"Төңкөрүш" айыбы коюлган саясатчылар

Саясатчылардын акталышын талап кылган акция. Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунун имаратынын алды.

"Мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракеттенген" деген доо менен кесилген сегиз саясатчынын арыздары шаардык сотко жеткен. 13-ноябрда алардын төртөөнүн райондук сот чыгарган өкүмү күчүндө калтырылды.

Кыргызстанда акыркы алты жылда "бийликти басып алууну көздөгөн" деген кине менен бир нече саясатчы, коомдук ишмерлер камалды. Мындай көрүнүшкө эмне себеп болду жана камалган саясатчылардын калгандарынын жагдайы кандай?

13-ноябрда борбор калаанын соту "Элдик парламент" кыймылынын беш мүчөсүнө карата Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Тактап айтканда, мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков менен активист Төрөбай Колубаев 14 жылдан, Бишкек шаардык сотунун мурдагы төрагасы Марат Султанов 10 жыл жаза мөөнөтүн өтөмөй болду. Бул саясатчылар 2016-жылы май айынан бери тергөө абагында кармалып келишет. Ал эми мурдагы депутат Тойгонбек Калматов жана полковник Александр Гусев алты жылга шарттуу кесилип, үй камагында калды.

Солдон оңго: Төрөбай Колубаев, Бекболот Талгарбеков жана Александр Гусев.

Саясатчылардын сот жараяндары журналисттерди катыштырбастан, жабык режимде өттү. Чечим тууралуу мамлекеттик айыптоо эч кандай комментарий берген жок. Бирок соттолгон саясатчылардын тарапкерлери бул чечимди куугунтук катары баалап жатышат.

Жарандык активист Сапар Аргымбаевдин айтымында, соттук жараян мыйзам бузуу менен коштолуп, иштин көп жагдайлары коомчулуктан жашырылып жатат:

- Сот мыйзам бузуу менен коштолду. Мыйзамды тебелегенине караганда, бул бийликтен адилеттүүлүктү, акыйкат чечимди күтпөй эле койсо болот экен деген ойго келдик. Бийлик камырабай, ушунчалык акыйкатсыздык болуп кетти. Сот системасы чабалдыгын, адилеттүүлүк жок экенин сот чечимдери ырастады.

Ошондой эле ушул аптада "бийликти басып алууга ниеттенди" деген берене менен дагы төрт саясатчынын иши Бишкек шаардык сотунда каралып жатат.

Буга чейин райондук сот мурдагы депутаттар Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылга, эркин эксперт Эрнест Карыбековду 20 жылга, ал эми мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу кескен.

Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов

Бул адамдар да "Элдик парламент" кыймылынын мүчөлөрүнө окшош жагдайда камакка алынган. Саясатчылар кармалаарда аларга үнү окшош адамдардын митинг уюштурууну талкуулаган аудио тасмасы Интернетке тараган. Укук коргоо органдары тасманы бийликти басып алуу ниетин тастыктаган материал катары сыпаттаган болчу.

"Бийликти басып алгысы келгендер"

Кыргызстанда акыркы алты жылда бийликти басып алуу аракети боюнча бир нече саясатчы камакка алынды. Эксперттер "бийликти басып алууга аракеттенди" деп соттолгондор мурдагы жылдарга караганда көп болгонун белгилешет. Буга эмне себеп болду?

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков мындай көрүнүштү бийликтин өз атаандаштарын коркутуу аракети менен байланыштырат:

- Мурдагы бийликтерге караганда Атамбаевдин учурунда "бийликти басып алууга аракеттенди" деп куугунтукка туш болгондор көп. Муну бир нече себеп менен түшүндүрсө болот. Биринчиден, мындай айыпка туш болгондор кандайдыр бир деңгээлде Орусия менен байланышта болгон адамдар. Эгерде кимде-ким Орусия менен жакын иштесе, бийликке проблема жаратышы мүмкүн деп чочулашат. Экинчиден, мындай айыптарды тагуу менен башкача саясатчыларга үлгү жаратып, "кимден-ким чектен чыга турган болсо баарыңарды камай алабыз" деген ишара.

Ал эми саясат таануучу Орозбек Молдалиев болсо мындай аракетти саясий элитанын деңгээли менен түшүндүрөт:

- Бийлик дегенде көзү тунаргандар акчасы жок, башка ресурстары жок күч менен бийликти тартып алуу оңой көрүнүп жатат. Анткени булар "2010-жылы беш-алты топ келип эле алып алды" деп ойлоп жатат. Бирок канча адамдар келди, анда өлкөдөгү абал башкача болчу. Ал окуялардын масштабын түшүнбөй жатат. Мындай окуялардын болушу биздин саясий элитанын деңгээлин көрсөтөт.

Апрел ыңкылабынан соң бийлик басып алуу аракети боюнча айыпталгандар алгач 2012-жылы болгон эле. Ал кездеги оппозициячыл "Ата Журт" фракциясынын мүчөлөрү Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов жетектеген топ Бишкекте Кумтөр кенин улутташтыруу талабы менен митинг өткөргөн. Акциянын жүрүшүндө саясатчылар баштаган топ Ак Үйгө кирүүгө аракет кылып, аскерлер менен жаңжал чыккан.

Бул окуядан соң аталган үч депутатка "бийликти күч менен басып алуу аракети" деген берене менен кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Бул айып боюнча саясатчылар 1,5 жылга чейин кесилген.

Учурда мөөнөтүн өтөп, соттуулугу алынып Талант Мамытов Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайланса, Камчыбек Ташиев президенттик шайлоого катышууга укук алып, андан өзү баш тартты. Ал эми Садыр Жапаров башка айып боюнча кесилип, абакта отурат.

Акыркы жолу болсо президенттик шайлоо алдында "бийликти басып алууга аракеттенди" деген айып Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын мурдагы лидери Канатбек Исаевге тагылып, УКМКнын тергөө абагында камалды. Ал президенттик шайлоодо саясий пикирлеши, президенттикке талапкер болгон Өмүрбек Бабанов жеңилип калса, бийликти басып алуу боюнча башаламандык уюштурмак деп айыпталган. Бирок саясатчы мындай айыпты четке кагып келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.