"Азаттык": Адегенде эле коалициянын ыдыроо себептерине кайрылсак. Мунун башкы себептери кайсылар? Азыркы абалды саясий кризис десек болобу?
Эмилбек Каптагаев: Муну саясий кризис деп айтууга негиз жок. Анткени, өлкөдөгү саясий кырдаал негизинен туруктуу бойдон калат. Конституцияны мыйзамсыз түрдө өзгөртүү боюнча референдум өткөрүп алуу аракетине байланышкан чыр-чатактан улам КСДП фракциясы ушундай кадамга барды.
"Азаттык": Кийинки коалициянын курамына кимдер кирет?
Эмилбек Каптагаев: Бул жерде божомолдоп деле кереги жок. Себеби, “Ата Мекен” менен “Өнүгүү-Прогрессти” кошпойбуз деп алдын-ала айтып коюшту. Демек, ар жакта КСДП, “Республика - Ата Журт”, “Кыргызстан” фракциялары бар. “Бир бол” азыр деле коалицияда эмес.
Менин оюмча, “Республика - Ата Журт” фракциясынын коалицияга кириши менен саясат айдыңында бир топ өзгөрүү болот. Бул ирет Өмүрбек Бабанов башында турган фракция КСДПнын айтканына көнүп, “кулак кескен кулдай” эле кошулуп берсе, кийинки саясий окуяларда, эмки жылдагы президенттик шайлоодо кендири кесилип, буту тушалып калат. Ушул жааттан алып караганда “Республика - Ата Журт” менен социал-демократтар бириге турган болочоктогу коалиция аткаруу бийлигинде бир катар өзгөрүүлөргө алып келишин күтсө болот. “Кыргызстан” фракциясын айтпай эле койсо болот, ал кол баладай эле болуп жатат.
"Азаттык": Ушул аракеттердин натыйжасында Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өтөт деген ишенимдесизби?
Эмилбек Каптагаев: Иса Өмүркулов “кааласаңар да, каалабасаңар да баары бир өткөрөбүз” деп айтып атпайбы. Бийликтин табияты илгертен ошондой. Зордукка салганда каалаган чечимин аткартып алышат. Бирок, мунун артын, келечегин да ойлош керек. Азыр “көздөрүн май басып” ойлонбой жатышат. Бир четинен, коалиция тарагандан кийин “Ата Мекен”, “Өнүгүү-Прогресс", “Бир бол” фракциялары оппозицияда калса, мунун оң жагы да бар. Парламентте күчтүү оппозициялык блок пайда болот. Бул жагдай коомдогу саясий жараяндардын жүрүшүнө оң таасир тийгизет.
Баш мыйзам коалицияны таратты
Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы көпчүлүк коалициядан чыкканын жарыя кылды. Фракция мунун себебин “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары менен пикир келишпестик болгону менен түшүндүрдү.
"Азаттык": Президенттик аппарат 25-октябрда алты жыл илгери экс-президент Роза Отунбаеванын кызматка киришинде мыйзам бузуулар болгон, анткени ал Конституция күчүнө кире электе ант берип, кызматка расмий киришкен деген маалымат таратты. Ошол кездеги Убактылуу өкмөт аппаратынын жетекчиси катары буга кандай жооп бересиз?
Эмилбек Каптагаев: Конституция жоголду деп жөн жерден чуу чыгаргандын артында кандай максат бар экенин толук түшүнгөн жокмун. Конституция – жоголгус нерсе. Бирде “жоголбой эле турат, кайра жоголду, кол коюлбай калды” деп жатышат. Асмандан түшкөнсүп айтып аткан президенттик аппаратка түшүнсө болот. Анткени, ал жерде 7-апрелде эл кырылып атканда Ак үйдүн 7-кабатында тамаша кылып карап тургандар отурбайбы. Ал эми Алмазбек Атамбаевдин бул ойду айтканы таң калычтуу, өкүнүчтүү.
Президенттик аппарат тараткан маалыматта ошол кездеги кырдаалды, социалдык, саясий абал эске алынган эмес. Булар 31-августтан бери эле чалмекей чалып атышат. Мунун акыры жакшы болбойт. Анткени, жок нерсени бардай кылып айтып, жоголбогон Баш мыйзамды жоголду деп, коомдо саясий будуң-чаң сала бергендин өзү туура эмес.
Ал кезде Конституцияга эч ким кол коё алмак эмес. Буга мүмкүнчүлүк да жок эле. Ошол себептүү биз, Убактылуу өкмөттүн декрети менен Конституцияны кабыл алуу жана анын иштөө тартибин бекиткенбиз. Ал жерде “Конституция референдум өтөрү менен күчүнө кирет, ага эч ким кол койбойт” деп так жазылып турат. Кол коюуга эч кимдин укугу жок болчу.
"Азаттык": Роза Отунбаева Баш мыйзам күчүнө кире электе ант берди беле?
Эмилбек Каптагаев: Референдум өтүп, анын жыйынтыгы чыгары менен Баш мыйзам күчүнө кирди да. Алар гезитке чыга элек болчу деп билдирип жатышат. Бирок, БШК референдум өттү, Конституция кабыл алынды деген чечим чыгарары менен күчүнө кирген. Соңку окуяларды "саясий кызыл кулактык" десек болот.