Энергетика жана тоо-кен коррупцияга батып турат

Өкмөткө караштуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети жемкордукка каршы планды аткарган жок.

Бул тууралуу 16-июнда аталган мекемедеги системалуу коррупцияны жоюу боюнча жумушчу жыйында белгилүү болду. Мындан улам статс-катчы баштаган бир катар жооптуу кызматкерлерге катуу дисциплинардык жаза колдонуу сунушу премьер-министрге Сооронбай Жээнбековго жөнөтүлдү. Коомчулукта айрыкча энергетика жана тоо-кен тармагындагы жемкордук боюнча нааразылык көп.

Коопсуздук кеңешинин алдындагы жумушчу топ өнөр жай, тоо-кен жана энергетика тармагындагы коррупцияны жоюу боюнча планды 2014-жылы февраль айында эле бекитип берген. Бул пландын аткарылышын текшерүүдө 40ка жакын иш-чаранын 26 пайызы гана аткарылганы маалым болду.

Сооронбай Жээнбеков

Вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков "Азаттыкка" комментарий берип жатып комитеттеги жемкордукка каршы күрөш канааттандырлык эмес деп табылганын ырастады. Анын маалымдашынча, алешемдиктерди жоюуга дагы бир ай мөөнөт берилди:

- Планды Коргоо кеңеши бекитип, мөөнөттөрү чектелип, иш-чаранын баары жазылган. Ошону аткарышы керек эле. Биргелешип иштей турган мекемелер менен маалымат алмашып, кандай тартипте иштейбиз деп жолугуп ушундай кызматташуу болгон эмес. Экинчиден, планда мыйзам долбоорлорду, ченемдик актыларды даярдап чыгуу керек эле. Бул багытта да жумуш толук болгон эмес. Салкын мамиле жасашкан. Катуурак киришсе боло турган эле нерсе. Ошондуктан биз коррупциянын деталдуу планын аткаруу боюнча жумушту жетишсиз деп белгиледик. Ушул иштерге жооптуу статс-катчыны дисциплинардык жазага көрсөттүк. Бул планды дагы бир сыйра карап чыгып, тиешелүү иштерди жүргүзүүгө бир ай мөөнөт бердик. Бир айдан кийин биз маселени дагы карайбыз.

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев мындай бааны колдой турганын айтты. Ал Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетиндеги коррупция боюнча айтылган дооматты мекемедеги реформа боюнча системалуу иштин жүрбөй жатканы менен байланыштырды:

- Энергохолдинг аракет кылып өзүнүн ишин жасап жатат. Суу, кышка даярдык маселесин, техникалык башкаруу системасын карап, ошолорду жасап аракет кылууда. Ал эми өкмөттүн жыйынында менимче жалпы саясатына канааттандырарлык эмес деген баа берилди. Комитет реформа жүргүзүп, рынокту либералдаштырып системаны бир эле баш кылбай бардык тараптарды киргизип, атаандаштык шарт түзүп бериши керек. Туура тариф саясатынын негизинде ушуну башкарышы керек. Комитеттин иши ушул багытта жүрбөй жатат. Мүмкүн алар түшүнбөй жатат же атайылап унчукпай отурушат. Мунун кесепети жакшы болбойт.

Энергетика маселелери боюнча эксперт Жаныбек Оморов бул тармакта коррупцияга каршы күрөшүүдө эл аралык тажрыйбалар эске алынышы керек деген ойдо:

- Өкмөт аракет кылгансып жатат, анча-мынча жылыштар бар. Бирок чукул өзгөрүү жакшы жүрбөй жатат. Реформанын артынан түшкөн күч болбой жатат. Бул жаатта эл аралык жакшы тажрыйбалар бар. Башка өлкөлөрдө да коррупция аябай күчөп, система оңолбой турганда алар колдонгон көп эле мамлекеттердин жакшы тажрыйбасы бар. Ошол ыкмалар пайдаланса жакшы болот эле. Бул ишке эксперттерди тартпай жатпайбы. Эски ыкмалар колдонулуп реформа жакшы жылбай жатат. Эл күткөн жыйынтык жок. Аткаминерлер баягыдай эле күчкө салып телефон аркылуу экономикалык ыңгайсыз нерселерди жасатып жатат. Андай болбойт да эми.

Буга чейин тоо-кен тармагындагы коррупцияга каршы күрөштөгү алгылыктуу иш катары кен чыккан жерлердин интерактивдүү картасы ишке киргени айтылган эле. Бул тийиштүү маалыматтарды алууда мыйзамсыз иш-аракеттерге бөгөт коёт деп белгиленген. Андан сырткары жылыштардын бири катары жер казынасын пайдалануучулар үчүн өткөрүлгөн аукциондордун жол-жобосу өзгөргөнү айтылган. Мындан улам 2014-2015-жылдары мурдагы жылдарга салыштырмалуу 10 эсе көп каражат, тактап айтканда 400 миллион сомдон ашык каражат түшкөнү маалымдалган.

Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин жетекчиси Орозбек Дүйшеев бул аракеттерди жетишсиз деп эсептейт. Анын баамында, бул тармак кадр саясатынан аксап жатат:

- Тоо-кен татаал өнөр жай. Бул өнөр жайды башкарууда сөзсүз адистер, тармакты түшүнгөн адамдар болушу керек. Биздин мамлекетте, чоң мамлекеттик кызматта, аткаруу бийлигинде тоо-кен тармагын билген бир дагы адам жок. Аткаруу бийлиги, мыйзам чыгаруу бийлиги бул боюнча жылыш кылган жок. Чечкиндүү иш-чаралар болгон жок. Өкмөттө айтылган сын абдан туура. Азыр 2040-жылга чейин программа жок. Ал программаны жазып жаткандардын арасында да бир дагы тоо-кен адиси жок. Биз ага карабай төрт ири сунуш берсек, аларды киргизбей коюшканы белгилүү болду.

Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы саясаттын мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу боюнча жумушчу тобу 2013-жылы эле түзүлгөн. Бүгүнкү күнгө чейин 30дан ашык мамлекеттик мекемеде коррупциялык тобокелдиктер иликтенип, ага жараша деталдуу пландар даярдалып, тийиштүү тапшырмалар берилген. Пландын аткарылышын текшере келгенде бир дагы мамлекеттик мекеме коррупция менен күрөштү мыкты жүргүздү деп аныктала элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.