Премьер-министр президент менен тирешпейт

Премьер-министр Сапар Исаков өкмөттөгү 100 күндүк ишмердиги боюнча журналисттерге маалымат берип, өлкөдөгү маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен чай үстүндө баарлашты.

Исаков Баш мыйзамдын жаңы күчүнө кирген беренелери боюнча суроого жооп берип жатып президент Жээнбеков тууралуу да пикирин билдирип, аны кыраакы жана акылман адам катары баалады.

- Мен бул кишини көп жылдан бери билем. Сооронбай Шарипович менен бирге менин атам түштүктө бир нече жыл иштеген. Бул кишиге ага катары сый менен мамиле кылам, - деди Исаков.

Премьер-министр бийлик органдарынын ортосунда тең салмактын болушу өлкөнүн өнүгүшү үчүн туура чечим экенин кошумчалады.

Былтыр өзгөртүү киргизилген Конституциянын негизги беш беренеси 1-декабрда күчүнө кирген. Бул өзгөртүүлөргө ылайык, өкмөттүн ыйгарым укуктарын кеңейген эле.

Баш мыйзамдын 72-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты премьер-министрдин же биринчи вице-премьер-министрдин кызмат ордуна дайындалса, депутаттык мандаты жана добуш берүү укугу сакталат. Ошондой эле өкмөт башчы жумуштан алууну сунуш кылган министрди президент бошотпосо, премьер-министр көпчүлүк фракция лидерлери менен кеңешип, аны кызматтан өзү кетире алат.

Сапар Исаков баштаган өкмөт 25-августта бекитилген. Курамында жаш кадрлар болгон өкмөттү Исаков технократтардын өкмөтү болот билдирген.

Премьер-министр эки аялдуулукка каршы

Премьер-министр Сапар Исаков көп аял алуу демилгесин колдобойт. Бул тууралуу ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. «Мен бул көрүнүшкө терс көз караштамын. Өзүмдүн төрт кызым бар», - деди өкмөт башчысы.

Буга чейин коомчулукта эки аял алуу маселеси тууралуу талкуу күч алган. Ага мурдагы муфтий Чубак Жалилов экинчи аял алганын ачык айтып, башкаларды да үндөгөнү кошул-ташыл болгон. Ошондон улам айрым парламент депутаттары жана жарандык коом өкүлдөрү мурдагы муфтийди жоопкерчиликке чакырууну талап кылышкан.

Бул боюнча прокуратурага арыз жиберилип, ИИМ Жалилов менен эки сыйра аңгемелешүү өткөргөн.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесине ылайык, эки же андан көп аял алгандар, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аял менен чогуу жашагандар эки жылга чейин эркинен ажыратылат.

Исаков: "Центерра Голд" Кумтөрдүн 100 пайызын алууну сунуштады

Премьер-министр Сапар Исаковдун билдиргенине караганда, "Центерра Голд" компаниясынын жетекчиси Скотт Перри Кумтөрдүн 100 пайызын алууну сунуштаган. Бирок мындай учурда Кыргызстан «Центерра Голддун» курамынын чыгып кетиши керек болот.

- Биз Кумтөрдү 100 пайыз "Центеррадан" алсак болот, бирок "Центеррадагы" 26 пайызды өткөрүп беришибиз керек. Эгер мен популист болсом, дароо эле мындай сунушка макул болмокмун. Бирок учурда эксперттерге бул сунушту изилдеп көрүү боюнча тапшырма бердик, чечим кабыл алына элек. Бирок ойлонуп көрсөк Кумтөр кенинин иштешине сегиз жыл гана калды. Сегиз жылдан кийин бул кен жабылат. «Центерра» болсо башка кендерди да иштетип жатат, алардан биз дивиденд алабыз. Ошондуктан, бул чечимдин үстүнөн баарыбыз ойлонушубуз керек.

Сапар Исаков учурда «Центерра Голд» Кумтөрдөн башка Америкадагы «Томсон Гриик», Монголияда жана Түркиядагы кендерди иштетип жатканын жана дагы эки кенди сатып алууга даярдык көргөнүн эске салып, бул боюнча терең ойлонуу зарылдыгын билдирди.

Ошондой эле премьер өзү жетектеген өкмөт алгач болуп Кумтөрдө экологиялык маселелерди чечүүгө маани бергенин айтып, бул жаатта «Центерра Голд» менен экологиялык келишим түзүлгөнүн билдирди.

Исаков: Матраимовду бошотуу менен эч нерсе аяктаган жок, баары алдыда

Премьер-министр Сапар Исаков Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райымбек Матраимовду кызматтан бошотууну бул тармакты тартипке салуунун башталышы катары сыпаттады. Өкмөт башчы «ал кишини кызматтан бошотуу менен эч нерсе аяктаган жок, баары алдыда» деп билдирди. Исаков бажы тармагын иретке келтирүүнү аягына чейин жеткирүүгө убада берди.

"Раим миллион" деген лакап ат менен белгилүү болгон Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райымбек Матраимов өткөн апталарда кызматтан алынган.

Премьер-министрдин буйругунда ал "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдын" 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык иштен алынганы жазылган.

Бул беренеде “Өзгөчө тартипте кызмат ордуна дайындалган адамдар төмөнкү учурларда кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн: анын иши саясий жетекчилик тарабынан кабыл алган чечимдерге жана жүргүзүлгөн саясатка ылайык келбеген учурда” деп жазылып турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.