Сапар Исаков ыйгарым укугун колдонобу?

Сапар Исаков.

Премьер-министр Сапар Исаков инвестициялар боюнча мамлекеттик программаны аткарбаган министрлерди кызматтан аларын эскертти. Конституциянын былтыр жыл аягында күчүнө кирген беренеси боюнча өкмөт башчынын кадр саясатын жүргүзүү укугу кеңейген.

Ага ылайык, эми премьер-министр президенттин макулдугу жок деле өкмөт мүчөлөрүн иштен бошото алат.

Кыргызстанда 2010-жылдан бери премьер-министр бир канча жолу алмашса да, алардын "ишенимден кетти" деген жүйө менен кайсы бир министрди кызматтан алган учуру дээрлик болгон эмес.

Ишин эптей албай жаткан министрлер маселеси Жогорку Кеңештин 15-февралдагы жалпы жыйынында өкмөттүн жазгы талаа жумуштарына даярдыгы каралып жатканда көтөрүлдү.

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Бахадыр Сулейманов Айыл чарба министрлиги инвестициялар боюнча мамлекеттик программаны аткара албай калганын айтты: ​

Бахадыр Сулейманов.

- Мен 2017-2020-жылдарга белгиленген айыл чарба тармагын өнүктүрүү программасын карап чыктым. Чынын айтайын, мен программанын өзүнүн маңызын таба алган жокмун. Ага 9 миллиард сом керек экен. Ошол каражат табылабы? Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, Айыл чарба министрлиги 2017-жылы 2 миллиард сомдук мамлекеттик инвестицияны өздөштүрө алган эмес. Ушундан улам, Айыл чарба министрлиги программаны аткарууга жетишеби? Эгер ал ошол эки миллиард сомду өздөштүрө албаса, анда программанын өзү эмне болот?

Премьер-министр Сапар Исаков мындай маселе бар экенин моюнуна алды. Ал депутатты "ошол министрлерге кызматтан алуу өңдүү чара көрүлөт" деп ишендирди:

Ачыгын айтайын, сөгүш, катуу сөгүш берилет. Анан ошол кемчиликтер дагы эле жоюлбаса - анда кызматынан бошотуу өңдүү чара көрүлөт.

- Бул дагы өтө татаал тема. Эки жума мурда мен бардык министрлик-мекемелердин жетекчилери менен чоң жыйын өткөрдүм. Ал жерде мамлекеттик инвестициялар программасы боюнча абал жакшы эмес. Биз эки жума ичинде терең талдайбыз, анан кемчиликтердин баарын жойгонго убакыт беребиз. Терең талдагандан кийин мен биринчи бүтүм чыгарам. Ачыгын айтайын, сөгүш, катуу сөгүш берилет. Анан ошол кемчиликтер дагы эле жоюлбаса - анда кызматынан бошотуу өңдүү чара көрүлөт. Мен муну сизге расмий айтып жатам.

Сапар Исаков парламент жыйынында Чүй облусундагы Панфилов районунун акимин иштен аларын айтты. Конституциянын былтыр жыл башынан тартып ишке кирген беренесине ылайык, өкмөт башчы акимдерди дайындайт жана иштен алат. Муну былтыр ошол кездеги өкмөт башчы, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков колдонгон болчу.

Баш мыйзам боюнча премьер-министр өкмөт мүчөлөрүн кызматтан алуу тууралуу өтүнүч келтирет. Ал өтүнүчтү президент кабыл алат же четке кагат. Баш мыйзамдын былтыр жыл этегинде күчүнө кирген беренеси боюнча, эгер президент беш күн ичинде аны жумуштан алуу тууралуу буйрук чыгарбаса, анда премьер-министр Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүккө кирген фракция лидерлери менен кеңешкенден кийин тиешелүү өкмөт мүчөсүн өз чечими менен кызматтан алат.

"Жүдөө министрлер толтура"

Эгерде өкмөттүн кадрдык курамы начар болсо - анда бул премьер-министрдин жоопкерчилиги. Мисалы, азыр жүдөө министрлер толтура. Ошолорду тазалашы керек.
Алмамбет Шыкмаматов

Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов өкмөт башчыга кадр саясатын өзү каалагандай жүргүзгөнгө шарт түзүлгөнүн кеп салды:

- Конституцияга кирген жаңы өзгөрүүлөрдүн шартына ылайык, премьер-министрдин ыйгарым укуктары күчөгөн. Президентти карап отурбай, алам деген министрин алат, коем дегенин коет. Башкача айтканда, "кадр саясатын өзү каалагандай жүргүзсүн" деп, Конституцияда ыйгарым укуктары күчөтүлгөн. Өкмөт башчынын бийлигин күчөтүүнүн маңызы ушул жерде. Азыр эми күнөөнү башка жакка оодара албайт. Иштебеген министрди кетире алат. Эч кимге көз каранды эмес. Ошентип кадр саясатына жеке өзү жооп берет. Эгерде өкмөттүн кадрдык курамы начар болсо - анда бул премьер-министрдин жоопкерчилиги. Мисалы, азыр жүдөө министрлер толтура. Ошолорду тазалашы керек.

Азыр өкмөт Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүккө кирген фракциялардын квотасы менен куралат. Мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиевдин баамында, өкмөт ынтымактуу иштеши үчүн премьер-министрдин ыйгарым укуктары кеңейгени туура:

Амангелди Муралиев.

- Өкмөттө кээде биримдик, команда болбой жатат. Өкмөт - жамааттык орган. Баары макулдашып, кол коюп, чечим кабыл алынат. Бул норма азыркы учурда өтө керек. Бул норманын "фракциялар менен кеңешүү керек" деген чектөөсү бар. Өкмөт башчы фракцияларга жүйөсүн айтып, анан бир чечимге келет. Бул норманын киргени жакшы. Өкмөт башчы министрди кызматтан алам десе, анда оор, салмактуу негиздери болушу керек. Жөн эле маанайына, кыял, көңүлүнө карап эле кызматтан ала албайт. Андайга бара албайт. Бул норма эми өкмөт мүчөлөрүн бириктириши керек. Сапар Исаков бул норманы кантип колдонорун мезгил көрсөтөт.

Жогорку Кеңештин мурдагы спикери, юрист Мукар Чолпонбаев болсо Баш мыйзамда кадр саясатына байланыштуу алешемдиктер, бири-бирине каршы келген нормалар бар деп эсептейт. Ал мунун айынан жоопкерсиздик күчөдү деген ойдо:

Мукар Чолпонбаев.

- "Парламенттик башкаруу" дегенибиз менен ага да жетише албадык. Мунун баары жоопкерсиздикке алып келип жатат. Мына, парламент Сапар Исаковду шайлап койду. Ал үчүн ким жооп берет? КСДП жооп береби же коалициялык көпчүлүк жооп береби? Бул эч жерде так көрсөтүлгөн эмес. Экинчиден, министрлер үчүн ким жооп берери да так көрсөтүлгөн эмес. Өкмөттүн ишине премьер-министр жооп берет, анын ыйгарым укуктары чоңойгон. Бирок "жооп берет" дегенден башка жоопкерчилиги каралган эмес. Ал президентке көз каранды болбогон абалга жетиши керек. "Президенттин көп ыйгарым укуктарын премьерге бердик" дегени менен президент Коопсуздук кеңешинин жетекчиси катары көп нерсени ошол жерден эле чечип жатпайбы. УКМК, сот, прокуратура президентке караштуу болгондон кийин алар премьер-министрди тоготпой коюшу толук мүмкүн болуп турат. Конституциянын ичинде бирине-бири каршы келген беренелердин айынан жанагыдай нерселер болуп жатат.

Кыргызстанда 2010-жылдан ушул кезге чейин жети өкмөт башчы алмашты. Анда премьер-министр "ишенимден кетти" деген жүйө менен кайсы бир министрди кызматтан алган учур дээрлик болгон эмес.

2016-жылы ошол кездеги өкмөт башчы Темир Сариев менен транспорт министри Аргынбек Малабаев Балыкчы-Корумду жолунун курулушу боюнча чатакташканда Сариев Малабаевди кызматтан алуу тууралуу президентке сунуш жөнөткөн. Ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев бул сунушту колдобой койгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.