экени айтылды.

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева адашып, маңзатка аралашып калып, соттолгон аялдарга жеңилдик берүү демилгесин көтөрдү:

Элвира Сурабалдиева.

- Негизи эле мунапыс жарыяланганда, түрмөдөн тааныш аркылуу чыгышат экен. Таанышы же акчасы жоктор кала берет. Булардын арасынан мен маңзат менен кармалып, соттолуп, жаза мөөнөтүн өтөп отурган эмчектеги баласы бар аялдарга жеңилдик берүүгө көңүл бурушуңарды суранат элем.

Балдары үч жашка чыкканга чейин энесинин жанында болуп, анан кийин аларды балдар үйүнө алып кетет экен. Бул аябагандай кейиштүү. Ал аялдар акчанын айынан маңзат ташууга аргасыз болгон. Аларды жумшаган наркобарондор болсо эркиндикте кала берет экен. Биз мына ушундай себептен улам камалган аялдарга кантип жардам бере алабыз?

Дагы караңыз Акчанын айынан абакка түшкөн аялдар

​Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов маңзаттарына байланыштуу абакта отурган аялдар биринчи жолу кармалган болсо, алардын кылмыш иштери жагдайына жараша соттон карала турганы боюнча жооп кайтарды.

Шумпайлардын шумдугу

Ошол эле кезде депутат Жанар Акаев абактарда эркинен ажыратылгандарды боштондукка чыгарууга байланышкан шылуунчулук күчөгөнү тууралуу билдирди:

- Түрмөлөрдө азыр "парламент мунапыс кабыл алат, абактан чыкканга жардам беребиз" деген негизде шылуундар пайда болуп, ортодон акча таап жатышыптыр. Абактарда кызматкерлердин арасында "эркинен ажыратылгандарды бошотконго жардам беребиз" деген атайын топтор пайда болуптур. Мына ушул жагын көзөмөлдөп, текшерип турууну колго алышыңыздар керек.

Ал эми парламент депутаты Дастан Бекешов мыйзам долбоору парламент талкуусуна түшкөнгө чейин эле түрмө башчылары абактан чыга тургандардын тизмесин түзүүгө киришкен учурлар болгонун белгиледи.

Ал жаза аткаруу мекемелеринде эркинен ажыратылгандарды боштондукка чыгаруу үчүн алдын ала документтерди даярдаган учурларды текшерүү маселесин көтөрдү:

Дастан Бекешев.

- Буга чейин эле түрмөлөрдөн чалып, жакында парламент мунапыс боюнча мыйзам кабыл ала турганын айтышкан. Ал кезде мыйзам долбоору тууралуу маалымат жок болчу. Бирок ал жактагылар парламентте отурган бизге караганда көп нерсени билет экен. Мыйзам долбоорун ким жана качан даярдаганын жана ал кимдерге жайылтыла турганын алдын ала айтып жатышат. Маалыматка караганда, жаза аткаруу кызматында даяр тизме бар экен. Ал жакта азыр эле абактагыларды боштондукка чыгаруу үчүн документтерин даярдоонун жана ишти тездетүүнүн акылары аныкталып калыптыр.

Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары Жоробек Дүйшөнбиев абак жайларында мунапысты шылтоолоп, абактагылардан акча жыйнаган аракеттер бар экенин жокко чыгарган жок. Жоробек Дүйшөнбиев мындай терс көрүнүштөр далилденсе, катуу чаралар көрүлөрүн убада кылды:

- Чынында, беш кол тең эмес экен. Ошондуктан арабызда мына ошондой кызматкерлер болуп калышы мүмкүн. Ага каршы күрөш жүргүзүп жатабыз.

Жаза аткаруу кызматынын маалыматы боюнча эгемендик алгандан бери түрмөдөгүлөргө жыйырманчы ирет мунапыс жарыяланганы турат. Соңку мунапыс мыйзамы 2014-жылы адам укугунун жалпы декларациясын кабыл алуунун 65 жылдыгына карата жарыяланган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.