Гуревичтин билдирүүсү парламентте каралбай калды

Евгений Гуревич.

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитети 11-сентябрдагы отурумунда Бакиевдердин финансылык кеңешчиси болгон Евгений Гуревичтин чуулгандуу билдирүүсүн кеңейтилген курамда, башкы прокурордун жана тиешелүү укук коргоо органдарынын жетекчилеринин катышуусу менен териштирүү тууралуу чечим кабыл алды.

Башкы прокуратура буга чейин Евгений Гуревичтин билдирүүсү боюнча кызматтык иликтөө башталганын жарыялаган болчу.

Жоопсуз турган суроолор

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитети 11-сентябрдагы жыйынында Бакиевдердин финансылык кеңешчиси болгон, Кыргызстанда бир нече кылмыштар боюнча сыртынан соттолгон, азыркы учурда АКШда шарттуу түрдө кесилген Евгений Гуревичтин билдирүүсү боюнча Башкы прокуратуранын маалыматын угууну кийинкиге калтырды.

Өткүрбек Жамшитов.

Бул маселе тиешелүү комитеттин күн тартибине киргизилип, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов жыйынга келип, 2015-жылы АКШнын Алабама штатына барып, Гуревичтен кайсы прокурорлор маалымат алганы жана кийин алардын эмнеге байланышка чыкпай калганы боюнча жооп бермек. Бирок анын ордуна жыйынга башкы прокурордун басары Нурлан Дүйшөмбиев келди. Ал эмне себептен башкы прокурор жыйынга келбей калганын төмөндөгүчө түшүндүрдү:

- Урматтуу депутаттар, бүгүнкү комитеттин жыйынына башкы прокурор чакырылган, бирок анын чукул жумуштары чыгып калып келе албай калды. Ошого байланыштуу ал мени бул жакка жиберди. Негизи эле мага парламентке келип, тиешелүү суроолорго жооп берүү милдети берилген. Ошого байланыштуу коюлган маселенин алкагында Башкы прокуратуранын материалдары боюнча тиешелүү суроолорго жооп берүүгө даярмын.

Комитет төрайымы, "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Наталья Никитенко эмне себептен прокурорлордун жоопкерчилиги боюнча маанилүү маселе каралып жатканда башкы прокурор өзү жыйынга келбей койгонун айтып, мыйзамдын талабы боюнча ал өзү келип, маалымат берүүгө жана сунуштарды кабыл алууга милдеттүү экенин эскертти.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнүн финансылык кеңешчиси катары саналган Евгений Гуревич 2010-жылы Кыргызстандан 200-300 миллион доллар чыгарылып кеткенин, ал аталган акчанын дайынын билерин, керек болсо тергөө органдары менен кызматташууга даяр экенин "Азаттыкка" курган маегинде билдирген.

Гуревич: Бакиевдер 200-300 млн. доллар уурдаган. 30-август, 2018-жыл

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Гуревич: Бакиевдер 200-300 млн. доллар уурдаган

Парламенттин укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин төрайымы Наталья Никитенко маселе олуттуу экенин айтып, аны мамлекеттик деңээлде териштирүү зарылдыгын белгиледи:

- Бакиевдердин үй-бүлөсү өлкөдөн мыйзамсыз чыгарып кеткен миллиондогон доллар жөнүндө сөз болуп жатат. Бул суроого 2010-жылдан бери так жооп берилбей келген. Ошол жылдан бери биздин мамлекеттик органдар аткарып келген иштердин натыйжасы тууралуу сөз болуп жатат. Алар тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирип, ошол кездеги иштерге укуктук баа берүү үчүн мамлекеттин кызыкчылыгын эл аралык деңгээлде коргоого милдеттүү болчу. Кылмыш иштери козголгон, соттор болду, чечимдер чыгарылды. Бирок эл-журт бул боюнча толук маалымат алышы керек.

Прокурорлордун табышмактуу сапары

Евгений Гуревич 2015-жылы Кыргызстандан барган прокурорлор Алабама штатына келип, аны менен жолугуп, кызматташуу тууралуу сүйлөшүп, бирок кийин такыр байланышка чыкпай койгонун билдирген.

Башкы прокуратура териштирүү башталганын жарыялаганы менен 2015-жылы кайсы кызматкерлер Гуревич менен жолугушууга барганы жана иликтөө эмнеге токтоп калганы боюнча суроолорго жооп бере элек. Мында прокурорлор Кыргызстандан чыгарылып кеткен миллиондор боюнча көрсөтмө берүүгө даяр адам менен эмнеге кызматташуудан баш тартканы суроо жаратууда.

2011-жылдан 2015-жылга чейин башкы прокурор болуп турган Аида Салянова анын учурунда жүргөн иликтөө иштери кийин кан буугандай токтоп калган жагдай териштирилиши керек деп эсептейт:

- Гуревич айткан 200-300 миллион доллардан дагы көп акча чыгарылып кеткен болушу мүмкүн. Анткени биз бул иштерди иликтеп баштаган кезде Улуттук банктын анализи боюнча эле бир эле АУБ банкынан 240 миллион доллар баланстан акча жетишпестиги чыкканы тууралуу маалыматтар болгон. Ошондо башка банктарды да карап чыкканда чыгарылып кеткен акчанын өлчөмү бир топ көп болушу мүмкүн. Гуревичтин билдирүүсүн азыркы иштеп жаткан прокурорлор текшериши керек. Ал жакка прокурорлор баргандан кийин эмне себептен жумуштар токтоп калганы аныкталышы кажет. Анткени биз ал жактан кеткенден кийин чыгарылып кеткен акчанын дайынын издөө иштери токтоп калганын кийин билгенбиз. Бул жерде коомчулук биз баштаган иликтөө иштери эмнеге токтоп калганын билүүгө акысы бар.

Мирлан Жээнчороев.

Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев бул маселени өкмөт башчысы, башкы прокурор баш болгон жетекчилердин катышуусунда кароону сунуштап, ошондуктан аны кийинкиге жылдырууну сунуштады:

- Бул жерде Гуревич биздин мамлекеттик бюджеттин 10 пайызга чукул каражаты же болбосо 200-300 миллион доллар чыгарылып кеткени жөнүндө айтып жатат. Бул өтө чоң сумма. Ал ошол каражатты чыгарып кеткен жолдорун, каякка жайгаштырылганын жана булактарына чейин айтып берем деп жатпайбы. Бул маселе жалпы улуттук кызыкчылыктагы мамлекеттик маселе болгондуктан башкы прокурорду, каржылык полициянын, каржылык чалгын кызматынын, соттук коргоо борборунун жетекчилерин, тышкы иштер министрин жана керек болсо премьер-министрди кийинки комитет жыйынына чакырталы.

Ошентип парламенттин тиешелүү комитети кийинки жыйынга бардык чакыртыла турган мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусун камсыздоо тууралуу чечимге келди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.