Ал 19-июлда өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, жарандык активисттер менен жабык жолукту. Анда негизинен сот, укук коргоо органдарын реформалоо, коррупция боюнча маселелер көтөрүлдү.
Жолугушууга жалпысынан 40 адам чакырылды жана Сооронбай Жээнбеков аларга "мамлекетчил адамдар" деп баа берди. Президент кийинки жылдары күчтүү жарандык коом калыптанганын, бул сыймыктана турган чоң жетишкендик экенин белгиледи:
- Сиздерди Кыргызстандын келечек тагдырына кайдыгер карабаган, интеллектуалдык дарамети чоң, мамлекеттик эмес уюмдарда иштеген мамлекетчил адамдар деп билем, тааныйм. Сиздер менен жолугушуу тууралуу чечим да мамлекеттин, элибиздин кызыкчылыгынан улам келип чыкканын баса белгилеп коёюн. Кыргызстанда демократиялык процесстердин калыптанышы, олуттуу саясий өзгөрүүлөр — мына ушул сиздердин түздөн-түз катышууңар менен болгонун баса белгилегим келет. Биз жарандык коом менен иштөөгө, өнөктөш болууга даярбыз, ачыкпыз. Конструктивдүү идеяларды, сын-пикирлерди кабыл алабыз.
Сооронбай Жээнбеков жарандык коомду коррупцияга каршы күрөштө кол кабыш кылууга үндөдү. Ал бул иш убактылуу "өнөктүккө" айланбашы керек деп эсептей турганын айтты:
- Бийликтин бул боюнча максаттарына жеңил баа берген көптөгөн адамдар бар экени жөнүндө кабарым бар. Бүгүн сиздер менен бирге айткым келет: Бул иш убактылуу эмес! Коррупцияга каршы күрөштү биз туруктуу жана системалуу түрдө жүргүзөбүз! Биз бул күрөштү аягына чыгарабыз! Ошондуктан, урматтуу активисттер, сиздердин колдооңуздар керек. Мен жарандык коомду коррупцияга каршы күрөштө өнөктөш катары көргүм келет. Азыркы кезде аткаминерлердин декларацияларын текшерүү башталды. Бул жөнөкөй иш эмес экени түшүнүктүү. Коррупцияга каршы ийгиликтүү күрөш жүргүзгөн бардык өлкөлөрдө ушундай текшерүү канчалык кыйын болгону менен ал бул күрөштүн ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Бул иште жалаң эле мамлекеттик органдардын күчү менен ийгиликке жетүү мүмкүн эмес. Жарандык коомдун көмөгү керек, биргелешкен иш керек.
Эки саатка белгиленген жолугушуу төрт саатка чейин созулду жана анда чакырылгандардын баары суроо бергенге, сунуш-пикирин айтканга үлгүрдү.
Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Өмүрбек Текебаев ырайым сурап кайрылса анын маселесин карап чыгууга даяр экенин айткан. Бул тууралуу жолугушууга катышкан укук коргоочу, экс-акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди.
Акун президенттин жарандык сектордун өкүлдөрү менен жолугушуусунда камакта жаткан саясатчыларды бошотуу маселесин көтөргөн:
- “Урматтуу президент, айкөлдүк кылыңыз, кемчилиги жок эмес, бирок алар саясий куугунтук менен камалды, булар эркиндикке чыгышы керек” деген маселени койдум. Президент “эгер ырайым сурап кайрылса мен чечет элем, бирок ал боюнча кайрылуу боло элек” дегендей сөзүн айтты. Бул Текебаевге байланыштуу. Андан тышкары мен Бектур Асанов жана башкалар бар экенин айттым. Президент соттордун ишине кийлигише албасын, бирок алар туура эмес чечим кабыл алса четте карап турбасын билдирди.
"Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо кыймылынын жетекчиси Төлөкан Исмаилова жарандык коомдо президентке байланыштуу чоң үмүт пайда болгонун айтты:
- Эгемендик алгандан бери ар түрдүү президент менен жолукканбыз. Аскар Акаев кучагын жайып, жаркылдап туруп бизди алдады эле. Башка президенттер деле коомчулукка "жарандык коом менен жолугуп жатам" дегендей отчет иретинде чакырчу. Биз шайлоодон кийин Жээнбековдун ишин аябай сын менен карадык. Жакшы эле убакыт өттү. Анын парламенттеги: "Ар бир жаран коопсуздукту сезишине, укугунун тепселбей турганына колдон келишинче аракет кылабыз" деп айтканы азыр деле кулагымда турат. Бул сөздөрдү бүгүнкү жолугушууда да айтты. Биз бул адамга ишенебиз. Кичине бир ишенкиребеген нерсе - бул анын чөйрөсү. Анткени ошол эле адамдар Алмазбек Атамбаевдин, башка президенттердин убагында иштеген. Ошондуктан мурунку системада иштеген адамдарга анча ишене албай жатабыз.
Коомдук ишмер Эдил Байсаловдун баамында, бул жолугушууда президент бардык суроого жооп берүүгө даяр экенин, ачык-айкын сүйлөшө аларын көрсөттү:
- Жыйынга катышкандардын курамы өтө таң калтырды. Анткени кээ бир адамдарды мен да чакырбайт болчумун, анткени өтө маргинал, ашынган сынчыл. Бирок президент Жээнбеков жана анын администрациясы ушуну менен кандай гана курч суроо болсо да андан качпай, тайсалдабай турганын көрсөтө алды. Жыйында көп эле суроолор берилип жатты. Бирок президенттин туугандары, мурунку президент менен мамилеси, дагы башка чуулгандуу иштер боюнча суроо берилбесе да, бул киши өзү ачык жана так жооп берди.
Жарандык активист Адил Турдукуловдун айтымында, Сооронбай Жээнбеков бул жолугушууда жарандык коом менен мындан ары тыгыз иштешүүгө даяр экенин бышыктады:
- Тандалма, "дежур" эксперттерди, бийликке "хоп-майли" деген гана активисттерди чакырбай, сын айткан, көйгөйлүү маселелерди көтөргөн адамдарды чакырганы - албетте, жакшы нерсе. Эркин ою бар, эч кимден тайманбаган көптөгөн инсандар катышты. "Бул сүйлөсүн, тигил сүйлөбөсүн" деген да көрүнүш болгон жок. Керек болсо айрым учурда кайым айтышуу да болуп кетип жатты. Бирок Сооронбай Жээнбееков кандайдыр агрессиясын билдирген жок. Кээде тамашалап, сынга да жооп берип, чынында эле кызматташууга даяр экенин көрсөтө алды.
"Коомдук анализ институтунун" жетекчиси, укук коргоочу Рита Карасартова жолугушууда коррупция тууралуу маселени козгоду. Анын айтымында, президент коррупцияга каршы күрөштү ачык-айкын кылуу максатында анын бул ишти УКМКнын карамагынан чыгаруу тууралуу сунушун колдогон жок:
- Бул жолугушуулардан кандай майнап чыгарын азыр айта албайм. Азыр УКМКга эбегейсиз чоң укук берилгендиктин бийлик бутактарынын арасындагы тең салмактуулук бузулган. Коррупцияны да эң чоң органга берип коюп, миллиондогон каражаттарды каратып туруп эле уурдап жатышат. "Мурунку президент Алмазбек Атамбаев коррупция менен күрөшүүнү эң жабык органга берген, силер бул органды реформа жасайсыңарбы?" деп суроо бердик. Бирок "УКМКдан Коррупцияга каршы күрөш кызматын чыгаруу иштери азыр жасалбайт, анткени коррупцияга каршы натыйжалуу, күжүрмөн иштеп жатат, токтоп турган, жабылган кылмыш иштеринин баары жанданды, ошондуктан бул системаны сындырганга шашпайлы, реформага деле барабыз, бирок азыр эмес" дегендей айтып койду. Ошондуктан менин маселем жакын арада каралчудай эмес. Президентке бул "курал" жагып жатат окшойт. Так ушул "курал" президентке башка бийлик бутактарын өзүнө баш ийдирип алганга мүмкүнчүлүк берет. Бирок бийлик бутактарындагы тең салмактуулук бузулганына байланыштуу парламентаризм да өнүкпөйт, соттор да көз каранды боюнча калат.
Мурунку президент Алмазбек Атамбаев ант кармап кызматка киришкенине туура бир ай болгондон кийин жарандык коом менен жолуккан. Ал да өкмөттүк эмес уюмдун өкүлдөрүнөн, укук коргоочулардан колдоо күтөрүн айткан. Бирок Атамбаевдин кызматтык мөөнөтү аяктап баратканда жарандык коом менен мамилеси бузулганы, белгилүү укук коргоочуларга акаарат айтканы белгилүү.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.