Мыйзам жазуудагы калпыстыктар

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинде прокуратуранын айрым ыйгарым укуктарын Конституцияга шайкеш келтирүү долбоорун иштеп чыгууда одоно катачылыктарга жол берилгенин айрым депутаттар белгилешүүдө.

Бул тууралуу конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитеттин жыйынында айтып чыккан парламент депутаты Мыктыбек Абдылдаев мыйзам долбоорунун авторлорунун билим деңгээлин сынга алды. Анын айтымында, мыйзам долбоорунун текстине укуктук алкактан чыгып кеткен, кайталанма жана түшүнүксүз ченемдер кирип калган.

Мыйзам долбоорунун авторлору муну юристтердин ортосундагы кадыресе талаш катары карап, кээ бирөөлөр социалдык тармактарда атайылап көбүртүп-жабыртып жатышат дешти.

"Шайкеш келтирүүдөгү шалаакылык"

Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинде прокуратуранын ыйгарым укуктарын Баш мыйзамга шайкеш келтирүү долбоору каралды. Бирок ага прокуратуранын Баш мыйзамда көрсөтүлбөгөн ыйгарым укуктары менен кошо, чалкеш жана кайталанма түшүнүктөрдүн кирип калганын депутат Мыктыбек Абдылдаев таап чыкты.

Депутаттын айтымында, долбоордо "куралдуу күчтөр" деген сөз айкашынан кийин "жана башка аскердик түзүмдөр" деген Баш мыйзамда жок түшүнүк кирип калган.

Баш прокурор жоопко тарта турган жогорку кызмат адамдарынын тизмесиндеги "Кызматтан алынган баш прокурорго Баш прокурор гана иш козгой алат" деген ченем дагы талаш жаратты. Депутат Абдылдаев кызматтан кеткен баш прокурор катардагы жаран экенин жана ага жалпы тартипте эле кылмыш иши козголо турганын белгиледи.

Мына ушуга окшогон укуктук мүчүлүштүктөрдү көргөзгөн юрист-депутат Мыктыбек Абдылдаев мыйзам долбоорун иштеп чыккан тараптын кесиптик даярдыгын сынга алды:

Мыктыбек Абдылдаев

- Жээнчороев бул жерде бардыгын туура эмес кылып, бардыгыбызды эмоцияга түртүп жатат окшойт. Биз тууралуу коомчулукта "билим деңгээли начар" деп туура айтып жатышат. Эптеп эле жазып коюш керек эмес да. Мен өзүмдүн кесиптештериме таң калып жатам. Мыйзам долбоорун жакшылап карап, алып келүү керек да. Өткөндө эле бул алешемдиктер тууралуу айттык эле. Оңдоп келебиз дегенсиздер. Анан ал мына ошол эле бойдон кайра келип жатат. Мыйзам деген так жазылышы зарыл. Эми муну күчкө салып эле өткөзө бересиңер. Бирок бул туура болбой калат. Муну оңдобосоңор мамлекетти уят кыласыңар. Силер мени укпай турган болсоңуздар, анда мен президентке ачык кайрылып, "Баш мыйзамда жок институттардын бардыгын киргизип алган аппараттыңыздагы юристтердин бардыгын жумуштан айдаңыз" деп айтам.

"Ушинтип үйрөнөбүз..."

Буга кошумча депутат Абдылдаев баш прокурордун аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлигиндеги жетекчилерге кылмыш ишин козгоо укугу башка мыйзамдарда бар экенин айтып, бул жерде кайталанма түшүнүктөрдүн көп экенин мисал келтирди.

Бул мыйзам долбоору боюнча баяндама жасаган авторлордун бири, депутат Мирлан Жээнчороев башында туура эмес доомат коюлуп жатканын айтып, "тексттин мазмунундагы укуктук ченемдерде кемчилик жок" деп талашты. Тексттерди салыштырып, карап чыккан соң, депутат Жээнчороев кээ бир түшүнүктөрдү жазууда редакциялык ката кеткенин моюнга алды:

Мирлан Жээнчороев

- Мыктыбек Юсупович, мен кечирим сурайм. Бизден мүчүлүштүктөр кетип калыптыр. Жобо боюнча бардык аскердик түзүмдөр куралдуу күчтөргө кирет. Муну биз байкабай калыптырбыз. Аны эми комитетте өзгөртүп, оңдоп койобуз. Бул боюнча сиз менен макулбуз. Анан эми ушинтип үйрөнөбүз да. Сиз насаат берип турсаңыз.

Депутат Мыктыбек Абдылдаев насаат уккан адамга гана айтыларын, анан дагы ал күнүгө эле айтыла бербесин эскертти. Муну менен депутат мыйзам долбоорун иштеп чыккан тараптын кесиптик даярдыгынан күмөн санай турганын кыйытты. Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Мирлан Жээнчороев кесиби боюнча юрист, юстициянын ага лейтенанты жана мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси чини бар.

Депутат өзүнүн мыйзам чыгаруу ишиндеги билим деңгээлине кесиптештери баа бере албасын айтып, мыйзам долбоорундагы мүчүлүштүктөр тууралуу оюн ортого салды:

- Билим деңгээлибизди эл аныктайт. Анан эми бул деген жумуш учурундагы эле талаш болчу. Анткени "эки юристте үч түрдүү ой болот" деген сөз бар эмеспи. Бул мыйзам долбоорун эксперттик топ менен кошо иштеп чыкканбыз. Мыйзам долбоорунун авторлорунун арасында илимдин докторлору, тажрыйбалуу депутаттар бар. Анан эми албетте, ар бир документте эле мүчүлүштүктөр болот. Анын бардыгын жумуш учурунда акылдашып эле чечип келе жатабыз. Бирок билим деңгээл тууралуу биз бири-бирибизге сын айта албайбыз. Аны эл талдайт. Бирок эми парламенттин иш тартибин жөнгө салган мыйзам боюнча кандайдыр бир сунуш-пикирлер болсо, кагаз жүзүндө берилиши керек эле. Анан эми кээ бирөөлөр мына ошол кагаз аркылуу эмес, телекамера аркылуу иштеген учурлары болот экен.

Өлкөнүн тагдыры ишенимдүү колдобу?

Парламенттин азыркы чакырылышындагы депутаттардын мыйзам чыгаруу ишмердигиндеги кесиптик даярдыгынын талапка жооп бербеси боюнча коомчулукта буга чейин да сын пикирлер айтылып келген.

Кесиптик даярдыгы жок депутаттар аябай көбөйдү. Алар акча менен парламентке келип, өлкөнүн тагдырын чечип жатышпайбы.
Базарбай Мамбетов

Мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов өлкөдөгү көйгөйлүү маселелерди көтөрүп, аларды чечүүнүн жолун издөөдөгү азыркы депутаттардын деңгээли тууралуу ой бөлүштү:

- Чынында эле кесиптик даярдыгы жок депутаттар аябай көбөйдү. Парламент даярдыгы начар, билими төмөн, өлкөнүн тагдыры үчүн жоопкерчиликти ала турган аң-сезими жок депутаттардан куралганы башында эле байкалып калган. Анан эми алар акча менен парламентке келип, өлкөнүн тагдырын чечип жатышпайбы. Аларда мамлекет жана анын келечеги деген түшүнүк да жок. Алар партиялык принцип менен мыйзам чыгаруу бийлигине келип, көпчүлүгү өздөрүнүн ишкер кызыкчылыгын коргоо жана кеңейтүү менен алек. Мамлекет менен коомдун мүдөөсү мындай учурда четте калууда. Мыйзам чыгаруу ишине кайдыгер мамиле мына ошондон улам ушундай абалда калды. Жогорку Кеңеш кесипкөй болгондо өлкөдө азыркыдай абал болмок эмес.

Демилгечилердин айтымында, бул мыйзам долбоору прокуратура органдарынын айрым ыйгарым укуктарын Конституцияга шайкеш келтирүү максатын көздөйт. Бирок депутат Мыктыбек Абдылдаев прокуратура органдары депутаттар аркылуу референдумда тарттырып жиберген ыйгарым укуктарын калыбына келтирүүнү көздөп, Баш мыйзамда жок ченемдерди бул долбоорго киргиздирип жатат деп ишендирди.

Мындайда бул ченемдер шайкеш келтирүүгө жатпайт деп эсептеди. Конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин бул жолку жыйынында "Прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө” конституциялык мыйзамдын долбоорун экинчи окууга добуш берүүгө жөнөтүү чечими кабыл алынды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.