Шайлоо алдындагы убадалар
10-октябрдагы парламенттик шайлоого аттанаарда үч партия өз-өзүнчө программа менен чыккан. Эми мына коалициялык макулдашууга келген социал-демократтар, “республикачылар” жана “атамекенчилер” ал программаларын бириктирип, орток программанын үстүндө иштеп жатышат.
Коалициялык сүйлөшүүлөр маалында “Ата мекен” фракциясы стратегиялык максаты катары парламенттик башкаруу системасын сактоону атаган.
Ал эми шайлоо өнөктүгү учурунда партиянын социалдык-экономикалык программасы жарыяланган. Андагы негизги максат катары өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоо, кылмыштуу дүйнөнүн арка-белин алты айдын ичинде сындыруу пландары көрсөтүлгөн.
“Республика” партиясы шайлоо алдында 9% иппотекалык насыя,
дыйкандарга 7% жеңилдетилген насыя жана өз баасында электр энергиясын убада кылган.
Социал-демократтар өлкөнү кризистен чыгаруу, коопсуздукту камсыздоо, социалдык жактан коргоо, пенсиялык системаны өркүндөтүү багытында убадарларды берген.
30-ноябрда үч фракция тарабынан биргелешип жарыяланган программада мына ушул учурлар дээрлик камтылган. Бирок бир топ “сыйгаланма” мүнөздө болуп калган. Маселен, 7%, 9% насыяларды берүүнүн механизмдери иштелип чыгып, ал этап-этабы менен аткарылсын дегендей. Электр энергиясынын өздүк баасын аныктоо жана аны адилет баада элге сатуу жагы да каралсын деп жазылган.
Программада кылмыштуулукка каршы күрөш да белгиленген. Бирок бул ирет конкреттүү даталар көрсөтүлгөн эмес.
Эксперттер эмне дейт?
Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев коалициянын програмасына карата мындай пикирин ортого салды:
-Үч партиянын программасы бири-биринен катуу айырмаланбайт. Эми менин оюмча, коалицияга макулдугун бергенден кийин бирдиктүү программаны түзүп алып, баарын чогуу чечип, ишти баштап, Кыргызстанды оор абалдан чыгарыш керек булар.
Үч фракция коалициялык макулдашууга өтө узак убакытта келишти. Эми алардын биримдиги туруктуу, ийгиликтүү боло алабы деген суроо да турат. Анткени коалиция түзгөн КСДП жана “Ата Мекен” партиялары иш жүзүндө апрель айынан бери бийликте турат. Бул мезгил ичинде бул партиялар ийгиликке жетишкени байкалган жок. Ө. Текебаев белгилегендей, бул өкмөт кыргыз тарыхындагы эң популярдуу эмес өкмөт болуп калган.
Саясат таануучу Марс Сариев апрелден кийинки окуялар, июнь калабасы бул партиялардын жана алардын лидерлеринин өзүнүн ишмердүүлүгүн көрсөтүүсүнө тоскоолдук кылды дейт:
- Жаңы бийликке келгенде убакыт керек. Анан убакыт деле болбой апрель ыңкылабынан кийин июнда Оштогу окуялар башталып кетти. Анан эми иш башталат деп ойлойм. Тыш жактан инвестиция келиш керек. Ошол инвестициялар келгенде экономика иштей баштайт.
Үч фракция тышкы саясатта Борбор Азия мамлекеттери менен чыныгы достук мамилени түзүү жана бардык тармактарда кызматташуу, Россия менен стратегиялык өнөктөштүктө болуу, Азия, Европа мамлекеттери жана АКШ менен кызматташуу каралган.
Коалиция жакынкы убактарда аткара турган негизги маселелер катары коопсуздукту камсыздоо, коррупцияга каршы күрөш, макроэкономикалык туруктуулукту сактоо, инвестиция тартуу, мамлекеттин социалдык милдеттерин аткаруу белгиленген.
Талдоочулардын баамында, бул программаларды аткаруу негизинен КСДП жана “Республика” фракцияларына жүктөлөт. Анткени өкмөттү социал-демократтардын лидери Алмазбек Атамбаев башкарса, анын биринчи орун басары кызматын башкы “республикачы” Өмүрбек Бабанов аткарат деп күтүлүүдө.
Ал эми “Ата Мекендин” лидери парламент төрагалыгына шайланат. Парламент өкмөттүн күндөлүк иштерине аралаша бербейт.
Жогорку Кеңештин 2-декабрда аткара турган иши
Жогорку Кеңештеги жашы жагынан эң улуу депутат катары парламент
төрагасынын милдетин аткарып жаткан Ташболот Балтабаевдин билдирүүсүнө караганда, 2-декабрда парламенттин жыйынында алгач мурда ант бербей калган депутаттар ант берет. Андан кийин коалициянын түзүлгөнү боюнча КСПДнын лидери Алмазбек Атамбаев маалымат берет. Мына ошондон кийин эсеп комиссиялары түзүлүп, шайлоо иштери башталат:
- Мына ошондон кийин төраганы жашыруун добуш берүү менен шайлоого өтөбүз. Анан андан ары күн тартибине коюлган маселелер боюнча бара беребиз.
Жогорку Кеңеште 15 комитет болушу күтүлүүдө. Ал эми өкмөттүн структурасында министрликтердин, агенттиктердин саны азыркыдан көп болбойт. Ошондой эле оппозициялык фракцияларга бюджет жана укук коргоо боюнча комитеттер, төраганын орун басары кызматтары берилет.