Бажы кызматынын башчысы алмашты

Бажы кызматы.

Кубанычбек Кулматовдун Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин кызматынан кеткен себеби бүдөмүк бойдон калды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин 14-майдагы буйругуна ылайык Кубанычбек Кулматов кызматынан өз каалоосу менен кетип, ордуна Алмаз Оңолбеков дайындалды.

Кызматынан кеткен Кубанычбек Кулматов кийинчерээк саясий себепке байланыштуу өз арызы менен кетүүгө аргасыз болгонун айтып чыкты. Муну ал өзү үч ай иштеген учурда бажы жыйымдарын чогултуунун көрсөткүчү 3,5 миллиард сомго көтөрүлгөнү менен негиздеди.

Кызматтан кетүүнүн себептери

Расмий түрдө Кубанычбек Кулматовдун кызматтан кетиши анын "берген арызынын негизинде жана өз ыктыяры" менен деп айтылганы менен мындай кадрдык өзгөрүүнүн купуя саясий себептери бар экени белгилүү болду.

Кубанычбек Кулматов үч айдын жыйынтыгы боюнча бажы жыйымдарын чогултуунун көрсөткүчү өскөнүн мисал кылып, бирок өкмөт аны кызматтан кетүүгө аргасыз кылган шарт койгону үчүн арыз жазууга туура келгенин билдирди:

Кубанычбек Кулматов.

- Арызды жазып бердим. Жасаган ишиң бирөөгө жагат, экинчисине жакпайт экен. Турмуш ушундай да. Бул жерде саясий маселе болду. Анын чыныгы себебин айтпай эле коёюн. Мен кабыл албай турган шарт коюлду. Аны аткара алганым жок. Ошондуктан арыз жазып бердим. Биздин бажы жыйымдарын чогултуу планыбыз 39 миллиард сом болчу. Үч айдын жыйынтыгы боюнча 3,5 миллиард сомду пландан ашыкча чогулттук. Бажы кызматы жыл аягына чейин ошол планды кармаса, анда 50 миллиард сомго чейин чогултуп коёт. Мындан сырткары, үч жылдык программа түзүп, өкмөткө тапшырып койдум.

Өкмөт өкүлдөрү Кулматов өз ыктыяры менен кызматтан кеткенин ырастоо менен чектелишкен. Алар сөз болуп жаткан саясий жагдайлардын чоо-жайы, коюлган шарт тууралуу эч кандай маалымат же комментарий беришкен жок.

Эки мектептин ордуна бирөө

Акыркы убакта Кубанычбек Кулматовдун аты ал Бишкектин мэри болуп тургандагы кытайлык ТВЕА компаниясы мектеп курулушуна бөлгөн эки миллион доллар акчанын сарпталышына байланыштуу чатактан улам айтылган. Жакында Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорун депутаттык комиссия иликтеген учурда эки мектептин курулушуна бөлүнгөн каражаттын мыйзамсыз сарпталганы боюнча да материалдар чыгып калган.

Бул тууралуу депутаттык комиссиянын мүчөсү Аида Касымалиева белгилеп, андагы коррупциялык иштерге укуктук баа берүү жөнүндө тапшырма берилгенин айтты:

Аида Касымалиева.

- Башында бекитилген макулдашуу боюнча 20 миллион 300 миң доллар гранттын эсебинен 2 миллион долларга эки мектеп курулмак.

Бирок чоң акча бөлүнгөнүнө карабастан ошол эки мектептин курулушуна бөлүнгөн акчага болгону бир мектеп түшкөн. Башында аны баштаган курулуш компаниясы бүтүрө албай, экинчиси да аягына чыкпай калган. Үчүнчү келген компания гана аны аягына чыгарган. Бирок жогорудагы акчадан сырткары шаардык мэриянын бюджетинен да акча бөлүнгөн. Ошондо эки мектеп курула турган акчага бир эле мектеп түшүп, анан дагы мамлекеттен акча бөлүнгөн жагдай көп суроолорду жаратты. Курулуштун каржылык отчету дагы толук эмес болгон. Ошондуктан муну текшерип чыгуу керек деген маселе көтөрүлүп, материалдар укук коргоо органдарына берилди.

Анткен менен Кулматов өзү ТВЕА компаниясы бөлгөн акчанын эсебинен курулган эки мектептин курулушу тууралуу комментарий берди. Ал андагы акчанын уурдалышы боюнча жалган маалыматтар чыгып жатканын жана жакында тергөөгө берген көрсөтмөсүндө бардык суроолорго так жооп берип чыкканын айтты:

- Бул жерде эч кандай эч нерсе жок. Бул жерде жөн эле бир аз саясатка кирип кеттик. Ал мектептин курулушу аябай мыкты курулуп бүттү. Азыр ал жакта 2 миң 200 бала билим алууда. Абдан жаркыраган, заманбап мектеп курулду. Мен бул боюнча бардык маалыматтарды бердим. Ал жактан мага башка кандайдыр доомат коюлган жок.

Кулматовдун ордуна Оңолбеков келди

Алмазбек Атамбаев президент болуп турган кезде Кубанычбек Кулматов улам бир жооптуу кызматка которулган ийгиликтүү жетекчи катары таанылган. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы, Чүй облусунун губернатору, Бишкек шаарынын мэри, Улуттук банктын төрагасы болуп, бажы кызматын жетектөөгө экинчи ирет келген. Бул жолу Кулматов азырынча эс алып турарын билдирди.

Ал эми жаңы дайындалган төрага Алмаз Оңолбеков болсо бажы тармагында чейрек кылымга жакын кызмат кылган тажрыйбалуу бажычы катары сыпатталууда. Аны жамаатка тааныштырган вице-премьер-министр Замирбек Аскаров ушундай маалымат берип, жаңы жетекчинин алдында бажы тармагын жөнгө салуу жана бюджетке бажы жыйымдарын чогултуунун көрсөткүчүн жогорулатуу милдети турганын айтты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.