Жолдубаеванын ишин эки фракция сынга алды

Башкы прокуратура.

Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" жана "Республика - Ата Журт" фракциялары башкы прокурор Индира Жолдубаеванын ишмердигине саясий баа берип, аны "канааттандырарлык эмес" деп тапты.

Буга анын жетекчилигинин астында башкы көзөмөл органы кылмыштуулуктун бетин ачууда, коррупция менен күрөштө жана адам укуктарын коргоодо одоно мыйзамсыздыкка жол бергени негиз катары көрсөтүлдү.

Башкы прокурор Индира Жолдубаева өзү фракциялардын жыйынына отчет бериш үчүн келген жок.

Айрым депутаттар анын ишине өзү жокто баа берүү туура эмес экенин айтып чыгышты. Бирок чечим көпчүлүк добуш менен кабыл алынды.

"Чуулгандуу иштердин дайыны жок"

"Ата Мекен” фракциясынын жыйынына башкы прокурор Индира Жолдубаеванын ордуна анын биринчи орун басары Бөкөнбай Казаков келип, башкы көзөмөл органынын 2017-жылдагы иши тууралуу маалымат берди. Ал 9417 текшерүү жүргүзүлүп, 14607 прокурордук чара көрүү актысы киргизилгенин, 9670 адам тартип жоопкерчилигине тартылып, коррупциялык багыттагы 704 кылмыш иши козголгонун билдирди.

Фракция жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов мамлекетке чоң зыян тийгизген чуулгандуу иштердин төркүнүнө кызыкты.

Алмамбет Шыкмаматов.

- "Жогорку Нарын каскадын курууга" деп алынган 37 миллион доллардын уурдалышы, "Манас" аба майданы, "Идеал-Хаус", Бишкек ЖЭБине кеткен 386 миллион доллардын сарпталышы боюнча иликтөөлөрдүн жыйынтыгы кандай болду? Анткени "ошол каражаттардын көпчүлүгү жең ичинен кымырылып кетти" деген маалыматтар депутаттык комиссияга келип жаткан экен.

Бөкөнбай Казаков коомчулуктун назарындагы айрым чуулгандуу иштер аягына чыкпай жаткан жагдайдын себептерин түшүндүрдү. Ошол эле учурда ал азыр мурда токтотулган жана кыскартылган кылмыш иштери текшерилип, алардын көпчүлүгү кайрадан жандандырылып жатканын айтты:

- "Жогорку Нарын каскадын курууга" деп алынган 37 миллион доллардын сарпталышы боюнча парламенттин токтому чыккан. Ага ылайык, Эсеп палатасы ошол каражаттын каякка жумшалганын текшерип чыгышы керек болчу. Бирок азыркы күнгө чейин Башкы прокуратура бул ишти иликтеп, ага укуктук баа бериши үчүн анын чыгымдалышы боюнча корутунду жок. Ошондуктан ал иш иликтенбей турат. Ал эми "Идеал-Хаус" боюнча 48 коттеждин баасын Мамлекеттик мүлк фонду туура эмес эсептеп чыгып сатканы боюнча кылмыш ишин козгогонбуз. Андан соң бул кылмыш иши Ички иштер министрлигине тергөө үчүн өткөрүлүп берилген.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Ата Мекен” башкы прокурорго ишенбестик көрсөттү

Жыйында Башкы прокуратура бийликке карата сынчыл көз карашты басыш үчүн "союл" катары колдонулуп калганы белгиленди. "Ата Мекен" фракциясынын мүчөсү Каныбек Иманалиев миллиондогон суммаларга доолор коюлуп, сөз эркиндиги муунтулган жагдайды эске салды:

- Адам ой-пикири, көз карашы үчүн куугунтукталып, соттолбошу керек. Мындай көрүнүш Түндүк Корея сыяктуу ашынган авторитардык мамлекеттерде гана болушу мүмкүн. Мына азыр Ормуков деген көзү азиз акынды кармап, ага айып коюп, камап салдыңар. Ошол эле кезде байкуштарды кармап, абакка киргизип, бирок кримтөбөлдөрдү эркиндикке чыгарып жатасыңар. Коррупционерлер миллиондорду уурдап, эркиндикте жүрмөк турсун, саясатка аралашып жатышат.

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Эмил Токтошев Индира Жолдубаеванын өлкөдөн чыгышына тыюу салууну сунуш кылды:

Эмил Токтошев.

- Прокуратура органдары чынында коррупцияга малынган аткаминерлерди кармап, камабастан, бийликке сын айткан саясатчыларды камакка алып, журналисттерге, коомдук активисттерге каршы доо коюп, алардын айрымдарына каршы кылмыш иштерин козгоп келишкени белгилүү. Ошондуктан менде бир сунуш бар. Башкы прокурордун ишмердигин текшерип, жыйынтыгын чыгарганга чейин анын өлкөдөн чыгышына тыюу салуу боюнча чектөө киргизүүнү сунуш катары чечимдин бир пунктуна киргизип койсок.

Анткен менен бул сунушту жалпы палатанын кароосуна жөнөтүү жагы макулдашылды. Андан ары "Ата Мекен" фракциясы Башкы прокуратуранын ишин "канааттандырарлык эмес" деп таап, башкы прокурор Индира Жолдубаевага ишенбестик көрсөтүү жана анын ишмердигин иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүү жөнүндө сунуш киргизмей болду.

"Өзү жоктун сөзү жок"

Андан соң "Республика - Ата Журт" фракциясы Башкы прокуратуранын отчетун карап, талкуулап отурбай эле, башкы прокурорго ишенбестик көрсөтүү тууралуу чечимин добушка коюуга белсенди. Бирок бул фракциянын мурдагы жетекчиси, депутат Руслан Казакбаев ага каршы болду:

- Анын өзүнүн жообун укпай туруп эле биз аны "канааттандырарлык эмес" деп таап, чечим чыгарганыбыз моралдык-этикалык жактан алганда туура эмес болуп калат. Индира Жолдубаеванын жыйынга эмне себептен келе албай калганын билип койбойлубу? Мүмкүн ал бир жумадан кийин жумушка чыгаар? Анын балким, медициналык тастыктамасы бардыр...

Анткен менен башкы прокурордун отчету менен таанышып чыгышканын айткан фракция мүчөлөрү, анын жыйынга келбей койгонун тоготпостук катары кабыл алышты. Ошондуктан "Республика - Ата Журт" фракциясынын башчысы Жыргалбек Турускулов фракциянын чечимин окуп берди:

Жыргалбек Турускулов.

- Индира Жолдубаева фракциянын жыйынына расмий түрдө чакырылганына карабай, фракциянын жыйынына катышпаганын белгилеп, анын 2017-жылдагы мыйзамдуулуктун сакталышын камсыздоо боюнча ишмердигине карата фракция төмөндөгүдөй баа берет. Мамлекеттик аткаруу бийлик органдарында, алардын катарында укук коргоо, бажы, салык, саламаттык сактоо, билим берүү жана энергетика тармагында, сот тутумунда коррупциялык көрүнүштөрдүн күчөп кеткени байкалат. Өлкөбүздө мыйзамдардын жана мыйзамдуулуктун так аткарылышы жетиштүү деңгээлде камсыз болбой, кылмыштуулуктун деңгээли, айрыкча уюшкан кылмыштуулук күч алып баратат. Ошондуктан Индира Жолдубаеванын отчетун "канааттандырарлык эмес" деп таап, бул чечим Жогорку Кеңештин төрагасына жиберилсин.

"Республика - Ата Журт" фракциясынын 28 мүчөсүнүн экөө бул чечимге каршы болуп, үчөө добуш берген жок. Эми мыйзам боюнча башкы прокурорго ишенбестик көрсөтүү маселеси палатанын жалпы жыйынына коюлат. Эгерде депутаттардын үчтөн экиси бул чечимди колдосо, анда башкы прокурор Индира Жолдубаева кызматынан кетет.

Мурдагы баш прокурорБайтемир Ибраев "Азаттык" радиосуна курган маегинде ушул тапта тергөө жана укук коргоо органдарында чоң кризис жаралганына, баш прокурорду саясий инстутуттар “куралга” айлантып жатканына жана башкы көзөмөл мекемесинин жетекчисинин ролуна токтолду.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Бардык жаман иштерди баш прокурорго таңуулай берген туура эмес"

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.