Курултайдын дымагы менен деңгээли

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Саясий-коомдук күчтөрдүн курултайы өттү

Бишкекте өткөн курултайда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу маселеси добушка коюлду.

Коомдук, саясий жана мекенчил күчтөр уюштурган курултай “Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең” деп аталды. Ал 24-ноябрда Сооронбай Жээнбеков бир жыл мурда президенттикке киришкен күнгө дал келди.

Жыйынга бийликтен президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, өкмөттөн вице-премьер-министр Жеңиш Разаков келди.

Курултайды уюштуруучулардын бири, коомдук ишмер Азимбек Бекназаров Жээнбековдун бир жылдык ишине баа берүү милдети ага жүктөлгөнүн айтып, кенен баяндама жасады.

Азимбек Бекназаров.

- Саясий, экономикалык жактан алсыз, элдин ишениминен кеткен мамлекеттик бийлик менен күчтүү саясий эрки бар жарандык коомго башчы болуу өтө кыйын. Болгондо да мурдагы бийликтин мураскери катары келген адамга элдин ишеничине кирүү үчүн кардиналдуу, чечкиндүү, керек болсо жагымсыз кадамдарга барууга туура келет. Сооронбай Жээнбеков дал ошондой ары жагымсыз, ары чечкиндүү кадамдардын бирин жасады. Ал кадам - аны президенттикке сунуштаган жана түздөн-түз колдогон экс-президент Алмазбек Атамбаевдин таасиринен биротоло бошонуу. Мындай кадам кыргыз менталитетинде бир жагынан - “ичкен кудугуңа түкүрбө” болсо, экинчиси – бир адамдын, бир партиянын жетеленме президенти эмес, нукура элдик президент болуу. Президентибиз жалпы элдин кызыкчылыгы үчүнбү же башка себептер түрткү болдубу айтор, экинчи жолду тандап экс-президент Алмазбек Атамбаевдин таасиринен ийкемдүү түрдө чыгып кетти.

Бекназаров жогоруда айтылган жагдайларды эске алуу менен президент Жээнбековдун ишмердүүлүгүнө “аванс менен канааттандырарлык” деген баа берүүнү сунуштады.

Аны менен катар экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өлкөнү башкарган алты жылдагы иши да талданды. Бул маселе боюнча баяндама жасоону коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев өз моюнуна алган. Ал Атамбаевди бийликти узурпациялоого айыптады:

Эмилбек Каптагаев.

- Бийликтин узурпацияланышы бир күндө, бир айда же бир жылда боло калган жок. Жеке кландык башкарууну орнотууга дээрлик беш жыл талап кылынды. Бирок бийликти жеке басып алуу жана аны президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин да сактап калуу, кийинки шайланган президенттин үстүнөн сырттан туруп башкаруу режимин киргизүү идеясы абдан дыкат ойлонулган. Сөзүм куру болбош үчүн мамлекеттик бийликти узурпациялоо белгилери жана ага өбөлгө болгон жагдайларга токтоло кетейин. Бул – саясий интригалар, прокуратура, Коопсуздук кызматтары өзүнө тикелей баш ийгенинен пайдаланып, кайсы бир депутаттарга кысым көрсөтүү жолу менен Атамбаев Жогорку Кеңешти өз эркине баш ийдирип алган. Бул маселеде депутаттардын да жоопкерчилиги чоң.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков парламенттин иши жана өлкөнүн экономикасына байланыштуу баяндама менен чыгып, Кыргызстанда 27 жылдан бери бийлик бутактарынын тең салмактуулугу сакталбай келгенин сынга алды.

Курултайда жарыш сөзгө чыккан укук коргоочу Нурбек Токтакунов эски бийликти жамандап, жаңы бийликти мактоо өнөкөтүнө токтолду:

Нурбек Токтакунов.

- Атамбаев кеткенден кийин баары эле аны жамандап жатат. Мурдагы президенттин жоопкерчилиги бар, аны мен жашырбайм. Бирок азыр эч нерсе өзгөргөн жок. Мен жактоочу катары сотторго барып жүрөм. Атамбаевдин эң негизги жоопкерчилиги – ал сотторду, прокурорлорду жана күч органдарын реформа кылбай, тескерисинче, ушул уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болуп, саясий душмандарын басып, мыйзамдуу саясий күрөштү өлтүргөн. Жээнбеков ошол кылмыштуу системаны колуна алып, азыр колдонуп жатат. Жээнбеков да прокуратура-сот-милиция деген уюшкан кылмыштуу топту саясий душмандарына каршы колдонууда.

Курултайды уюштуруу комитети жыйында Кыргызстандагы экономикалык жагдай, өлкөнүн келечеги талкууланарын жарыялаган. Анткен менен саясат талдоочу Орозбек Молдалиев курултайга "өз максатына жеткен жок” деп баа берди:

Орозбек Молдалиев.

- Башында “эки президентти эле эмес, мурдагы президенттердин баарын чакырабыз” деп жакшы эле чыгышкан. Бирок Акаев, Бакиев келбей турганын билишет. Ал эмес Кыргызстанда турган Атамбаев менен, Жээнбековду келтире алышкан жок. Демек булар өздөрүн кандай күч экенин баалашы керек. Курултайдын таасири күчтүү болуп, конструктивдүү ойлордун тегерегинде сөз болсо, президент Сооронбай Жээнбеков сөзсүз келмек. Курултайдагы адамдардын курамын карасак, бүт эле мурун бийликте жүрүп, азыр кызматы жок калган адамдардын жыйыны болду.

Жыйынтыгында курултайга катышкан делегаттар Сооронбай Жээнбековдун ишин “канааттандырарлык” деп тапты.

Жыйында Атамбаевдин кол тийбестигин алып, буга чейин жасаган иштерине укуктук баа берүү боюнча Жогорку Кеңеш менен Башкы прокуратурага сунуш берүү каралды. Андан тышкары анын чет өлкөгө чыгуусуна бөгөт коюу талабы коюлду.

Дагы караңыз Курултай, Кумтөр жана Атамбаевдин макамы

КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева курултайда кабыл алынган чечимдер боюнча “Азаттыкка” мындай деди:

- Курултай эмне максатта өткөрүлгөнү белгилүү. Ага эл арасында ишеними жок баягы эле эски, “дүжүр” саясатчылар чогулушту. Бул курултайдын аркасында ким турганын коомчулук өзү баамдап жатса керек. Ал оркоюп эле көрүнүп калды. Биз уюштуруучулардын арасында чыныгы коомчулуктун өкүлдөрү эмес, жеке кызыкчылыгын көздөгөн адамдар көп экенин башында эле айтканбыз.

Уюштуруучулар курултайга Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевди да чакырган. КСДП “Бул Алмазбек Атамбаев барып катыша турчу жыйын эмес” деп жооп берген.

Уюштуруучулар курултайга жалпы 700гө жакын адам чакырылганын билдирген. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, Медеткан Шеримкулов, Акматбек Келдибеков, Исмаил Исаков, Нариман Түлеев жана башка саясатчылар катышты.

Жыйында 44 делегат сөз сүйлөп, 300дөн ашык сунуш келип түшкөнү кабарланды. Аймактан келген делегаттар сөз жетпей калганына нааразы болушту. Негизинен курултайга келгендер улуу муундун өкүлдөрү.

Курултайдын соңунда жаңы Конституцияны кабыл алуу, Алмазбек Атамбаевдин бийлиги тушунда камалган саясатчылардын ишин кайра кароо, Жогорку Кеңештин ишин “канааттандырарлык эмес” деп табуу, паспорттогу “улуту” деген графаны кайра жазуу талабы сындуу сунуштар менен резолюция кабыл алынды.

Ошондой эле коомдук, саясий жана мекенчил күчтөрдүн экинчи курултайы кийинки жылдын апрель айында өткөнү калды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.