Жогорку Кеңештин аброю талкууда

Жогорку Кеңештин ишмердиги жана аброю бүгүн депутаттар арасында жана коомчулукта кызуу талкууга түшүүдө.
"Азаттык" Жогорку Кеңештин бүгүнкү ишмердигине кандай баа бересиз, эмне үчүн ишеним азайып жатат, депутаттардын ишке илең-салаң мамилеси парламенттин тарашын шарттабайбы, кокус таратса, кандай саясий жана экономикалык кесепеттерге алып келет деген сыяктуу суроолорду коюп, маселени арай көз чарай талкуулаганга аракет кылып көрдү.

Ага парламенттеги КСДП фракциясынын башчысы, депутат Чыныбай Турсунбеков, “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын лидери Динара Ошуракунова, “Адам укуктары жана демократия” борборунун жетекчиси Идирис Кубатбеков катышты.

“Азаттык”: Чынында акыркы кездери коомчулуктун назарына парламентте кворумдун жоктугу көбүрөөк түшүүдө. Бул жеке эле шайлоочуларды эмес, депутаттардын өздөрүн да кабатыр кылып жаткандыгы 22-ноябрдагы жыйында деле байкалды. Жыйында депутаттар Эркин Сакебаев менен Мыктыбек Абдылдаевдин билдирүүлөрү муну далилдеп турат. Бул бир жолку көрүнүш эмес. Акыркы жагдайды эске алсак, депутаттар жергиликтүү кеңештерге өз партияларын сүрөп жүрөт деген маалымат тарады. Эгер андай болсо мыйзам жол береби?

Чыныбай Турсунбеков: Мен адегенде маалымат иретинде айтып коеюн, биздин (КСДП фракциясы - ред.) 26 депутаттын он сегизи катышты. Үчөө төрага менен Санкт-Петербургда расмий жыйында жүрөт. Бир депутатыбыз дарыланууда. Эки адамыбыз башка өлкөлөрдө иш сапарда. Башкача айтканда үчтөн экисинен көбү Жогорку Кеңеште отурат.

Экинчиден, мунун артында дагы кандай сырлар жаткандыгын ачып бербесем элди нааразылыкка түрткөн да күчтөр бар. Негизи айтып коеюн, мындай көрүнүш дүйнөнүн бардык парламентинде бар. Ошон үчүн айып, ишеним кат сыяктуулар ойлонуп чыгарылган.

Чыныбай Турсунбеков

Жогорку Кеңеште саясий күрөш токтоп калган жок, жүрүп атат. Ачыгын айтканда мындан бир нече ай мурда эле оппозициялык маанайдагы депутаттар арасында президент Жогорку Кеңешти таратат экен деген имишти таркатып, депутаттардын үшүн алып, нааразылыкты башка жакка бурууга аракет кылган күчтөр бар болчу. Президент бул парламент менен аягына чейин иштешем деп айткандан кийин тыныгуу пайда болгон. Анан таң калганым, кайра эле ошол таратат деп жүргөн депутаттар тескери маселени көтөрө башташты. Жогорку Кеңеште кворум болбой атат, тараш керек деп башка маанайда сүйлөй башташты.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:




Динара Ошуракунова: Биринчиден, парламент элдин күзгүсү деп айтпай эле койот элек. Депутаттар элдин күзгүсү эмес, алдынкы сабында турган элита катары көргөзүш керек.

Экинчиден, мыйзамды парламент чыгарып аткандан кийин өзүбүз ошону иштетип, аткарышыбыз керек. Ошол боюнча мисалдарды көргөзсө балким оңолуп кетет.

Динара Ошурахунова

Үчүнчүдөн, албетте, парламент дайыма эле кворуму жок болуп калбайт. Регламент боюнча, эгер, он беш минутада кворум чогулуп калбаса жыйналыш болгон жок деп эсептеш керек. Келгиле, ошону талдап көрөлү. Канча жыйын кворуму жок өттү эле? Мен ойлойм, эки жылдын ичинде андай бар, бирок, азырынча анча көп эмес...

Бүгүнкү жыйналыш боюнча. Балким жергиликтүү кеңештерге депутаттар чыгып кеттиби деген шегибиз бар. Анткени, бизге Баткенден “Ата Мекендин”, “Ата Журттун” депутаттары жүрөт деген маалымат түштү. Башка облустарда канча депутаттар жүргөнүн биз билбейбиз...

Идирис Кубатбеков: Бул - революциядан кийин келген парламент. Ага парламенттик башкаруудагы парламент катары ишеним аябай жогору болгон. Бирок бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин жасаган иш-аракеттери бүгүн эл ичинде анын кадырын кетирүүдө.

Идирис Кубатбеков

Парламент мыйзам чыгаруу жана анын иштешин көзөмөлдөө менен алектениш керек. Бирок, тилекке каршы, булар бири-биринин абийирин ачуу, бири-биринин былык иштерин таап чыгуу сыяктуу прокуратура же укук органдары жасай турган ишти жасап, бир четинен элдин арасында упай топтоп атабыз деп ойлоп атышы мүмкүн, бирок өздөрүнүн кадыр-баркын кетирип атышат.

Экинчиден, парламент шайлоочулардын 50 пайызына жетпеген добушу менен келгендигин да биз унутпашыбыз керек.