Өкмөт башчынын өктөмдүгү талкуу жаратты

Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн 20-июндагы жыйынында.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун 20-июнда өкмөт жыйынында Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин жетекчи орун басары Алмазбек Абдыкаровду кууп чыкканы коомчулукта талкуу жаратты.

Өкмөт башчынын жыйынга даярданып келген эмес деген аткаминерге жасаган мындай мамилесин кубаттагандар да, сындагандар да болууда.

Сооронбай Жээнбеков ушул тушта премьер-министр эле эмес, бийликтеги партиянын президенттикке талапкери катары каралып жаткандыктан жумшак, чечкинсиз деген өңдүү мүнөздөмөдөн арылуу максатында атайын жасалган аракет деп сыпаттагандар да бар.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков өкмөттө жазгы табигый кырсыктарда жапа чеккендерге жардам берүү маселеси каралып жатканда ачууланды. Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин жетекчи орун басары Алмазбек Абдыкаровду даярданып келбегени үчүн урушуп жыйындан чыгарып жиберди:

- Суусу, жолу, электр энергиясы жок болсо көч деп жатасыңар. Ким көчөт ал жакка? Ким көчүп барат? Кыла турган кишинин акыбалы мына, өзү билбейт, отурат. Өзүң билбей отурасың. Азыр айдап жиберсем жумуштан "мени Жээнбеков жумуштан жөн эле айдап жиберди" деп айтасың. Бул жерде канча кишинин тагдыры турат. Даярданып келбейсиңби жок дегенде. Качан башталарын облустардан сурап, чалып коюп келбейсиңби. Чык эшикке. Кебетебиз биздин. Уялбайсыңбы. Чоң жыйынга, премьер-министрдин астына келип жатасың.

Сооронбай Жээнбеков андан сырткары Мамлекеттик каттоо кызматын да сынга алды. Мекеменин кызматкерлери кырсыктан жабыркагандарга берилген жерге салына турган үйлөргө техникалык паспорт жана мамлекеттик акт алуу үчүн 13 600 сом талап кылып жатканы маалым болду. Жээнбеков муну чектен чыккандык катары баалап, аткаминерлерди камакка алуу сыяктуу чара көрүүнү тапшырды:

- Мамкаттоонун кызматкерлери отуруп алып 10 миң сомдон алып жатышканы чектен чыккандык. Силер иштегендин ордуна бизнес кылып отурасыңар. Силер мен билгенди да билбейсиңер. Анда эмне отурасыңар бул жерде? Эмне үчүн катардагы кызматкерлериңиз сизге айтпай, өз билгенин жасашат? Силердин айыңардан мамлекеттик органдар жаман көрүнүп, өкмөт элдин ишеничинен чыгып жатат. Камагыла бардыгын! Бүгүн эле бардык бөлүмдөргө барып, ошол кишилерди таап, отургузгула бардыгын.

Өкмөт башчы Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысына чукул арада комиссия түзүп иликтеп, үч күндөн кийин отчет берүүнү тапшырды.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жээнбеков Мамкаттоонун кызматкерлерин зекиди

Талдоочу Төлөгөн Келдибаевдин баамында, өкмөттүн бул жыйыны Кыргызстандагы жалпы аткаминерлердин ишке болгон мамилесин көрсөттү:

- Сооронбай Жээнбеков койгон талап деле негизинен туура. Мен жети жыл райондук, облустук жетекчилик кызматтарда иштедим. Көпчүлүк жетекчилер жыйындарга жөн эле, кайдыгер келишет. Тойго, ашка, кудага келгендей эле мамиле жасашат. Талап жок. Бир эле өкмөттө эмес, облустарда, райондордо, айылдарда иш жок, токтоп калган. Бул Кыргызстандагы бийлик системасынын иштебей жатканынын, барды-келди иш менен алектенишеринин бир көрүнүшү. Бардык эле кызматтар Статкомитеттин милдетине окшош куру сандар менен иштеп жатканы кечээги өкмөт жыйынында далил болду. Өкмөттүн жыйынына келип жаткандан кийин ал жетекчи кандай суроо болот, кандай маселе көтөрүлөт деп даярданышы керек. Ар бир жетекчи өзүнүн тармагын түшүнөн ойготуп сураса да жооп бере алгыдай болушу керек. Өзүнүн тармагына байланыштуу суроого жооп бере албаган жетекчи иштебеши керек. Бизде мамлекеттик кызматкерлер эртең менен 8де келип, кечинде 5те кетип, күндүз кечке интернетте отуруп, кечинде той-топурга бармай эле болуп калды.

Коомдук ишмер Кемел Ашыралиев өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун өкмөт кызматкерлерине жасаган мындай мамилесин колдобой турганын айтты. Ал башкаруунун бул ыкмасын натыйжалуу эмес деп эсептейт:

- Кээ бир жетекчи акырын айтса дагы катуу айткандай сезип "бул киши бир эле айтат, кашын гана көтөрүп коет" деп турушат. Ал эми кээ бир жетекчи жанына жеткире сөгүп, абийирин кетирсе дагы тигил аткарбай коет. Анткени жетекчинин ким экенин билет. Мисалы, мен Турдакун Усубалиев бирөөгө катуу сүйлөп, бирөөнү сөккөнүн уккан эмесмин. Колун көтөрүп койгондо эле баары түшүнүктүү болчу. Жетекчи деген ушундай болушу керек. Мен жанагындай "чыгып кет" деп кубалап чыкканын жактырбайм. Ал туура эмес. Ал аткаминерди жыйындан чыгарып жиберди, ага карата жаза ошол эле болуп калды. Ал кызматтан түшпөйт. Эки ооз сөз менен эле кызматтан түшүрүп коюш керек. Мен өкмөттүн көп эле жыйындарын көрүп жүрөм. Көп сүйлөнөт. Көп сүйлөбөй бүтүм чыккандай болушу керек. Ошондой аткаминерлер бул киши сөгүп, урушпай эле чечим чыгарып коет деп титиреп отурмак. Премьерге балким кээ бирлер сен жумшактык кылып жатасың десе, ал катуу болоюн деп күчүн орун басардан чыгып жатат. Анын күчү министрден чыгышы керек. Ал бечара экинчи киши. Ар бир жетекчинин өзүнүн ыкмалары болот, ошол жетекчилик ыкманы табышы керек.

Өкмөт өкүлүнүн кадыры канча?

Өкмөт өкүлүнүн кадыры канча?

Кыргызстанда саясий адистер жергиликтүү бийлик жетекчилери айрыкча шайлоо алдында өзгөчө мааниге ээ болорун айтып келишет.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Бакыт Рыспаевдин пикиринде, Кыргызстанда мамлекеттик жетекчилер башкаруунун эски ыкмаларынан арылышы керек:

- Советтер союзунун учурунда калыптанып калган столду бир муштап, кагып-силкип, кыйкырык-өкүрүк менен маселе чечилбейт. Бул өткөн чактын ыкмасы. Ошондуктан мамлекеттик кызматтын жетекчилеринин кадыр-баркын көтөрөбүз десек, анда жаңы, учурга туура келген башкаруу стилин колдонушубуз керек. Кыргызстандагы кайсы бир олуя ушундай заман келет, жыйын көп болот, бирок жыйынтыгы жок болот деп айткан экен. Азыр райондо, облуста, өкмөттө деле күндө эле чогулуш. Бирок эл өз арбайын өзү согуп эле маселе чечилбегендей сезилип жатат.

"Чечкиндүүлүктү башкача көрсөтсө болот"

Саясат талдоочу Эмил Жураевдин айтымында, Кыргызстанда коомчулуктун кайсы бир бөлүгү мамлекет башчынын бекем, катуу болушун каалайт. Мындан улам бул өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун президенттикке талапкерлердин бири катары каралып жаткандыктан анын "жумшак, чечкинсиз" деген сымал мүнөздөмөдөн арылуу максатында атайын аракети болушу мүмкүн деген ойдо:

- Мындай көрүнүш Борбор Азиядагы саясатта, айрыкча Өзбекстан менен Казакстанда боло жүргөн нерсе. Сооронбай Жээнбеков азыркы кезде премьер-министр эле эмес, КСДП партиясынан президенттикке талапкер катары ар бир сөзү, кыймыл-аракети кызыктуу болуп жатпайбы. Ага муну балким саясий технологдор, же кеңешчилери айтса керек, же Жээнбеков өзү деле түшүнүп турат. Анткени ал өзү тууралуу эл эмне деп сүйлөп жатканын билет. Менимче бул жерде ошол талапкер болгондун дагы ролу бар. Жумшактыгы, чечкиндүү эместиги, медиада, журналисттердин алдында көп сүйлөбөй, сүйлөсө да жумшак сүйлөгөнү сынга алынып жатпайбы. Мүмкүн бул өзүнө деле имидж жагынан тоскоол жаратып, кемчилик катары сезип жаткан болушу мүмкүн. Бирок мындай ыкманы колдоно баштаганы көп жакшы эмес. Бул калың элге көп деле жага бербейт. Чоң эле кишилерди жаш баладай кылып ары тур, бери тур дегени туура эмес. Иштеги кемчиликтер боюнча катуу сөздөрдүн айтылганы албетте турган иш. Бирок катуулукту, чечкиндүүлүктү башкача көрсөтүү керек. Жыйында, камеранын алдында ага аткаминерлер арасында деле урмат-сый алып келбейт.

Кыргызстанда жетекчилердин кызматкерлерди жыйындан кууп чыккан учурлары буга чейин да болгон. Темир Сариев премьер-министр болуп турганда өкмөт жыйынынан телефонун кармалап отурган ИИМдин, өзүнүн аппаратынын кызматкерин кууп чыккан. Ошол кездеги Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Алмазбек Кадыркулов өкмөт жыйынында өз ордуна статс-катчыны калтырып кеткени үчүн премьерден жеме уккан жана ал статс-катчы жыйындан куулган.

2014-жылы 17-февралда ошол кездеги баш прокурор Аида Салянова коллегияда уктап калган Базар-Коргон районунун прокурорун кууп чыкканы коомчулуктун эсинде. Бул прокурор этикага жатпаган жүрүм-туруму үчүн деген негиз менен кызматтан да айрылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.