Талашка тамызгы болгон "Райым миллион"

Сооронбай Жээнбеков, Райымбек Матраимов жана Алмазбек Атамбаев. Коллаж "Азаттыктын" өндүрүшүнө таандык.

​Экс-президент Алмазбек Атамбаев акыркы маегинде Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовго дагы токтолду. Ал “Райым миллион” каймана аты бар бажычыны “капчыкка” салыштырып, президент Сооронбай Жээнбеков аны калкалап жатканын белгиледи.

Президент Жээнбековдун аппараты мындай айыптоого үн ката элек. Эксперттер болсо Матраимов Атамбаевдин кезинде да иштегенин эске салышууда.

"Матраимовдун өчү"

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Райымбек Матраимов тууралуу пикирин биринчи жолу айтып жаткан жок. Ал быйыл 31-марттагы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын курултайында, кийин Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматов камакка алынганда да бажычыны сынга алган. Анда Атамбаев анын тапшырмасы менен ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райымбек Матраимовду иштен алганын моюнуна алган.

"Апрель" каналына маек берүү учуру

19-ноябрдагы "Апрель" телеканалына курган маегинде болсо экс-президент Матраимовду президент Сооронбай Жээнбеков менен ачык байланыштырды.

Журналисттердин “учурдагы коррупция менен күрөш” жөнүндөгү суроосуна Алмазбек Атамбаев минтип жооп берди:

- Факт боюнча алсак, коррупция менен күрөш менин тушумдагыга караганга эки эсе кыскарды. Азыр жөн гана “кожо көрсүн” күрөш жүрүп жатат. Мына маселен Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов сыяктуу күнөөсүз адамдар камакка алынды. Аларды эмнеге камашты? Ачык айтайын, анткени Сапар Исаков Сооронбай Жээнбековдун өтүнүп, суранганына карабай, Райымбек Матраимовду кызматтан алган. Мага Сапар 23-ноябрда телефон чалып "Сооронбай Жээнбеков Райымды кызматтан алба деп суранып, жалдырап жатат" деп айткан. Ошондуктан бул Сапар Исаковдон “Райым” үчүн өч алып жатышат. анын тилин албай койгону үчүн камалды. Кубанычбек Кулматов болсо бажы тармагын Райымдын адамдарынан тазалай баштаганы үчүн камалды. Ал бир эле Райымдын эмес, Жээнбековдун да адамдары болгон. Аларды тазалагандан кийин Ош бажысында бир күндө эле бажы төлөмдөрү 10 эсе көбөйгөнү эсиңиздердеби? Ошондуктан Кулматовду орус паспорту, мектеп үчүн эмес, кайсы бир адамдарды “камсыздап турган” Райым үчүн өч алуу максатында камашты.

Алмазбек Атамбаев жакында эле ачыкка чыккан былтыркы президенттик шайлоодогу Сооронбай Жээнбековдун штабынын “көмүскө кассасы” тууралуу да комментарийлеп, анда айтылгандар “чын” деп белгиледи. Ошол эле кезде экс-президент штабды каржылоого Райымбек Матраимовдун тиешеси бардыгын кошумчалады.

- Билесиңерби, мен Жээнбековдун шайлоо кампаниясынын чыныгы, негизги демөөрчүсү ким экенин билгенден кийин аны менен бир нече жолу сүйлөштүм. Былтыр ноябрдын аягынан баштап, быйыл 29-мартка чейин сүйлөштүм. Ошол күнү аны менен жолукканымда ага “сенин иниң Асылбек Жээнбеков парламентте калбашы керек, “Райым миллион” дегендерге окшогондор менен жакындабашың керек, ага өзүңдү милдеткер сезбешиң керек” деп ачык айткам. Мен муну кийин курултайда айтаарымды да өзүнө билдирип, кийин пикиримди ачык жарыяладым. Ал өзү мунун баарын жакшы билген, - деди Атамбаев.

​Президент Сооронбай Жээнбековдун администрациясы жана анын маалымат катчылыгы Атамбаевдин пикирлерине, анын ичинде Матраимов жөнүндө айткандарына да азырынча комментарий бере элек.

“Азаттыктын” Райымбек Матраимовдун өзү менен байланышуу аракетинен да майнап чыккан жок. Бирок ал буга чейинки массалык маалымат каражаттары менен болгон маектеринде “Алмазбек Атамбаевдин жана анын ишенимдүү адамы делген Икрамжан Илмияновдун жардамы менен кызматка келгенин” айткан жайы бар.

Анын бир тууган агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов болсо экс-президенттин сөзү тууралуу буларды айтты:

- Мен ушул убакка чейин экс-президент жөнүндө бир ооз да жаман сөз айткан эмесмин, айткым да келген эмес. Менимче бул кишини бирөө жарым окутуп, мээсине “Райым” деген атты куюп койгон окшойт. Бир айтты, эки айтты, эми пластинкасы чайналып калган немеге окшоп, кайра-кайра кайталай берүү туурабы? “Өч алып атат, минтип жатат” деген ошол президент болгон кишинин деңгээлиби? Бул анын өзүнө аброй алып келбейт деп ойлойм. Райымды иштен алууда бажыдагы киреше түшүп кетти деп жөн эле шылтоо кылып коюшкан. Болбосо Атамбаевдин мурдагы аялынын кызы менен Райымдын кайнежеси машине кое турган жер талашып кетишет. Кызы барып “мени Райымдын туугандары ушинтип жатат” деп арызданганда, Атамбаев уйкудан туруп эле, жинденип “Райымды иштен алгыла” деп алып салышкан. Негизи Райымбек бажы тармагында эч кандай коррупцияга аралашкан эмес. Эгер аралашкан болсо мурда эле аныктап алышмак.

Сооронбай Жээнбеков, Искендер Матраимов жана анын иниси Тилек Матраимов

Искендер Матраимов ошондой эле анын иниси президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабын каржылабаганын, бул жөн гана жалаа экендигин кошумчалады.

"Эмнеге мурда камалган эмес?"

Канткен күндө да дээрлик жети-сегиз айлык тыныгуудан кийинки экс-президент Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсү айтылуу “Райым миллион” каймана аты бар Райымбек Матраимов тууралуу талкууларды кайра жандантты. Өзгөчө социалдык тармактардын колдонуучулары бажычынын кирешелерин жөнүндө талашып-тартышып бүтпөй жатышат. Айрымдары аны азыркы коррупцияга каршы күрөштүн объектиси болушу керектигин белгилеп жатышат.

Ал эми коомчулукта “Эгер Райымбек Матраимов коррупционер болсо, анда Атамбаев алты жыл президент болуп турганда аны эмнеге кызматтан алып, кылмыш жоопкерчилигине тарткан эмес?” деген суроо жаралды.

Коомдук ишмер Жеңиш Молдокматовду угалы:

Жеңиш Молдокматов

- Алмазбек Атамбаевдин маек куруп, билдирүү жасаганы бул өкүнүчтүн, кайгыруунун, өзүнүн көздөгөн максатына жетпей калгандын белгиси болду. Анын бирден-бир себеби Сооронбай Жээнбековду “кол бала” кыла албай калгандагысы. Аны президент Жээнбеков “24.kg” басылмасына курган маегинде өзү деле тастыктабадыбы. Ал эми Матраимов же башка кадрларды Алмазбек Атамбаев өзү кызматка алып келип, өтө бийик деңгээлдерге чыгарган. Райымбек Матраимовду Матраимов кылып, акчаны чогулттуруп, байыткан да Атамбаев өзү. Ар бир адам сын айтканда өзүнүн артын ойлоп, анан сын айтыш керек. Ошондуктан эгер Матраимовдор боюнча Атамбаев да жооп бериши керек.

Маалым болгондой, Райымбек Матраимов 2017-жылдын 23-ноябрында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматынан бошотулган. Өкмөт бул чечимге "анын иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатка каршы келет" деген жүйө келтирген. Быйыл апрелде Матраимов "мени негизсиз жумуштан алды" деп өкмөттү сотко берген жана ал кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругун жокко чыгарууну өтүнгөн.

25-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту Матраимовго Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматына кайра кайтууга уруксат берген чечим чыгарган. Өкмөт райондук бул чечимге нааразы болуп, шаардык сотко арыз менен кайрылган. Учурда алардын талашы Бишкек шаардык сотунда каралууда. Акыркы отурум 30-октябрда болгон. Эгер соттон Матраимов утуп чыкса кызмат ордуна кайра кайтышы мүмкүн.

Эркин Абдразаков

Бирок ошол эле кезде соттун чечимин жана Райымбек Матраимовдун өзүнө карата президент позициясын ачыктабай келатканын сынга алгандар да бар. Талдоочу Эркин Абдразаков буларга токтолду:

- Алмазбек Атамбаевдин баарын эле Матраимовдорго байлай бергени туура эмес. Бир киши кантип эле бир өлкөнүн тагдырын чечип койсун? Бирок адилеттүүлүк үчүн да айтып коюш керек, Райымбек Матраимов жана анын бир туугандары азыркы президент Сооронбай Жээнбековго жакындыгын эл билет. Аны менен чогуу жүргөнүн баары эле көргөн. Ошондуктан ал Атамбаевдин айыптоолоруна жооп кылып, ак же көк деп ачык пикирин айтып коюшу керек. Президент Матраимовдор менен кандай байланышы, карыз-кооласы бар - аны да так айтып, кандай чара көрүлө турганын да айтып коюшу зарыл. Анан Райымбек Матраимов өзү деле жигитчилик кылып, ушул кызматына тырышпай эле кетип калса деле болмок. Сот аркылуу кайра кызматына кайтып, ошол жерде мурдагыдай иштеп кетишине көзүм жетпейт. Андай кылса президентке гана сөз алып келет.

Райымбек Матраимов кызматтан алынгандан кийин былтыр 28-ноябрда анын ордуна, Бажы кызматынын жетекчисинин орун басары болуп Нурлан Ражабалиев дайындалган. Мурдараак Ош бажысын жетектеп келген Ражабалиевди адистер кайра эле “Матраимовдун кадры” деп баалап чыгышкан. Ражабалиев өзү бул боюнча комментарий берген эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.