Кубатбеков: “Митингстан” деген атка кондук

Ош шаарындагы кечээки нааразылык акцияларынын күңгөй-тескейи тууралуу "Адам укугу жана демократия" борборунун жетекчиси Идирис Кубатбеков ой бөлүштү.
- Кечээ спикерлик кызматтан кеткенин жарыялаган Ахматбек Келдибеков Оштогу митингге чыккан тарапкерлери менен жолукту. Тарапкерлер дале Келдибековдун спикер болуп калышын талап кылууда. Бул соңку окуядан сиз эмнени байкай алдыңыз? Маселен, Оштогу митингдер спикердин кызматтан кетишинен кийинки убактылуу нааразылык болдубу, же бул жерде башка маселелер катылып жатабы, же жөн гана бирөөлөр тарабынан уюштурулдубу?

Ош, 13-декабрь 2011-жыл.

- Кечээ өткөн митингди биз ар тараптуу карасак болот. Өткөн жылы болгон парламенттик шайлоодо “Ата Журт” партиясы айрыкча Ош шаарынан көп добуш топтогонун эске ала турган болсок, албетте бул нормадагы эле көрүнүш. Ошол эле мезгилде бул жерде саясий максаттар болушу мүмкүн. Ошентсе да, митингге чыккандардын баары эле Келдибеков тарабынан уюштурулуп, чыкты дегенден алысмын.

Себеби ал жерде Ош шаарынын жайкын тургундары да нааразылык билдирип чыкканын кезиктирдик. Ошондуктан бул митинг, пикетте Келдибековдун бийликте калуусун гана каалагандар эмес, ошол эле мезгилде түштүк жеринен чыккан кээ бир кадрларга кандайдыр бир куугунтук жасабоону сурангандай көрүнүштү көрө алдым.

- Ош аймагында Келдибековду колдогон нааразылык акциялары болуп жатканда, кечээ Таласта айрым тургундар “Ата Мекен” фракциясын колдоп чыгышты. Эки башка ойдогу топтордун болушу, эки тараптын пикирлериндеги мындай ажырым эмнени көрсөтүүдө? Буга убактылуу гана боло турган көрүнүш катары мамиле кылуу керекпи, же бул жагдай кылдаттыкты талап кылабы?

- Бул өтө, өзгөчө көңүл бура турган маселе. Себеби дегенде, биз буга чейинки бөлүнүүлөрүбүз аз келгенсип, муну бөлүнүүнүн жаңы формасы катары кароого болот. Себеби партиялык бөлүнүү коом үчүн өтө коркунучтуу. Кыргызстанда кеминде 200гө чукул партия бар.

Эгерде биз ар бир партияны жана ар бир кызматтагы адамды колдоп чыга берсек, бул өлкөнүн бүтүндүгүнө доо кетириши мүмкүн. Ошондуктан бул маселени эч качан убактылуу деп карабашыбыз керек. Албетте, митинг жана антимитинг деген түшүнүк бар. Бирок ошентсе дагы, бүгүнкү Кыргызстандын бүгүнкү акыбалында мындай бөлүнүүлөр жакшылыкка алып келбейт.

- Келдибековду колдогон нааразылык акциялары болочоктогу коалициянын курамына таасир бериши мүмкүнбү? Маселен, бул нааразылык акциясы жаңы коалиция, жаңы өкмөт түзүүдө аймактык тең салмактуулукка, кайсы бир мааниде “Ата-Журт” фракциясына көңүл бурулушу керек деген ишара эмеспи?

- Мен бул бир гана Ахматбек Келдибековго байланыштуу митинг деп ойлойм. “Ата-Журт” фракциясында бир гана Ош шаары эмес, түштүк аймагынын башка аймактарынан да чыккан атуулдар, депутаттар бар. Ошондуктан мен ойлойм, бул митинг коалициянын түзүлүшүнө, ал жерге кимдир бирөөлөрдүн келишине эч кандай таасирин тийгизбейт.

- Кыргызстанда бир аткаминерди кызматтан алып койсо, тарапкерлери митингге чыкканы адатка айланганын белгилегендер бар. Кыргызстан бул көрүнүштөн кантип кутулушу керек?

- Кыргызстан акыркы мезгилде “митингстан” деген каймана атка ээ боло баштадык. Акыркы мезгилде ар кандай талаш-тартыштарды, керек болсо жергиликтүү көйгөйлөрдү митингдер менен чечип алуу өнөкөтү биз үчүн ойлонто турган маселе болуп жатат. Ошондуктан митинг менен маселени чечүүдөн кайтышыбыз керек. Айрыкча биздин саясатчылар, биздин жол баштоочулар ушул практикадан оолак турса жакшы болот эле.

Себеби, бир маселени чечүүнүн бир гана саясий жолу эмес, укуктук жолу да бар. Андыктан кандайдыр бир маселе болсо дароо эле митингге чыгып, жол тоскондун ордуна, ошону цивилиязациялык жол менен, сотко кайрылып, өз укугун коргоо жолу менен ушул маселени чечсе, Кыргызстандагы стабилдүүлүктүн тез орноп кетишине өбөлгө болот эле.